Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:48

66 жаштагы киши секелекти зордуктоого шектелүүдө


Чүй облустук милициясы өспүрүм кыздарды зордуктоого аракет кылуу боюнча эки факт катталып, шектүүлөр убактылуу камакка алынганын билдирди.

Сегиз жашар кызымды зордуктоого аракет кылды деген эне аты-жөнүн, окуя болгон айылды атабоону суранды. Анын айтымында, секелек кызы зөөкүрдүк окуяга 9-сентябрь күнү үйүнөн алыс жерде тушугуп, эптеп кутулган экен:

- Менин эки балам, кызым үйдүн жанындагы магазинге чыгат. Жолдон баратса, бул чал отуруптур. Анан балдарым улуу киши менен “салам алейкум” деп учурашат. Кызым дагы колун сунса, кел өбөйүн дептир. Кызым чоң ата катары учурашып өбөйүн десе, “жок мен сенин эриниңден өбөйүн” дептир. Анан тилин оозуна салып, колдорун ич кийимине салганда балдарым ыйлап баштаптыр. Балдарыма акырынгыла, карабагыла, силер азырынча кичинекейсиңер дептир. Анан балам жардамга деп кыйкырганда бир кыз чалдын колунан жулуп кетиптир.

Ушул окуя боюнча социалдык тармактарда тараган видеодо сегиз жашар кызды зордуктоого аракет кылган деген кишини милиция бөлүмүндө алып баратканы тартылган. Ошондой эле тасмада ал киши эч кимди зордуктоого аракет кылбаганын кыскача айтып жатат.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматында окуяга байланыштуу Кылмыш кодексинин 130-беренесинин (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракет) негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү катары Аламүдүн районунун 66 жаштагы тургуну камакка алынды.

Зордуктоого шектелген дарыгер

Буга чейин өспүрүм кызды зордуктоо аракети боюнча дагы бир факт катталган эле. Анда 12 жаштагы бейтап кызды зордуктоого аракет кылган деп шектелип жаткан 53 жаштагы жаран Кемин районуна караштуу Орловка шаарчасындагы оорукананын дарыгери экени айтылган. Өспүрүм кыздын энеси милицияга 6-сентябрь күнү кайрылган. Анын арызында дарыгер оорукананын палатасында жалгыз калган кызына келип укол сайып кеткендиги, кыймылдай албай калганда зордуктоого аракет кылганы жазылган.

Чүй облустук милициясынын маалымат катчысы Нурбек Токтосунов шектелген дарыгер тергөө иштери бүткөнгө чейин камакка алынганын билдирди:

- Бул боюнча милицияга кыздын энеси кайрылган. Арызда дарыгер оорукананын палатасында жалгыз калган кызына келип укол сайып кеткендиги белгиленген. Ошондой эле андан кийин кыймылдай албай калганда зордуктоого аракет кылганы арызда көрсөтүлгөн. Факт боюнча кылмыш иши козголду. Бардык соттук-экспертиза дайындалды.

Факт боюнча Кылмыш кодексинин 133-беренесинин (ыплас аракеттерге баруу) негизинде кылмыш иши козголгон. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги окуя боюнча атайын комиссия түзүлүп, кызматтык иликтөө жүргүзүлөөрүн маалымдашты.

Өспүрүм кыздарга карата зордуктоо аракети тууралуу удаа тараган маалыматтар социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат. Айрымдар зордукчуларга карата катаал мыйзам керек десе, кээ бири ата-энелер балдарына тыкыр көз салуусу зарыл деген пикирлерди калтырууда.

“Балдардын укугун коргоо лигасынын” директору Назгүл Турдубекова бул көйгөй менен укук коргоо органдарынан сырткары коомчулук жапа тырмак күрөшүүсү зарыл экенин белгилейт. Ошондой эле ата-энелер балдарынын коопсуздугун камсыз кылууну үйрөнүүсү керек дейт укук коргоочу:

- Балдарга кичинекей чагынан эле үйрөтүш керек. Эгерде чоочун адамдар тийишсе, кантип жардамга чакырыш керек, анын денесине башкалар тийүүгө укугу жок деп. Анан коомчулук бизде кыраакы эмес, кандайдыр бир шектүү адамды кичинекей баланын жанын көрсө, көңүл бурушпайт. Мына ушундан пайдаланып кылмыштар жазалып жатат. Коомчулук көңүл кош болуп жатат.

Назгүл Турдубекова.
Назгүл Турдубекова.

Расмий маалыматтар боюнча балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөн учурлар былтыркыга салыштырмалуу дээрлик эки эсе көбөйдү. 2016-жылы балдарга карата жасалган 400дөй кылмыш катталса, анын 30дан ашууну сексуалдык мүнөздө болгон. Быйыл жарым жылда эле 400дөн ашык кылмыш катталып, анын 50дөн ашыгы сексуалдык мүнөздө экени кабарланды.

Кыргызстанда балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөн кылмышкерлердин жазасын күчөтүү боюнча Жогорку Кеңеште депутаттар тобу мыйзам долбоорун иштеп чыгып, парламентте каралып жатат. Кыргызстандын Акыйкатчы институту дагы Кылмыш кодексине жана Кылмыш-жаза кодексине сунушталган бул өзгөртүүлөрдү колдой турганын билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG