Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:50

Кесиптик кошуундагы кош бийлик


Мирбек Асанакунов жана Сагынбек Бозгумбаев.
Мирбек Асанакунов жана Сагынбек Бозгумбаев.

Кесиптик кошуундар федерациясынын өкүлдөрү 25-декабрда Бишкекте эки жерде эки башка жыйын өткөрүп, эки жетекчи шайлашты.

Бирок эки башка өткөн жыйындын кайсынысы мыйзамдуу экени, шайланган эки жетекчинин кимиси уюмду жетектей турганы белгисиз.

25-декабрда «Акипресс» маалымат агенттигинде өзүн Кесиптик кошуундар федерациясынын жаңы шайланган төрагасы катары тааныштырган Сагынбек Бозгунбаев баштаган беш киши басма сөз жыйынын өткөрдү. Бозгунбаев кесиптик кошуундун 138 мүчөсү катышкан жыйында бир добуштан расмий шайланганын айтты:

«Кесиптик кошуундар федерациясынын кезексиз жыйынында кворум болду. Бүгүнтөн баштап аталган федерация укуктук алкакка кайтты. Кесиптик кошуундар федерациясы көптөн бери өз милдеттерин аткара албай хаос болуп келген. Ошого чекит коюу максатында мыйзамдуу жыйын өткөрүлдү».

Басма сөз жыйынына Курулуш өнөр жайынын кесиптик кошуунунун төрагасы Элдияр Карачалов, «Кыргызкурорттуризм» уюмунун жетекчиси Чынара Токобаева баштаган адамдар да катышты.

Кесиптик кошуундар федерациясынын курамына 20 тармактык, алты аймактык кошуун кирет. ​Элдияр Карачалов алардын жыйынына 17си катышканын жана убактылуу жетекчи кылып мурда бул мекемеде иштеп кеткен Сагынбек Бозгунбаевди шайлап алышканын билдирди:

Профсоюздар федерациясындагы ызы-чуу бүтө элек, дагы эле эки жаат болуп бөлүнүп жүрөбүз.

«Тилекке каршы, Кыргызстандын Кесиптик кошуундар федерациясындагы ызы-чуу бүтө элек, дагы эле эки жаат болуп бөлүнүп жүрөбүз. Бозгунбаев 2007-жылы Кыргызстандын Кесиптик кошуундар федерациясынын төрагалыгынан четтетилип, жумушу жок калган. Бүгүн жыйын аны «профсоюзда көп жыл иштеген, салым кошо алат» деген ишеничте убактылуу шайлады. Жыйында астыга 20 тармактык жана алты облустук, жалпысынан 26 профсоюз чыгат. 12 тармактык жана беш облустук, жалпысынан 17 кошуун Бозгунбаевди шайлады. Ал эми сегиз тармактык жана бир облустук кошуун Асанакунов менен кошо жыйын өткөрүп жатат».

Ошол эле кезде Кесиптик кошуундар федерациясынын дагы бир топ мүчөлөрү башка жерде жыйын өткөрүшкөн. Байланыш кызматкерлеринин кесиптик кошуунунун төрагасы Калыбек Өмүралиевдин айтымында, 15 кошуун катышкан жыйында алар Кесиптин кошуундар федерациясынын мурдагы төрөгасы Мирбек Асанакуновду кайра жетекчи кылып шайлап алышкан. Ал жыйынга Асанакунов да катышып, баяндама окуганын билдирди:

«Кворум болду. Жыйын өттү. Быйыл 5-февралда өткөн жыйын мыйзамсыз болгон. Аны биз тааныбайбыз. Бүгүнкү жыйынга федерациянын кеңешинин 15 мүчөсү катышты. Маселени кеңеш эмес, эл чечет».

Мындан мурдараак мекеменин басма сөз кызматы 25-декабрга уюштурулган курултайда кесиптик кошуундардын мындан ары мыйзамдык нукка түшүп, иштеши үчүн федерациянын төрагасын шайлоо максаты болгонун билдирген.

Маалыматта Кесиптик кошуундар федерациясындагы ич ара чатакташууларга чекит коюлбай жатканы, көптөн бери коомдук талкуу жараткан маселени чечүү убактысы келгени айтылган.

Бирок эки башка өткөн жыйындын кайсынысы мыйзамдуу экени, шайланган эки жетекчинин кимиси уюмду жетектей турганы белгисиз.

Федерацияны 2017-жылдан бери жетектеп келген Мирбек Асанакунов 2020-жылдын февралында өзүнө карата нааразылыктын натыйжасында иштен кеткен.

Асанакуновго каршы акциялар 2019-жылы башталып, ага «кызмат ордун мыйзамсыз ээлеп турат, федерациянын мүлкүнө байланышкан жеке кызыкчылыктары бар» деген кинелер коюлган.

Быйыл 5-февралда федерациянын кеңешинин жыйыны өтүп, анда Асанакунов кызматынан четтетилгени кабарланган. Өзү бул жыйында кворум болбогонун, анын иш ордуна кызыккандардын кутуму болуп жатканын айткан.

Асанакунов Кесиптик кошуундар федерациясын мыйзамсыз жетектеп тургандыгы тууралуу арызды Биринчи май райондук, Бишкек шаардык соту канааттандырган. Ал эми Жогорку сот быйыл январь айында ал чечимдерди жокко чыгарган.

Ноябрда Кесиптик кошуундар федерациясынын өкүлдөрү «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзамды өзгөртүүгө каршы акцияга чыгышкан. Алар документ оңдолсо уюмда жемкорлукка жол ачылып, мүлк сатылып кетет деген пикирлерин айтышкан.

Нааразылыкка чыккандар мыйзам долбоорун федерациянын мурдагы жетекчиси Мирбек Асанакунов менен анын жубайы, парламент депутаты Гүлкан Молдобекова сунуш кылып жатканын билдиришкен. Молдобекова күйөөсүнө жана өзүнө коюлуп жаткан дооматтарды четке каккан.

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев Кесиптик кошуун федерациясындагы чыр-чатактарды жөнгө салыш үчүн алардын уставын өзгөртүш керек деп эсептейт.

Кожобек Рыспаев.
Кожобек Рыспаев.

«Кесиптик кошуундар тууралуу мыйзамды мен сунуш кылып жатам, - деди ал. - Бирок ага кошуундун айрым мүчөлөрү каршы болууда. Себеби алар эзелтен элдин эсебинен жеп-ичип көнүп калышкан. Биринчиден, алар уставын алмаштырыш керек. Болбосо азыркы кейиптен арыла албайт. Директорлор кеңешинин 29 мүчөсү чогулуп алып каалаганын кылып жүрө берет. Ошондуктан кесиптик кошуунга деп элдин айлыгынан чогулган 1% акчанын отчёту ачык болушу керек. Менин эсебим боюнча, бир эле Билим берүү министрлиги бир жылда 222 млн. сом чогултуптур. Башкалардыкын эске албаганда! Ошондуктан буларда чоң чатак бар. Ал эми жер, мамлекеттин мүлкүн саткан толгон-токой мыйзамсыз көрүнүштөр бар. Маселе ушундан чыгып жатат».

Ал арада «Human Rights Watch» (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстандын парламентин «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзам боюнча жаңы долбоорду артка чакыртып алууга үндөдү. Уюмдун расмий сайтына жарыяланган билдирүүдө бул мыйзам долбоору кесиптик кошуундардын ишин чектей турганы айтылып, бийлик кошуундардын лидерлерин куугунтукка алып, алардын жыйын өткөрүшүнө тоскоолдук кылып жатканы белгиленди.

HRW уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Сыйнат Султаналиева «Кыргызстандын жетекчилиги кесиптик кошуун кызматкерлеринин эркин уюмдашуу укугун урматташы, профсоюздардын ички ишине кийлигишпеши зарыл» деп билдирди.

«Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин тогуз депутаты иштеп чыккан. Быйыл 5-ноябрда парламент аны экинчи окууда кабыл алган.

Мыйзам долбооруна каршы пикирин буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) өкүлдөрү да билдиришкен.

Кесиптик кошуун - жарандардын ыктыяры менен түзүлгөн коомдук негиздеги көз каранды эмес бирикме. Кесиптик кошуундар өз ишмердиги боюнча жумуш берүүчү тараптарга жана мамлекеттик бийлик органдарына баш ийбейт. Бул уюмдардын каржылык ишмердигин Эсеп палатасы жылына бир жолу текшере алат.

Айрым маалыматтарга ылайык, бирикменин жалпы бюджети 1 млрд. сомдон ашат.

XS
SM
MD
LG