Сурамжылоого катышкан акын-жазуучулар, адабиятчылар бир ооздон биздин коом бардык жагынан (мейли экономикалык жактан болсун, мейли искусство жаатында, же башка жагынан болсун) деградацияга баратканын билдиришти. Алар калктын басымдуу катмары күнүмдүк кара курсактын камын ойлоо менен гана алектенип калганын, андыктан искусствого, адабиятка кызыккан, китепкөй муунду тарбиялап чыкпаса, эртеңибиз бүдөмүк экенин, мамлекетти маданият, адабият гана сактап каларына ишенишерин айтышты.
Жазуучу, адабиятчы Дүйшөн Керимов союз тарагандан баштап жалаң эле Жазуучулар уюму эмес, сүрөтчүлөр, композиторлор уюмдары да кароосуз калганына кейиди:
«Рынок экономикасы жашообузга кирди. Ал ар ким өзүнүн жанын багышы керек экенин түшүндүрөт. 70 жыл союздун бакмасына айланып калган жазуучулар эч нерсеге жөндөмсүз болуп калды. Жазуучулар союзун коомдон бөлүп кароого болбойт. Коомдо туруктуу программа, идеология жоктугунан улам чыгармачыл адамдарга такыр көңүл бурулбай, руханий ачкалык башталды. Жазуучулар союзунун кээ бир мүчөлөрү жарыбаган мүчөлүк акысын да төлөбөй качып жүргөндөрү бар. Анткени пенсияда болсо пенсиясы аз, иштесе айлыктары аз. Жан багыш керек да. Адабиятыбыздын ишпалдасы чыкты. Убагында Жазуучулар союзу «Манасты», Айтматовду жараткан. Азыр калемгерлер таптакыр кымгуут, сабатсыз. Алды туңгуюк системага айланды».
Дүйшөн Керимов өз сөзүндө Жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбековду союздун үнүн президентке жеткирүүгө үндөдү:
«Наам, орден бергендин ордуна жазуучулардын китебин чыгарып бергени жакшы эмеспи. Ошондо стимул болмок, ар бир жазуучуда жоопкерчилик пайда болмок. Мисалы, коңшу Өзбекстан, Тажикстан жазуучуларына гонорар берет, а бизде нөл. Бир китеп адамды тарбиялайт. Китеп - адамдын турмушу. Азыр биз намыстуу адамды кайгыга сала турган коомдо жашап жатабыз».
Советтер Союзунун убагындагыдай Жазуучулар союзу эч качан болбой турганын эске салган журналист, публицист, Айтматов таануучу Эсенбай Нурушев ал кезде жазуучуларды бир максатка бириктирип турган идеология болгонуна көңүл бурду:
«Азыр капитализм доорунда Айтматовдой бирөө чыгышы күмөн. Жазуучулардын башы бирикпей, ар ким өз арбайын согуп өз алдынча оокатын кыла берет. Коңшулаш өзбек, казактардай кылып бир журнал, газета чыгарып аздыр-көптүр гонорар төлөп турушса азыркы бийликтин жазуучуларга жасаган жакшылыгы болмок».
Акын Максат Жангазиевдин пикиринде адабиятка талап коюлуп китеп окулуп турганда, жазуучулар да мыкты чыгармаларды чоң жоопкерчилик менен жазышарына басым жасады. Ал адамдардын китеп окубастыгы доордун өзүнчө оорусу экендигине токтолду:
«Биз 2019-жылы Нурлан Калыбеков менен Азербайжанга биринчи жолу чыгармачыл сапарга бардык. Алардын китепканалары, Маданият министрлигинин имараты, жазуучуларынын имараты, кадимки чоң мекемедей, ичинде иштеген адамдарынын аткара турган максаттары бар. Ал эми бизде болсо чыгармачылык менен алектенейин десе, үй-бүлөсү ачка калат, жазбай коёюн десе жан дүйнөсү тынчтык бербейт. Эмне кылышы керек?!»
Жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков азыркы заман маалыматтын, Интернеттин заманы экенин эске салды. Анын баамында, Советтер Союзу адам тарбиялоого басым жасаса, учурда мамлекет маалымат жеткирүү менен гана алектенүүдө.
«Азыр мамлекетке, партияларга адабият керекпи? Жок да! - деп кейиштүү күрсүндү ал. - Азыр эмне көп? Союз көп. Жазуучулардын эле түрдүү союздары бар. Эки-үч киши чогулуп бир нерсе ача коюп, чыгармачылыгын жасап жатышат. Анын баарын ким көзөмөлгө алат? Алар да жанын багышы керек. А бизде улуттук деген статус бар, бирок статусу болгон менен юридикалык күчкө ээ эмес. Жазуучуларга камкордук болгондо алар жанын, үй-бүлөсүн багам деп чайналбай гонорар алып жакшы чыгарма жаратууга аракет кылышмак да. Ошого карабай ар ким өз деңгээлине, шартына жараша поэзия, проза жазып жатат».
Жазуучулар союзу коомдук уюм деп аталып, мамлекеттин казынасынан эч кандай каражат бөлүнбөйт. Имараты президент менен өкмөттүн иш башкармалыгына карайт. Анын ижара акысы үчүн (энергия, коммуналдык кызматтар ж.б.) карызы 1 457 804 сомду түзөт. Учурда 630 мүчөсү бар.