Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМКнын) расмий өкүлү Рахат Сулаймановдун "Азаттыкка" билдиришинче, Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев менен анын үй-бүлөсүнүн камакка алынган мүлктөрү Кытай насыясына ЖЭБди оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында аныкталган:
- Бул факты боюнча тергөө иши жүрүп жатат. Анын алкагында Осмонбек Артыкбаевге жана анын үй-бүлөсүнө тиешелүү мүлктөр камакка алынды.
УКМКнын маалыматына караганда, Осмонбек Артыкбаевдин жеке өзүнө жана анын жакындарына таандык деп ар кандай үлгүдөгү жети автоунаа, жети турак жай, жер тилкеси, жети компаниядагы үлүш бардыгы аныкталган.
1992-жылы заводдон чыккан ГАЗ-53, «Ауди 80», акыркы жылдарда чыгарылган «Лексус-ЛХ570», «Лексус-GХ470», «Лексус-LХ470», «Лексус-GХ460», «Мерседес-Бенц-Е350» машинелери;
Бишкектин Жеңиш көчөсү -12 дарегинде жайгашкан үй, Эркиндик, 58а дарегиндеги турак жай, Аламүдүн районунун Чыңгыз Айтматов 97/4 дарегиндеги жер тилкеси ( "Азаттык" аны darek.kg системасы менен текшергенде - Байтик айылындагы Давос шаарчасындагы жер тилкелери болуп чыкты), Бишкектин Чыңгыз Айтматов 97/4, 1 дарегинде жайгашкан дүкөн, Киев көчөсү - 38 дарегиндеги имарат, Геологдор көчөсү - 28 дарегинде жайгашкан көп батирлүү турак жай, Байтик баатыр - 57 дарегиндеги имарат, Манас көчөсү, 8-үй, бешинчи батир. Мындан тышкары алардын «Ийгилик Биримдикте»,«Ак Фонд», Кыргыз-казак биргелешкен "Petroleum К & К" компаниясы, «Келечек - социалдык-экономикалык изилдөөлөр», «Лазурная гавань», «Би Воет», «Бишлонд» деп аталган жоопкерчилиги чектелген коом жана фонддордогу үлүштөрү да токтотулду.
Камакка алынган мүлктөрдүн арасына Осмонбек Артыкбаев түптөгөн, анын бир тууганы Султан Артыкбаев жетектеген "Неман-фарм" ишканасы кирген эмес.
Бул чечим тууралуу камактагы депутаттын жактоочулары жана жакындары комментарий бере элек. Жарандык активист Адил Турдукулов саясатчылардын өзүнө гана эмес, үй-бүлө мүчөлөрүнө катталган мүлктөрдүн камакка алынышын "кооптуу прецедент" деп баалап жатат:
- Артыкбаев жана анын жакындарына тиешелүү мүлктөрдү камакка алган туура эмес деген ойдомун. Анткени, Нариман Түлеевдин окуясы кайталанып жатат. Осмонбек Артыкбаев мамлекеттик кызматка келгенге чейин бизнес чөйрөсүндө жүрүп, ийгиликке жеткен ишкер. Негизги киреше булактары ошондон алынган. Өзүнө эмес, анын жакындарына тиешелүү мүлктөрдү соттун чечими менен алууга болбойт. Буга чейин бийликке умтулбай, бирок бизнестеги ийгилиги менен таанылган ишкерлер мындан кийин мамлекеттик кызматка барбай коюшу ыктымал. Камакка алынса, өзү гана эмес, мурда топтогон байлыгымды алып коет турбайбы деген коркунуч болушу ыктымал. Бул коррупцияга каршы күрөш кызматына аброй алып келбейт. Себеби, кармалган адам мамлекеттик ишти аркалаган кезде өлкөгө зыян келтирсе, алгач анын күнөөсү сотто аныкталууга тийиш. Андан кийин жалгыз өзү гана жапа чегип, туугандарына кедергиси тийбеши керек. Бул жерде Артыкбаевге тиешелүү мүлктөр гана камакка алынып, туугандарынын мүлкүнө кол салынбашы керек эле. Анткени, бул туура эмес прецедент болуп калат.
