Кыргызстан Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскердик машыгууларын өз аймагында өткөрүүдөн баш тартканын жарыялады. Аскердик машыгуулар ушул жылдын октябрында өтмөк. Коргоо министрлиги бул чечим мурда эле кабыл алынганын билдирип жатат. Ага чейин Ереванда кыргыз дипломаттары аталган уюмдун уставдык документтерине толуктоо киргизүүнү сунуштады. Бирок анын мазмуну ачыктала элек.
ЖККУнун жетекчилиги Бишкектин чечими жана сунушу тууралуу комментарий бере элек.
Коргоо министрлиги таркаткан маалыматта « 2022-жылдын октябрында Кыргызстандын аймагында өткөрүү мерчемделген Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун бейпилдик күчтөрүнүн «Бузулбас достук – 2022» командалык-штабдык машыгууларын өткөрбөө чечими кабыл алынды» деп жазылган.
«Ооба, токтотулду. Коргоо министрлигинин жетекчилиги тарабынан машыгууларды өткөрбөө жөнүндө чечим кабыл алынды. Машыгуулар 10-октябрдан 14-октябрга чейин болушу керек болчу, ачылышы эртең башталмак. Негизи, бул чечим бүгүн эле кабыл алынган жок да. Чечим кабыл алынган болчу, расмий түрдө бүгүн жарыялап жатабыз», - деп билдирди министрликтин маалымат кызматынын өкүлү Толкунжан Райымжанов.
1992-жылы түзүлгөн Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Кыргызстан, Казакстан, Армения, Беларус, Тажикстан жана Орусия кирет.
Кыргызстандын коргоо министринин мурунку орун басары, аскердик эксперт Мурат Бейшенов уюмдун ичиндеги өлкөлөр кагылышып жаткан маалда биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү чеки болмок деген пикирде. Ал сентябрдын ортосунда болгон кыргыз-тажик кагылышынан кийинки мамиле Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун беделине оор сокку урганын, машыгууларды токтотуу тууралуу чечим туура болгонун белгиледи:
«Менимче, Жамааттык коопсуздук келишими уюму Кыргызстан менен Тажикстандын окуясы боюнча кандайдыр бир реакция жасашы керек болчу. Бирок, уюмдун баш катчысы Станислав Застан да, мүчө өлкөлөрдөн да реакция болгон жок. Министрлер кабинетинин төрагасы Жапаров Засты кабыл алып, пикирин муздак билдирди. Баткенде 63 жараныбыз курман болуп жатса, кайсы арыбызга машыгууларды өткөрөбүз? Орусия Украина менен согушуп жатат, Казакстан арсар болуп турат, Армения нааразы, бул жакта Кыргызстан менен Тажикстан кагылышып жатат. ЖККУ азыр цугцванг (шахмат жана шашка оюндарындагы жүрүш) абалында турат. Андыктан, жаңы дем киргизүү үчүн башка бир айла табыш керек. Казакстанда өткөн машыгууларга да Кыргызстандан офицерлердин ыкчам тобу эле барды. Биз азыр Балыкчыда учактар, атайын аскерлер менен биргелешкен машыгууларды өткөрүп кирсек, эл эмне дейт? «Силер эмне кылып жүрөсүңөр, бул жакты коргобойсуңарбы» деп айтышат. Ошондуктан, бул чечимди туура деп эсептейм».
7-октябрь күнү аталган ЖККУнун Ереванда өткөн тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын кеңешме жыйынында кыргыз тарап уюмдун уставына толуктоо киргизүүнү сунуштады. Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев анда «Тажикстандын Кыргызстанга карата аскердик агрессиясы тууралуу» маалымат берген.
«Ниязалиев мындан ары куралдуу кол салууга жол бербөө жана бардык келишпестиктерди ортодогу келишимдин жана уставдын негизинде тынч чечүү үчүн уюм ичинде механизмдерди тез арада ишке киргизүүгө чакырды. Ушул жаатта биргелешкен билдирүү кабыл алуу жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун уставдык документтерине толуктоо киргизүү сунушталды», - деп айтылат Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта.
Кыргызстан сунуштаган толуктоолордо кандай маселе камтылганы айтыла элек. Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун механизмдерин ишке киргизүүнү ыкчамдатуу тууралуу пикирин Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев да 4-октябрда Бишкекте аталган уюмдун баш катчысы Станислав Зась менен жолугушканда билдирген.
Эл аралык мамилелер боюнча талдоочу Марс Сариев иш жүзүндө Орусия башкарган Жамааттык коопсуздук келишими уюму терең кризиске батты деп эсептейт.
«ЖККУ иштебей атат, натыйжалуу болбой калды. Уюм иш жүзүндө бузулуп бара жаткан абалда десек болот. Анткени, ЖККУнун мүчөсү Орусия Украина менен согушуп жатат, уюмга кирген Армения Азербайжан менен согушуп жатат, бул жакта эки мүчөсү - Кыргызстан менен Тажикстан бири-бири менен согушуп атат. Бул ЖККУнун иш жүзүндө дискредитация болушу да. Ачык айтканда ЖККУну Кремль башкарарын баары сонун түшүнөт. Баарын колго ала албаганы үчүн ушундай кризис болуп, туура эмес кетти деп ойлойм. Кремль азыр чоң ката кетирүүдө. Украинадан, Кавказдан утулуп, Борбор Азиядагы Орусияга эң жакын мамлекет болгон Кыргызстанды жоготуу алдында турат».
7-октябрда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Санкт-Петербург шаарында өткөн бейформал саммитине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров барган жок. Бул жыйын Орусия президенти Владимир Путиндин туулган күнүнө жана 70 жылдык мааракесине туш келген. Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Жапаровдун аталган жыйынга катышпаган себебин анын иш жадыбалы менен байланыштырды.
Ага чейин Путин тажик президенти Эмомали Рахмонго «аймактык коопсуздукту камсыздаганы үчүн» деген себеп менен орден ыйгарып, анын мындай кадамы Кыргызстанда катуу сынга кабылган. 5-октябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Путиндин Рахмонду сыйлаганын сындаган билдирүү тараткан. Мындан улам кыргыз-тажик Тышкы иштер министрликтери бири-бирине нота тапшырды. Эки өлкөнүн мамилеси акыркы чек арадагы кагылышуудан кийин оор болуп турат.
Быйыл 14-16-сентябрдагы Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы каргашада Кыргызстан 63 жаранынан айрылды, алардын 40ы аскер кызматкерлери.
Расмий Бишкек муну Тажикстандын “куралдуу кол салуусу, агрессиясы” катары баалап, буга далил документтер бар экенин жарыялаган. Дүйшөмбү күнөөнү кыргыз тарапка оодарууда.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги быйыл чек арадагы окуяларда 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып 74 кишинин тизмесин жарыялаган. Бирок маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда.