«Нуска» китеп дүкөнүнүн жетекчиси Анархан Садыкулова Чыңгыз Айтматовдун жомоктору топтолгон китепте кандай темалар бар экенин айтып берди:
- Эки жаңы чыгармасы бар. Ошол эле учурда буга чейин башка тилде жарык көрүп, кыргыз же орус тилинде чыкпай келген жомоктору бар экен. Мага жазуучунун жубайы Мария Урматовна өзү келип айтып кетти. Мунун ичинде маңкурт тууралуу легендага басым жасалган. Анан агайдын буга чейин немис тилинде жарык көрүп, кыргыз окурмандары окуй элек жомоктору бар экен. Ал биринчи жолу орус тилине которулуптур. Жазуучунун жакындары "эми бул китеп кыргызча которулуп чыгат" дешти.
Китеп жалпы жонунан сегиз көлөмдүү жомоктон турат. Жыйнак жазуучуга чоң апасы Айымкан айтып берген "Үч жарды эже-сиңди" аттуу кадимки элдик жомок менен башталат. Андан ары "Чыпалак бала", "Бугу эне", "Карагул"," Маңкурт", "Алтынчы жана жетинчи", "Акбара" сыяктуу уламыштар кирген.
Улуу жазуучу китепке кирген жомоктордун бирин кезинде өзүнүн балдары үчүн атайын жазып берген экен. Бул тууралуу Чыңгыз Айтматов үй-музейинин адиси Гүлсайра Токтошалиева кеп салды:
- Айтматов кызы Ширинге, уулу Элдарга арнап, заманбап жомок жазып берген экен, "Портфелчен маймыл" деген. Бул жомокто башкы каармандар - Ширин менен Элдар. Жазуучу зоопаркка балдарын алып барса, балдары ал жерде темир тордо камалып турган маймылдарды аяп, алардын эркиндикте жүрүшүн каалашат. Анан жомокто эки бир тууган кароолчунун жардамы менен маймылдарды куткарышат. Бул сюжет жомокто кенен берилген.
"Портфелчен маймыл" жомогунда Айтматов өзүнүн уулу менен кызын баш каарман кылып алып, жалпы балдарга жапайы жаныбарлар адамдардын жардамы жок эле жашай ала турганын түшүндүрүп, андыктан табиятка зордук-зомбулук кылууга болбой турганын айткан.
Балдар жазуучусу Жылдыз Акаеванын айтымында, адабиятчылар арасында Чыңгыз Айтматовдун балдар адабияты жаатындагы чыгармалары анча айтылбаганы менен, залкар жазуучу бул багытта да башкаларга окшобогон көркөм мурастарды калтырган:
- "Чыпалак бала" элдик жомок эмеспи. Аны залкар талант Чыңгыз Айтматов сонун кылып өздөштүрүп, жаңылап, сюжеттин үмүт отун жандырып кайра алып чыкты. Бирок мен бир жылдары Айтматов орусиялык журналисттин: "Балдар үчүн жазган чыгармаларыңыз барбы?" деген суроосуна: "Мен балдар үчүн жазбайм. Себеби балдар адабияты башка планета", - деп жооп бергенин билем.
Акаеванын пикиринде, Айтматов "Эрте келген турналарда" өспүрүмдөрдүн ой жүгүртүүсүн, ички дүйнөсүн ачып берсе, "Атадан калган туяк", "Ак кеме", "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" сыяктуу чыгармаларынын дээрлик ар биринде балдарды каарман кылып алып, алардын жан дүйнөсүн чагылдырган.
Айтматов таануучу Айнура Кыдырмамбетова залкар жазуучу өз чыгармаларында жомокторду, легендаларды ошол сюжеттин нугуна карата жаңылап иштеп чыкканын ортого салды:
Айтматовду балдар жазуучусу деп айтканга болбойт. Бирок жазуучунун чыгармачылыгында балдар үчүн калтырган көптөгөн насааты бар.
- Негизинен Айтматовду балдар жазуучусу деп айтканга болбойт. Бирок жазуучунун чыгармачылыгында балдар үчүн калтырган көптөгөн насааты бар. Албетте, Айтматов өзүнүн бир топ чыгармаларында жомокторду кайрадан иштеп, өзүнүн көркөм элегинен өткөрүп, чыгармасынын темасына, идеясына ылайыктап иштеп чыккан. Алардын ичинен мисалы "Ак кеме" повестинде Бугу эне, Чыпалак бала тууралуу жомок бар. Мисалы, Бугу эне тууралуу жомокту балдарга окуу үчүн өз алдынча берсе болот. Ал эми Чыпалак баланы Айтматов "Ак кеме" повестининин идеясына жараша колдонгон.
Чыңгыз Айтматовдун “Уламыштар жана жомоктор” китеби жазуучунун атындагы эл аралык фонду тарабынан орус тилдүү окурмандарга тартууланды. Фонддун директору, жазуучунун уулу Элдар Айтматов жакында аталган китеп кыргыз тилинде да басылып чыгарын билдирди.