Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:46

Мезгилди жеңип өткөн Айтматов


Адамдын улуулугу ушунда: бардык жан-жаныбардын ичинен бир гана адам баласы көз ирмемди түбөлүккө айланта билет. (И. В. Гете)

Кечээгиси менен эртеңкисинин арасындагы байланыштуулукка шайкеш келүү ыгын таппай калганда, адам өзүн жоготуп коёт. Үзгүлтүксүз мезгил агымын сезип-туя албаса, ааламда адашып жүргөндөй болот.

П.Я.Чаадаев

Биз жашаган мезгил саат сайын тездеп баратат. Апкаарыткан ылдамдык өткөн доордогудан такыр башкача. Эгер күндөр, айлар, жылдар… беймарал, мелмилдеп аккан дарыяга окшогон илгерки кездеги жеке адамдын жашоосу деле эч качан бүтпөстөй сезилиши мүмкүн болсо, азыр бүтүндөй муундарга энчиленген «соңку мөөнөт» чеги улам даана туюлуп, алтымыш тамырды зыркырата шаштырат. Хронос (Мезгил кудайы) адамдын кайратын, рухий туруктуулугун болуп көрбөгөндөй катуу сынап жаткан чак. Көбүнчө биз мезгилдин улам чектелип, тарып бараткан кесиндисинин, үзүмүнүн чегиндеги (жыл, ай, күн… ичиндеги) окуяларды гана үстүрт аңдап билгенге жетишип калуудабыз.

Албетте, ушундай кыжаалат жагдайда көпчүлүгүбүз дүйнөлүк, ааламдык маанидеги маселелерди ойлогонго шайыбыз келбейт. Ошондуктан «эл катары» эле «ойлонобуз», «… деп эсептейбиз»: бүгүн бир көз карашты жактасак, эртең башка бирөөнүн бир аз кооз же «күчтүү» айтканын кайталап калуудабыз; «өз позициябызды» жаалданып жактаганда деле инерциянын эпкини менен кеткенибизди байкабайбыз. Илимий-техникалык революциянын, азыркы маалымат селинин таасири козгогон бул тенденцияны түбөлүк тургансыган СССР менен бүтүндөй социалисттик блоктун кыйроосунан кийинки социалдык-экономикалык жана рухий өзгөрүүлөр ого бетер татаалдаштырып, опурталдуу нукка салып жиберди. Жаңы геосаясий кырдаалда адамдардын мейкиндикти кабылдоо жана мезгилди сезип-туюу даремети түп-тамырынан бүлүнүп бараткансыйт.

Дал ушул күндөрдө – адамзат тарыхы окуяларга укмуштай жыш болуп, андыктан ылдамдыгы өтө тездеп кеткен мезгил чегинде – биз, ар бирибиз, кеңири жана бүтүн ой жүгүртүп, эң кыска убакыт ичинде эң туура чечим кабыл алууну үйрөнүшүбүз керек. Бул үчүн ыкчам, терең талдоо, ырааттуу, сынчыл ой жүгүртүү жөндөмүбүздү өнүктүрүшүбүз зарыл. Мүмкүн болушунча сыйымдуулукка, нускалыкка жетишүү үчүн тилибизди да өркүндөтүшүбүз керек. Мунун баарына логикалык, грамматикалык, стилистикалык ыкмаларды өздөштүрүү жана жаңыларын иштеп чыгуу аркылуу жетише алабыз. Ал эми таанып-билүүнүн синтез деңгээлине көтөрүлүш үчүн көркөм чыгармачылык тажрыйбасына кайрылсак, эстетикалык табитти өнүктүрсөк болот. Чыңгыз Айтматовдун «Кыямат» романынын поэтикалык өзгөчөлүктөрүн иликтегенде, ушундай тыянакка келген элем.

Романдын башында эле бир тал кылга асылып тургандай «опуртал учурдун» деми сезилет – «дүйнөнүн түйшүгүнө кайдыгер карап, зыңылдаган жымжырт аязга зыңкыя катып» турган ак мөңгүлүү зоокалар арасына тоңгон жымжырттыкты вертолёттун күркүрөгү бузат: «…баягы жер титирегендеги алаамат башталчудай болуп, аска-зоолор коштоп жаңырып, төбөдөн басып келаткан кайра тарткыс каардын күчү менен сүрү ошончолук үрөй учурду».

“Алаамат" - бул күркүрөгөн катуу шоокумдун таасиринен козголуп кулаган, Акбаранын туула элек бөлтүрүктөрүнө чейин жеткире катуу коркунучту пайда кылган таштар эле эмес (түйүлдүктүн алдыдагы жашоодон коркуусу Ч. Айтматовдун кийинки «Кассандра тамгасы» романына өзөк мотив болду). Роман дал ушул метафора менен башталат да, окурмандын кабатырлануусу чыгарманын соңку беттерине чейин тынчыбай, Бахтин айткандай, «аяктай элек учур чак (заман деми) менен эң тыгыз байланышуу аймагына» көңүлү топтолуп турат. Көрсө, Бостонду жазмыш алдына чөгөлөткөн апааттардын бири ушул учурга чейин эле болуптур: анын досу Эрназар Ала-Мөңгү ашуусундагы жаракага түшүп кеткенде шаардан чакырылган вертолёт ушул экен (муну окурман романдын үчүнчү бөлүгүнө жеткенде гана билет)…

Али эч нерсе боло элек, бирок Айтматов жүрөк титиреткен, шоораты эмитен эле сезилип-туюлуп жаткан шумдукту баяндаган эпизодго тезирээк жеткенге окурманды шаштыргандай. Тексттин өзүнөн озо чапкан ишараттар улам байкала берет – бизге аңгемечинин доошу эмес эле Тагдырдын, Жазмыштын эскертүүсү угулуп тургансыйт:

“…Ким билет, Теңири ылайык көрүп, канына кошо куйган бу кыялдын акыры жүрөк өйүгөн өкүнүч болор, өңүндө ишке ашпай, түшүндө гана көрүнүп, азуу жеткис арман болор...» (240-бет).

“...Агерим асманда дүйнөнү түгөл багып турган көз болсо, Моюнкум талаасында эмнелер болуп, эмне менен бүтүп жатканын толук көрмөк, бирок ал көз деле бу талаада дагы эмнелер болорун, кишилер дагы кандай шумдукту ойлор жатканын туймак эмес...” (252-бет).

Шарттуу түрдө биз "озо чабуу" деп атаган мындай автордук кыстырмалар текстте көп кездешет[1] – алар айрым эпизоддордун аягында келет, алар пейзаждык сүрөттөмөлөрдө титр сыяктуу бадырая чыга калат. Кээде болор жагдай жөнүндөгү кеп эмнени айтып койгонун өздөрү баамдабаган кейипкерлердин оозунан угулат. Мисалы, кичинекей Кенжешке аракеч «Базарбайдын:

- …Бостондун туягы сенсиңби деп туруп, үңкүргө алпарып таштайм, бөлтүрүктөргө кошулуп чоңоё бересиң… - деп айткан сөзүн да кийин эстешет кишилер» (Акбара ала качып, андан куткарыштын айласын таппай Бостон аткан октон баласы ажал тапканда).

Көңүлдү түпөйүл, катуу кыжаалат кылган сезим көбүнчө жалпы баяндын маанайынан мындай кыстырмаларсыз деле туюлуп турат. Мемиреген тынч убактын сүрөт-баянына да кризис маанайы сиңирилгендей – өтө эле тез өтүп кетет бул учур! Бактылуу, бейпил жашоо агымында жарк эте көктү жарып өтпөй калбас Жазмыштын чагылганы катылгандай...

Каарман (аны менен бирге окуянын жүрөктү опкоолжуткан жүрүшүнө аралашкан окурман дагы) жазмыш сызган чийинге улам жакындай берет. А эстутуму аны качандыр бир мезгилде болгон трагедияга кайрып барат – дал ушундайча Авдий Орто Азияга нашаачылар менен чогуу аттанарда «Жетинин бири» деген грузин балладасын эстейт. Кийин катуу сабалып, поюздан ыргытылганда, ал«кайра ... тирилип алып өмүрүнүн маңызы болгон нерселерди эстеп» жатканда (432-бет), Жаңы доордун башатына, Иса пайгамбарды өлүм жазасына тартуу үчүн Кашка-Дөбөгө айдалып бараткан жылга, айга, күнгө, саатка бара калууга, Куткаруучунун өзүн куткарууга, Ока дайрасына алып кетүүгө умтулат[2] эмеспи…

[1] «Адал ниетин ээрчип, бир кыялданганда Каар сотунун концепциясын оюна келгендей жылдырыштырып, андан оо кыйла кийин чыккан сөздү алдаганча нары сүрүп барат да, ошондогу элдин оозуна салат, ошолор Понтий Пилаттын өзүнө айтышса дейт. А чынында Пилаттын көлөкөсү азыр деле түшүп турбайбы. Болочок пилаттар азыр деле бар эмеспи! Ушинтип окуялардан озгондогу Авдий Каллистратовдун таянганы дамаамат таасирлери бар дүйнөнүн баштапкы мийзамы, ал мийзам көп учурда кийин билингени менен, жаралышы эзелтен эмеспи. Каар сотунунун идеясы да ошондой эмеспи – жер бетинде болуп жаткан адилетсиздиктин жазасы болсо деген каалоо адамзаттын өзү менен кошо жаралган эмеспи» (Чыңгыз Айтматов. “Окурмандын китеп текчеси” сериясы. 27-том. Акад. А.А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. Бишкек. “Кут-Бер” – 2017. 435-бет)
[1] «Аңгыча бир ой келди да, Устатын али да болсо куткарып калыштын жолун тапкандай болду: ар бир үйдүн терезесин каккылап: «Тургула, адамдар, балээ келатат! Убакыт барда Устатты куткарып калалы! Мен аны Россияга алып кетем, аерде, биздин Ока дайрасынын ортосунда ыйык арал бар…» - деп кыйкыра берди». (438-бет)

