Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:37

Жоокер өлсө, жакындары компенсация алат


Кыргыз армиясындагы жагдайдын тегерегинде “Азаттыктын” суроолоруна парламенттин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Алмазбек Баатырбеков жооп берди.

"Азаттык": Соңку 11 ай ичинде кыргыз армиясында кызмат өтөп жаткан 21 аскер каза болгонун, көпчүлүгү өзүн өзү өлтүргөнүн укук коргоочу Азиза Абдирасулова айтып чыкты. Жогорку Кеңеш бул маселеде кандай аракеттерди көрүп жатат?

Баатырбеков: Аскердик милдетин өтөп жаткан учурда каза болгон жигиттердин ата-энелери Жогорку Кеңешке да кайрылган. Алар менен орун басарым Ирина Карамушкина өзү жолугуптур, сүйлөшүптүр. Бул маселени жакында комитеттин жыйынында карайбыз деген убадасын бериптир. Алар келген учурда мен Коргоо кеңешинин жыйынында жүргөнүмө байланыштуу жолуга албай калдым. Ата-энелердин бири телефон номурун калтырып кеткен экен, чалып байланыштым. Арыз-муңун кагазга жазып, алып келиңиз деп айттым.

"Азаттык": Кагазга жазып алып келсе эле маселе чечилеби? Алар айтып атпайбы, аскерге чакырылган балдарга мамлекет кепил болбой жатат деп...

Баатырбеков: Бул маселени туура түшүнүүгө аракет кылыш керек. Соңку 20 жылда аскер темасы аябай орчундуу болуп калды. Биздин комитеттин демилгеси менен өткөн жылдын декабрында мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. Анын жетекчилигинде Исмаил Исаков турган. Ар бир аскер кызматынын өзүнчө штабы болбой, бириккен башкы штаб болсун деген сунуш айтылган. Ал азыр ишке аша баштады. Жакында аскер полициясын түзөлү, деген сунуш болуп жатат. Бул жаатта башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын карап чыгалы, деп турабыз.

"Азаттык": Эгер сиздердин ушул демилгелер ишке ашып калса, баласы аскерде каза болгондордун талаптары орундалышы мүмкүнбү? Алар мамлекеттен компенсация сурап жатат...

Баатырбеков: Кыргызстандын мыйзамдары боюнча, эгер кызмат учурунда командирлердин, офицерлердин кыйноосунан же болбосо аскерлердин өза чырынан улам жанын кыйса, ал далилденсе, сөзсүз компенсация төлөнүп берилет.

"Азаттык": Аны кантип далилдеш мүмкүн? Көбү далилденбей жатпайбы

Баатырбеков: Далилденбей жатат дегенден алысмын. Себеби далилденген фактылар да бар. Ошолорго төлөнүп эле жатат.

"Азаттык": Мисалы, каза тапкан канча аскердин жакындарына компенсация берилди?

Баатырбеков: Азыр анык жооп бере албайм, себеби жанымда бул боюнча маалыматтар жок.

XS
SM
MD
LG