Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:53

Апта: Кумтөрдө мөңгү талкаланды, Путин Трампты мактады


Кумтөрдөгү талкаланган мөңгү.
Кумтөрдөгү талкаланган мөңгү.

Узап бараткан жуманын урунттуу окуяларына сереп.

Жогорку Кеңештеги агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет үчүнчү окууда жактырып, парламенттин жалпы жыйынына жөнөткөн Суу кодексине киргизилчү өзгөртүүлөр кызуу талкууланууда. Аны менен кошо Кумтөр кениндеги экологиялык маселелер кайрадан көтөрүлдү.

Өкмөт иштеп чыккан мыйзам долбоору парламенттен колдоо тапса, Кумтөр кенин иштеткен канадалык "Центерра Голд" компаниясы Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн жылдырып, тоскоолдуксуз казуу иштерин уланта алат.

Парламенттин тармактык комитетинин төрагасы Айтмамат Назаровдун айтканына караганда,биринчи мыйзам долбоорунда эгерде стратегиялык маанидеги ишкана бар болсо, мөңгүнү жылдырууга уруксат берилет деп жазылган. Бирок экинчи окууда ал өзгөртүлүп, бул норма Давыдов менен Лысый мөңгүсүнө гана тиешелүү деп кабыл алынган.

Парламенттин колунда турган мыйзам долбоору экологдордун кескин реакциясын пайда кылды. Эколог Калия Молдогазиеванын пикиринде, сунушталган мыйзам кабыл алынса, кен ачылгандан берки экологиялык зыянды эч ким мойнуна албайт:

- Биз, албетте, Кумтөрдүн иштешине каршы эмеспиз. Мейли 2026-жылга чейин иштей берсин, бирок экологиялык зыянга компенсациясын төлөп койсун. Биз болсо азыр бул мыйзам менен аларды жоопкерчиликтен кутулууга шарт түзүп, зыянды калыбына келтирбөөгө жол берип жатабыз.

Депутат Назаров 10-ноябрда өткөн коомдук талкууда жаңы мыйзам буга чейинки экологиялык зыянга жайылтылбай тургандыгын бышыктады.

"​Давыдов менен Лысыйдын буга чейинки жок болуп кеткен бөлүгүнө бул мыйзам тиешелүү эмес деп жазылган. Буга чейинки талкаланып кеткен, келтирилген зыянды, экологиялык чыгымга ким күнөөлүү болсо ошолор жооп бериши керек деп жазылган" - деди өзү жетектеген комитетте мыйзам долбоорун үчүнчү жолу талкуулаган эл өкүлү.

2015-жылы парламентте бул мыйзам долбоору талкууланып жатканда “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Өмүрбек Текебаев Суу кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөр алтын казган компанияларга мөңгүлөрдү талкалоого жол ачат деп, кыргыз өкмөтүн сындаган. Ал маалда мыйзам долбоору парламентте катуу сынга кабылып, өкмөт артка чакыртып алган.

Ушул жылдын сентябрында кыргыз өкмөтү Кумтөр алтын кенин иштеткен "Центерра Голд" компаниясы менен экологиялык жаңы макулдашууга кол койгон. Канадалык компания айлана-чөйрөнү коргоого төлөмдөрдү көбөйтүүгө, ал эми кыргыз тарап буга чейин "Центтерага" койгон экологиялык доолордон баш тартууга макул болгон.

Мөңгү мыйзамына каршы акция өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:47 0:00

Жарандык активисттер алтын казууну токтотуп, жаратылышты сактап калууну бийликтен талап кылып акцияга чыгышты. Бишкекте өткөн коомдук талкууда өкмөттү мыйзам долбоорун кайра чакыртып алууга үндөштү.

Ага катышкан вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Жогорку Кеңеш менен Жогорку Соттун Кумтөр кенинде ишти үзгүлтүксүз камсыздоо жөнүндө чечими бардыгын отургандарга эскертти. Давыдов менен Лысый жылып, эрип отуруп, "20-30% гана калганын" белгилеген өкмөт өкүлү бул өлкөдөгү жалпы мөңгүнүн 0,11% гана түзүп, суунун балансына таасир этпейт турганын түшүндүрдү.

Чыр ээрчиткен мөңгү мыйзамы
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00

10-ноябрда Бишкекте өткөн коомдук талкууда “Кумтөр голд компани” ишканасынын башкармалыгынын мүчөсү Дүйшөн Касенов мыйзам кабыл алынбаса, кандай кесепеттери болорун эскертти. "Эң башкысы мөңгүлөр жылып отуруп борбордук карьерди толтуруп таштайт, анын айынан кенге барчу жол бүтөлөт. Ошондой эле иштеген кызматкерлердин өмүрүнө коркунуч туулат. Эгерде кыска мөөнөткө эле Кумтөрдүн ишин токтотсо аны кайра иштеткенге эле 150-160 млн доллар керектелет. Бул чыгымдар үчүн жоопкерчиликти кыргыз өкмөтү алат. Мындайча айтканда, Кумтөрдүн эки айлык акчасы ишканадагы шаймандарды бир өчүрүп, кайра күйгүзгөнгө эле кетип калат".

Экономикалык жагын алганда эле 169 тонна алтын мөңгү астында калат, 5 миң киши жумушун жоготот, мамлекеттин казынасы 251 миллион доллардан ажырайт – деп санады "Кумтөр Голд компанинин" өкүлү.

Чехиялык гидрогеолог, 12 жылдан бери Кыргызстандын мөңгүлөрүн изилдөөгө катышып жүргөн Михал Черный "Азаттык" радиосуна курган маегинде​ Кумтөрдү азыр токтотуп салуу туура эмес чечим болорун айтты. "Кыргыз өкмөтү жана эл аралык уюмдардын, адистердин тыкыр көзөмөлүндө иштетилсе кендин экологиялык таасирин азайтса болот" - деген эксперт Кыргызстандагы жалпы эле мөңгүлөрдү коргоону күчөтүүгө кеңеш берет. ​

11-сентябрда кыргыз өкмөтү менен «Центерра Голд» компаниясы айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча макулдашууга кол койгон.

Өкмөт келишимдеги башкы жетишкендик катары негизги төрт нерсени атаган. "Центерра Голд" Кыргызстанда түзүлүп жаткан Жаратылышты өнүктүрүү фондуна бир жолку төлөм иретинде 50 млн доллар которууга макул болгон. Бул каражатты Ысык-Көл облусундагы экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө жумшоо каралган. Аны менен бирге жыл сайын экологияга төлөнүүчү акча 310 миң доллардан 3 миллион долларга чейин жогорулайт. Кендин ордун калыбына келтирүү фондунун каражаты 69 миллион долларды түзөт. Ал жыл сайын 6 млн доллар болуп көбөйөт.

Былтыр Бишкектин райондор аралык соту Кумтөрдү иштетүүдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелери сакталбады деген доону канааттандырып, канадалык компанияны 7 миллиард сомго жакын айыппул төлөп берүүгө милдеттендирген. Буга жооп катары "Центерра Голд" экологиялык зыян боюнча доону эл аралык арбитраж аркылуу чечүүнү көздөп жатканы кабарланган.

Макулдашууга кол коюлгандан кийин премьер-министр Сапар Исаков өкмөт менен канадалык компания “Кумтөр” долбоорун ишке ашыруунун жаңы этабына өткөнүн, андагы негизги приоритет экология, социалдык өнөктөштүктү кеңейтүү жана инвестиция деп билдирген.