Куткаруу (Куткаруучу) - Библиядагы мааниси өтө терең түшүнүктөрдүн бири. Бул сөздүн тийиштүү контекстте колдонулушу окурмандын маданий эсине адамзат тарыхындагы кескин бурулушту жаңыртат.

Ал эми Айтматов жазган романдагы татаал айкалышкан жана карама-каршылыктардын укмуштай курчушу бүтүндөй Жер шарында эле эмес, Космосто, Ааламда болгон, болуп жаткан жана болушу ыктымал орчундуу нерселердин баары ар бирибизге тикелей тиешелүү экендигин эскерип тургансыйт.

Жазуучу бул түшүнүктү күтүүсүз нукта колдонуп, абдан таасирдүү метафорага айланткандыгын 1987-жылы февралда – роман жарык көргөндөн жарым жыл өткөндө – СССРдин Чоң театрында уюштурулган орустун улуу акыны А. С. Пушкинди эскерүү кечесинде окуп берген эссесинен кыйла даана түшүнөбүз:

“Дагы кайра, дайыма, ушул бирдин айында Кара-Сайдын (Черная речка) ак кары кызыл канга боёлот…

Жазмыштуу октун үнү өчөт, калдактаган каргалар кайра учуп жайланат жылаңач дарак башына…

Ажалы чукул акындын чымындай жаны чыркырап – кайра жерден көтөрүп тургандайбыз буркурап…

Абдан шашып алганбыз, кайра атты камчылып, аман-эсен сактоонун айла-амалы барчылап…

Арийне, кагылып калды коңгуроо…

Айтчу аңгеме бу күндө дагы акын жөнүндө… Бизди Пушкинден бөлүп турган бир жарым кылым чынында оңой убакыт эмес. Эгерде андан кыйла илгери Европанын кыртышында чыгармачылыгына Александр Сергеевич өзү таазим кылган Гомер, Данте, Шекспир, Гёте сыяктуу алптар, мезгил жагынан ага замандаш дегидей жакыныраак, романтикалуу Байрон жаралганын эске алсак, ошол белгилүү ысымдардын ыраатында жылдар менен кылымдарды карытып, бирин-бири алмаштырган ири коомдук өзгөрүштөр аркылуу өтүп бизге жеткен Пушкиндин бардык баскан изи, рухий гүлазыгынын бүткүл дарамети менен дареги даана билинет. Бир карасаң, дүйнө астын-үстүн түшүп, коомдун түпкүлүктүү тиректери ураган, идеологиялар менен окуулар бири-бирин жокко чыгара эрегишкен, акыры, өзү ойлоп тапкан тир укмуш ачылыштардан өзү коркуп, апкаарый, аң-сезим жарыгы жер бетинде сакталабы же Күндүн чыгып-батканы маанисин жоготуп, аалам чексиз караңгылыкка биротоло чөгөбү деген мурда эч качан болуп көрбөгөндөй каргыштуу маселеге адамзаттын акылы кептелип турган чакта ошол эзелки доорлордон эмне калмак эле дегидей…»

(Которгон Абибилла Пазылов. Цитатадагы экинчи, үчүнчү жана акыркы сүйлөмдөрдү орусчасына салыштыра редакцияладым. – Ж.Турдубаев)

...Чыңгыз Айтматов окурмандын "караламан көптүн биримин" дебей, өзү үчүн, жакындары үчүн, өз эли жана адамзат үчүн, "кечээ, он, жүз күн, жыл, кылым мурда болуп өткөн жана эртең, он, жүз жыл, кылым кийин боло турган нерселердин баары үчүн бүт бойдон жооптуу инсанмын" деп билишин көздөп, жазуучу мезгилдеги чексиздикти романдын өзөктүү идеясын кабылдоо учуруна, ушул бирдиктүү көз ирмемге имерип келип бириктирүүгө умтулган. Ушул ыңгайдан алганда, чыгармада атайын бөлө көрсөтүлгөн тарыхый синхронизм – «адам ою менен аралары жүз жылдап, миң жылдап бөлүнгөн ар кандай мезгилдерде жашай алышы» (432-бет) – бул планетардык ой жүгүртүү идеясын жайылтуудагы эң таасирдүү автор болгон Чыңгыз Айтматовдун миф-романында гениалдуу колдонулган көркөм (композициялык, метафоралык) ыкмалардын тутуму эле эмес. Бул – адам баласынын өзүн аңдап-туюусунун жапайы ойломдун примитивдүү калдыгы деп илимде бөөдө четке кагылган, тарыхый апааттардын, канды-булоон кыргындардын айынан, айрыкча – кансыз согуш мезгилинде бурмаланган эзелки, түпкүлүктүү, өзөктүү касиети. Анткени адам акылынын жүздөгөн кылымдар мурун эле жашап келген дал ушул касиетине кийин келип чыккан дүйнөлүк диндер таянган эмеспи. Алсак, франциялык чыгыш таануучу-арабист Л. Массиньон байкагандай, «исламга мезгилди ырааттуу сызык түрүндө созулуучу чоңдук эмес, жалгыз реалдуулук катары көз ирмемдерди жанаша коюп (constellation), бир убакыттагыдай кабылдоо өзгөчөлүгү бар» (Massignon L. Time in islamic Thoght// Man and time. ed. Joseph Campbell. L. 1958. P. 108).

Бул көрүнүшкө Достоевскийдин көркөм ойломундагы синтетизмди изилдеген В. В. Борисова көңүл бурган. «Библияда деле тарыхтын динамикасы статика менен алмашылат да, «болуп өткөн» иш менен «боло элек» нерсенин айырмасы дээрлик жоюлат», - деп жазган ал.

Роже Гароди таасын белгилегендей, миф – «тарыхтан чыгып кетүү өнөрү эмес, тескерисинче, тарыхтагы бөтөнчө тарыхый нерсе эмне экендигинин, адамдык демилгечил иш-аракеттин эске салынышы»

Айтматовдун романындагы тарыхый синхронизм, Курандагы көз ирмемдер жанашалыгы, Библиядагы динамиканы алмаштыруучу статика – булардын баары унуткарылып, адамзаттын рухий жашоосунан, анын жалпыга жеткиликтүү чөйрөсүнөн четтетилип, философтордун академиялык ой жүгүртүү эрмеги гана болуп калыптыр. Жазуучу жана изилдөөчүлөр ар башка өңүттөрдөн байкаган бул көрүнүштөрдүн эзелки башаты бир – чексиз терең, андыктан дайыма таанылып билине бере турган, туюнтулуш формасы жана масштабы боюнча ар түрдүү болгон Чындык экендиги да ырас. Дж. Массиньондун ислам дүйнө кабылдоосундагы мезгилдин өзгөчөлүгү жөнүндөгү тезисине таянып В. Борисова жасаган тыянак француз этнологу Клод Леви-Стросстун синхрониялык теориясына жакын. Леви-Стросс тарых илими субъективдүү келет, анткени жекече аң-сезимге жана изилдөөчү жашаган коомдук чөйрөгө өтө жакын байланышкан, «окуя кубалаган» үстүрт көз караш менен чектелген, ошондуктан көп айтылып жүрүүчү «тарыхый үзгүлтүксүздүктүн» маанисин такыр эле кетирип салат деп эсептейт. Ал эми тарыхый, «мезгилдик», диахрондук, окуялык сыпаттоого салыштырмалуу «синхрондук, түзүмдүк илимий сыпаттоо… айрым артыкчылыктарга ээ».

Леви Стростун тарыхка ушундай караган мамилесине Жан Пол Сартр катуу каршы чыккан. Ал: «…адам эң оболу дымыккан түзүмдөрдү жеңип өтүү аркылуу гана өзүн көрсөтөт; дал ушул жагын ачууга келгенде түзүмдүк-этнологиялык ык жарабайт», - деген.

Сөз соңунда Айтматовдун романына кайрылып келели. Бул чыгармадагы «бирден бир реалдуу көз ирмем» өтмүштү да, келечекти да бүт бойдон камтыйт. Адамдын тынчы жок, дилгир пейил-куюн, бирде таап, бирде адашкан, бирок дайыма изденүүдөн талбаган, Ишеним менен Шек саноонун түбөлүк тизгиндештигин танбаган Рухун кайра жаратуучу жандуу Сөздүн тынчы жок кубаттуу толкундары өтүлгөн жол тарапка да, алдыдагы сапарга да таралып турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Жолдош Турдубаев

    "Азаттыктын" блогери. Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулган. 1990-жылы Орусиянын Самара шаарындагы Пединституттун орус тили жана адабияты факультетин артыкчылыктуу диплом менен аяктаган. Адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык конкурстарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia долбоорунун алкагындагы адам укуктары боюнча макалалардын Борбордук Азия журналисттеринин арасында жарыяланган конкурстун экинчи байгесине ээ болгон.

XS
SM
MD
LG