Кыргызстанда айрыкча мамлекеттик жогорку кызматта иштегендер арасында мүлктөрдү жакындарына каттаткан учурлар көп кездешет. Эмгек сиңирген юрист, парламенттин мурдагы спикери Мукар Чолпонбаев бул көрүнүш өнөкөткө айланганын айтып, коррупцияга айыпталган аткаминерлердин үй-бүлөсүнүн, туугандарынын менчиктерин камакка алууну кубаттайт:
- Мыйзамда кайсы убакта, эмнелер камакка алынары боюнча эки чоң маселе жазылган. Конфискация кыла турган оор кылмыштар болгон кезде жана жарандык доо коюлган учурда мүлктөр камакка алынат. Биздин шартта булар коррупцияга айыпталууда. Андыктан, тышкы карызыбыз 5 миллиард долларга жакындап калгандан кийин мүлктөрдү камакка алып жатышат. Анткени кийин чатак болуп кармалса, мүлктөрдү алууга аракет кылабыз деген ниетте болуп жатышкан чыгаар. Мыйзамда өзүнө тиешелүү мүлктөр камакка алынары камтылган. Экинчиси, кылмыш аркылуу табылган мүлктөр деп жазылган. Эми өзүнө тиешелүү мүлктөр боюнча биздин баарыбызда эч нерсе жок да. Ошондуктан, муну кылмыштын аракети менен табылган мүлктөр деген жерге алып барып такап жатышат. Мен муну кандайдыр бир деңгээлде туура деп эсептейм. Анткени, жашы жете элек балдары, аялы ошончолук мүлктү тапканбы же жокпу деген суроо жаралат. Үй-бүлө жөнүндөгү кодексте жубайы менен чогуу жашаган кезде алынган кандай гана мүлк болбосун, экөөнө бирдей тиешелүү экени жазылып турат. Менимче, мына ушул эки маселе боюнча булардын мүлктөрүн камакка алышты. Эгерде чындап эле кылган ишинде кылмыш далилденип калса, бул мүлктөрдүн баары кылмыш менен келген деп табылышы мүмкүн. Ошондуктан аларды алып коюуну өтө чоң мыйзам бузуу деп эсептөөгө болбойт. Сот чечими чыккандан кийин аны эсептеш керек. Кылмыш-процессуалдык кодекске ылайык, сот учурунда мүлк башкаларга тиешелүү экени далилденсе, тизмеден алынат. Демек, далилденбей калган мүлктөрдү тизмеден чыгарып коюуга мүмкүнчүлүк бар. Азыр мүлктөр алдын ала мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоо максатында камакка алынып отурат. Бул туура кадам. Ал эми мүлктөр кайдан алынганы, эмне болгонун сот далилдеп, жарандык доо кандай коюлганына жараша маселе чечилет да.
Мыйзамга ылайык, эгерде сот козголгон кылмыш ишинин алкагында Осмонбек Артыкбаевди күнөөлүү деп тапса, аталган мүлк объектилери мамлекетке өткөрүлөт. Тескерисинче, депутат соттон акталса, анын жана жакындарынын мүлктөрү камактан чыгарылат.
Жарандык активист Адил Турдукулов аткаминерлер кайсы бир кылмыш иши боюнча шектүү катары кармалып, камакка алынганда эмес, мамлекеттик кызматта отурган кезде эле аларга жана жакындарына таандык объектилер текшерилсе, азыркыдай көрүнүштөр орун албайт эле деген ойдо:
- Ооба, туугандарына каттатып коет. Бирок сотко чейин алдын ала механизмдер бар да. Декларацияны канчалык туура тапшырат же тапшырбайт. Ошону мамлекеттик кызматта отурган учурда эле тиешелүү органдар текшерип, алдын ала аракеттерди жүргүзүшү керек болчу. Аны кылбагандан кийин өзүнө катталбаган, жакындарына катталган мүлктөргө кол салбаш керек. Мисалы, анын тууганы мамлекеттик кызмат аркылуу эмес, бизнес аркылуу киреше таап жаткандыр. Негизи, муну ажырата билген оң.
Осмонбек Артыкбаев "Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо" долбоорундагы коррупцияга байланыштуу айыпталып быйыл 6-июнда кармалган. Башкы прокуратура аны 2013-жылы энергетика жана өнөр жай министри болуп турганда Кытайдын ТВЕА компаниясы менен Бишкек ЖЭБин 386 миллион долларга модернизациялоо тууралуу "Кыргызстанга ыңгайсыз шарттагы келишим түзгөн" деп айыптаган.
Учурда кылмыш ишин УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тергеп жатат. 31-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту депутаттын бөгөт чарасын карап, аны 13-октябрга чейин камакта калтырган.
Артыкбаев камакка алынганга чейин, быйыл январда ЖЭБдеги авариядан кийин ачыкка чыккан алешемдиктердин чоо-жайы талкууланган кезде "келишим түзүлүп жатканда кыргыз тараптын кызыкчылыгы жакшы корголбой калган" деген дооматтарды четке каккан. Сарпталган каражат боюнча талаш-тартышты такташ үчүн эл аралык эксперттерге кайрылууну да сунуштаган.
Ушул аптада ЖЭБдеги коррупцияга байланыштуу айыпталып, абакта отурган мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин өзүнө жана жакындарына катталган үй-мүлктөр да камакка алынган.