Кумтөрдөгү эрип бараткан мөңгү

Сталиндик репрессия курмандыктары эскерилди

Постсоветтик аймактагы айрым мамлекеттерде сталиндик репрессиялардын 80 жылдыгы белгиленип, кандуу замандын курмандыктары эскерилди. 7-8-ноябрда мындай иш-чаралар Бишкектин сыртындагы “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде жана жер-жерлерде уюштурулуп, эл аралык илимий жыйындар өттү. 1937-1938-жылдары массалык атууга кеткен мурдагы жетекчи, интеллигенция өкүлдөрүнүн бала-бакырасы, санаалаштар, интеллектуалдар чогулуп, кандуу жылдарды эскерди.

"Эл душманы" жарлыгы тагылып, 1938-жылы 5-7-8-ноябрь күндөрү атылгандардын арасында Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов баштаган 137 интеллигенция өкүлү болгон. Чоң-Таш айылына жакын жердеги чуңкурга чогуу көмүлгөндөрдүн сөөктөрү 1991-жылы табылып, ал жай «Ата-Бейит» мемориалдык комплекси деп аталган.

"Ата Бейит"
"Ата Бейит"

Илимпоздордун баасында сталиндик репрессиялардын чыныгы масштабы изилденип, тарыхтын актай барактары ачылгыча дагы бир топ эмгек керек. Тарыхчы Аида Кубатованын баасында “массалык террордун” жашыруун архивдери толук ачыла элек. Кыргызстандын өзүндө эле 40 миңге жакын адам репрессияланган деп айтылат. КГБнын архивине кирип изилдеген Болот Абдрахманов 22 миңге чукул кишинин иштери ачык чыкты деп айткан. Тарыхчылар бүгүн дагы жаңы ысымдар табылып жатканын белгилешет.

Бишкекте өткөн "Сталиндик репрессиянын күнөөсүз курмандыктары элдин эсинде" деген аталган эл аралык илимий жыйында Казакстан, Өзбекстан, Орусиядан келген окумуштуулар бул жаатта биргелешип, комплекстүү изилдөөлөрдү жүргүзүүнү сунушташты.

Өзбекстандан келген тарых илимдеринин доктору, профессор Рустам Шамшидинов "Калкка жашыруун документтерди биргеликте издеп, табышыбыз керек. Мен мисалы Москванын бир топ архивинде болдум. Анын ичинде Федералдык коопсуздук кызматынын, Украинанын, Кавказдын, Сибирдин архивдеринде атууга кеткендердин арасынан өзбек, кыргыз, түркмөн улутундагылардын маалыматтарын таптым" - деп кесиптештерине кайрылды. ​Окумуштуу Ташкенттин өзүндө эле 1936-жылдын 4-16-октябрында НКВДнын желдеттери 500 кишини атууга кетирген фактыны белгиледи.

Сталиндик репрессия курмандыктарына 80 жыл
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:08 0:00

Репрессия курмандыктарынын 80 жылдыгынын алдында президент Алмазбек Атамбаев мурда Октябрь революциясынын жеңиш күнү деп майрамдалып келген 7-8-ноябрь күндөрүн “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү” деп жарыялоого жарлык чыгарды.

30-октябрда Москвада саясий репрессиялардын курмандыктарына арналган эстелик ачылды. Айрымдар Кремл тарыхтын кандуу жылдарына татыктуу бааны кечиктирип берди дешсе, Орусияда мындай эстеликти тургузууну эрте деп санагандар да чыкты.

Муну азыркы орус бийлигинин "эки жүздүүлүгү" деп баалагандардын бири Москвадан тарых илимдеринин кандидаты Никита Соколов. "Бир жагынан куугунтук курмандыктарына эстелик ачышат, экинчи жагынан режимге каршы болгондордун, большевиктерге каршы күрөшкөндөрдүн чындыгын кабыл алышпайт" - деди "Азаттыктын" талкуусунда тарыхчы илимпоз.

Пью Ресерч борборунун (Pew Reseracg Center) жаңы изилдөөсүнө ылайык, орусиялыктардын 60% Сталинге оң маанайда карашат. Репрессия фактылары ачыкка чыгып жатканына карабай, мезгил-мезгили менен сталиндик доорду актаган демилгелер Кыргызстанда дагы көтөрүлүп калат.

Тарых илимдеринин доктору, профессор Тынчтыкбек Чоротегин “азыркы муундар мурдагы сталиндик тоталитардык доордун ачуу чындык камтылган барактарын таамай үйрөнсө, анда ошондой доорду кайталабаш үчүн коомубузду алдын ала руханий эмдөөдөн өткөргөнгө тете асыл иш аткараары шексиз” деп жазат.

Унутулган революция, эстен кеткис репрессия
please wait

No media source currently available

0:00 0:31:17 0:00

Тарыхый маалыматтарга караганда, 1937-38-жылдары СССРде ар кыл саясий себептерге таяп 681 692 кишини атууга кеткен. Ал эми “антисоветтик” иш-аракети үчүн делип камалгандардын саны 1 жарым миллионду түзгөн. Жалпысынан СССРдеги большевиктик жазалоолор бери дегенде 12 жарым миллион кишинин тагдырына балта чапкан дешет.

Трамптын Азия сапары уланууда

3-ноябрда Азияга аттанган Трамптын 12 күндүк визити континенттеги беш өлкөнү камтыйт. Азия турнесинде эки маселе – Пхеньяндын атомдук жана ракета программалары менен соода эрежелери сүйлөшүүлөрдүн көңүл чордонунда болууда. Бул соңку 25 жыл ичинде америкалык лидердин Азияга жасаган эң узак сапары болуп калмакчы.

6-ноябрда Токиодо жапон өкмөт башчысы Синзо Абе менен сүйлөшүүлөрдөн кийин Трамп Пхеньяндын “кооптуу агрессиясына” туруштук берүүдө Вашингтон менен Токио биргелешип иштешерин” айтты.

Эки өлкө ортосунда коопсуздук боюнча 1960-жылы кол коюлган келишим бар. Ага ылайык, кокус Жапонияга кол салынса, АКШ аны коргоого милдеттүү. Күн чыгыш өлкөсүндө жалпысынан 80 миңдей америкалык аскерлер жайгашкан.

Синзо Абэ Токио Пхеньян боюнча “бардык варианттарды” караган Трамптын позициясын колдоорун, бул маселеде эки тарап “100% бирге турат" деп билдирди.

Трамп буга чейин АКШ менен Жапониянын өз ара соодасын “адилетсиз, ачык эмес” деп сындаган. Кытайдан кийинки экинчи ири өнөктөшү менен АКШнын жылдык соода көлөмү 200 миллиард доллардын тегерегинде.

7-ноябрда Түштүк Кореяга сапарын улаган америкалык лидер Сеулда сүйлөгөн сөзүндө Түндүк Кореяны өзөктүк амбициясын ооздуктап, сүйлөшүүгө келүүгө чакырды. Associated Press Трамптын сөзү жумшарып калганын жазып чыкты. Жакында эле Трамп Пхеньянга катуу эскертүү берген.

9-ноябрда АКШ президенти Дональд Трамп Бээжиндеги жолугушууда Түндүк Кореянын өзөктүк маселесин көтөрүп, дүйнөдөгү эки ири экономиканын ортосундагы соодада Кытай артыкчылыкка ээ экендигин белгиледи. Америкалык лидер бул үчүн Бээжинди эмес, Вашингтон администрациясынын мурдагы жетекчилерин айыптады.

Үч күндүк мамлекеттик визити учурунда Кытайды Түндүк Кореянын өзөктүк курал программасы боюнча маселени жөнгө салууда таасир көрсөтүүгө чакырды. “Силердин президент катуу киришсе, ал чечет, буга күмөн жок” – деди Трамп.

Трамп Кытайды мактады
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:59 0:00

Пхеньяндын авторитардык режими тышкы соода-сатыктын 90% Кытай менен жүргүзөт. Быйыл сентябрда БУУнун Коопсуздук кеңеши АКШнын демилгеси менен Түндүк Кореяга каршы экономикалык санкцияларды мурдагыдан катаалданткан болчу.

Бээжинде эки лидердин жолугушуусунан кийин 250 миллиард доллардык коммерциялык келишимдерге кол коюлду.

Си Цзинпин “Кытайдын кызматташтык эшиги улам чоң ачыла берерин" айтты. “Чет элдик компаниялардын, алардын ичинде америкалык ишканалардын инвестициясына бизнес чөйрө ачык-айкын болот жана стандартташат” – деп ишендирди.

Бээжиндин эсебинде, өткөн айда эле эки өлкө ортосундагы сооданын көлөмү 26,6 млрд долларды түзгөн. Бирок экспорт жагынан Кытай үстөмдүк кылгандыктан эки тараптуу соодада АКШ үчүн ири таңкыстык бар.

Жума күнү Вьетнамдын Дананг шаарында Азия - Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун жыйыны башталды. Ага катышып сөз сүйлөгөн АКШ президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттар "адилет жана тең укуктуу" соода саясатын жүргүзүүнү талап кыларын айтты.

Ал эми Кытай лидери Си Цзинпин глобалдаштырууну колдоп, "биз регионалдык кызматташууну чогуу өнүктүрүшүбүз керекпи же ар кимибиз өз жолубузду тандайбызбы?" деди саммитке катышып жаткан лидерлерге кайрылып. Эми Кытай базарына кирүү жеңилдетилээрин жана бардык чет элдик бизнеске бирдей мамиле болоруна токтолду.

Азия - Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмуна 21 мамлекет кирет. Аларга дүйнөнүн ички дүң өндүрүмүнүн 60% туура келет.

Вьетнамдагы саммит маалында президент Трамп менен Орусиянын лидери Путин кол алышып учурашты. Кремлдин сайтында эки лидердин биргелешкен билдирүүсү жарыяланды. Анда Путин жана Трамп Cириядагы "Ислам мамлекети" террордук тобуна сокку урууда чечкиндүүлүгүн бышыкташты” деп айтылат.

Владимир Путин менен Дональд Трамп.
Владимир Путин менен Дональд Трамп.

Вьетнамдагы саммит аяктаган соң Путин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, америкалык кесиптеши тууралуу суроого дагы жооп берди. ​"Биздин ортобузда кадимкидей эле диалог бар. Тилекке каршы убакыт аз болгондуктан биздин алакаларды комплекстүү түрдө ийне-жибине чейин сүйлөшүүгө мүмкүн болбой жатат. Иш жүзүндо токтоп калган коопсуздук, экономикалык мамилелер боюнча сүйлөшчү жагдайлар бар" - деген Путин америкалык президентке "тарбиялуу, баарлашууга ыңгайлуу адам" деп баа берди.

Ошондой эле орусиялык Russia Today каналын АКШда чет элдик агент деп каттоо тууралуу америкалыктардын талабына "Кошмо Штаттарда биздин маалымат каражаттарыбызга чабуул коюу - сөз эркиндигине чабуул экени талашсыз" – деди.

Трамптын мурдагы жардамчысы Манафортко тагылган Орусия менен байланышкан айыпттоону дагы комментарийлеп, “Украинанын мурдагы президенти Янукович менен иштешсе, анын Орусияга кандай тиешеси бардыгын түшүнбөй” турганын айтты.

АКШ – Орусия лидерлери буга чейин көзмө-көз быйыл июлда “Чоң жетинин” Германиядагы саммити учурунда гана жолуккан.

Трамп сапарынын соңунда, 13-ноябрда Филиппиндин баш калаасында Түштүк-Чыгыш Азия ассоциациясынын лидерлеринин жыйынына катышмакчы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG