Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:41

Күрөш: Кыргызстан алтынчы медалды алды

Кыргызстандыктар Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында байгеге ээ болгон спортчулардын алгачкы тобун тосуп алышты.

Кыз-келиндер күрөшүнөн кыргыз балбандары эки алтын, бир коло, эркин күрөштөн бир күмүш, бир коло, грек-рим күрөшүнөн бир күмүш байгеге ээ болушту.

Алтын байгелерди кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Мээрим Жуманазарова (68 кг), күмүш байгени эркин күрөш балбаны Эрназар Акматалиев (70 кг), коло байгелерди кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы (76 кг), эркин күрөштөн Алибек Осмонов (65 кг) алды. Грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков 60 килограмм салмакта финалда молдовалык Виктор Чобану менен күрөшүп, күмүш медал тагынды.

9-октябрда грек-рим күрөшүнөн Калы Сулайманов (63 кг.) жана Марлен Асикеев (67 кг.) да килемге чыгып, байгесиз калышты. Сулайманов алгачкы беттешинде жапониялык Кензуке Шимизуга жеңилип жарыштан четтесе, Асикеев алгач украиналык Алексей Масюкту жеңип (7:4), 1/8 финалда мелдеш кожоюну Мортен Торесенге утулду (4:6).

Мелдеш 10-октябрда аяктайт. Дүйнө чемпионатына Кыргызстандан 15 балбан барды. Айсулуу Тыныбекова эгемен Кыргызстандын тарыхында Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалында эки жолу күрөшүп, эки жолу тең жеңишке жеткен алгачкы спортчу болуп калды. Ошондой эле спорттун олимпиадалык түрлөрүнөн дүйнө чемпионатында алтын байге алган алгачкы спортчу. Мээрим Жуманазарова Кыргызстандын тарыхында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатын утуп алган Айсулуу Тыныбековадан кийинки экинчи спортчу. Ал эми Эрназар Акматалиев эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына чыккан алгачкы кыргызстандык. Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын финалында эки жолу күрөшүп, эки жолу тең күмүш байге алган алгачкы кыргызстандык спортчу.

23:46 8.10.2021

Норвегиянын борбору Ослодо 2-октябрда башталган күрөш боюнча дүйнө чемпионаты 10-октябрга чейин уланат.

4-октябрда кыргызстандык балбан Алибек Осмонов Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында коло медал тагынды.

Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Осмонов 4-октябрда эркин күрөштөн 65 килограмм салмакта 3-орун үчүн беттеште польшалык Кристов Биенковскини 4:1 эсебинде жеңди.

Алибек Осмонов буга чейин төрт беттеш өткөргөн. Ал 3-октябрда алгач 1/16 финалда франциялык Маруан Ахмед Йеззаны 11:0 эсебинде, 1/8 финалда бразилиялык Маркос Де Брито Сикуеираны 12:2 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңген. Чейрек финалда украиналык Васил Шуптар менен беттешип, 5:3 эсебинде утту. Жарым финалда ирандык Амирмохаммад Бабак Йазданичератти менен таймашып, 4:5 эсебинде бир упай айырма менен жеңилген эле.

Күрөштүн бул түрүнөн буга чейин кыргызстандык үч спортчу килемге чыгып, экөө мелдештен четтеген. Улукбек Жолдошбеков (61 кг.) менен Арсалан Будажапов (79 кг.) алгачкы атаандаштарына жеңилип, байге үчүн таймаштан четтеп калды.

23:48 8.10.2021

5-октябрда кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында күмүш байге алды.

Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) расмий сайтындагы маалыматка таянсак, 5-октябрда эркин күрөштөн 70 килограмм салмакта күрөшкөн Акматалиев финалда польшалык Магомедмурад Гаджиевге 1:2 эсебинде жеңилди.

Акматалиев буга чейин 4-октябрда төрт беттеш өткөргөн.

Алгач шри-ланкалык балбан Анил Нирошан Мунасинье Каруна Пели Гедераны 10:0 эсебинде уткан. 1/8 финалда армениялык Арман Андреасянды 11:2 эсебинде жеңген. Чейрек финалда ирандык Ерфан Мохаммад Елахини 8:8 эсебинде, жарым финалда орусиялык Евгений Жербаевди 9:5 эсебинде жеңип алган.

Эрназар Акматалиев 23 жашта. Быйыл Токиодо өткөн Жайкы Олимп оюндарына катышкан. Жаштар арасындагы Азия чемпионатынын күмүш байгесинин ээси (2018-ж.). Анын атаандашы Магомедмурад Гаджиев 33 жашта. Буга чейин Дүйнө чемпионатынын күмүш жана коло байгелерин алган.

Эрназар Акматалиев эркин күрөш боюнча чоңдор арасында Дүйнө чемпионатынын финалына чыккан алгачкы кыргызстандык спортчу. Буга чейин эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Кенжебек Өмүралиев (68 кг. Стамбул, 1994-ж.), Базар Базаргуруев (60 кг. Стамбул, 2007-ж.), Алексей Крупняков ( 96 кг. Будапешт, 2005-ж.) дүйнөлүк чемпионаттын коло медалын уткан.

Ушуну менен быйылкы Дүйнө чемпионатынан Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын пайдасына экинчи байге жазылды. Бир күн мурда 65 килограмм салмакта Алибек Осмонов 3-орун үчүн беттеште польшалык Кристов Биенковскини 4:1 эсебинде жеңип, коло байге алган.

23:51 8.10.2021

6-октябрда кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында алтын медал тагынды. Бул жетишкендиги менен ал Эгемен Кыргызстандын тарыхында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалында эки жолу күрөшүп, эки жолу тең жеңишке жеткен алгачкы спортчу болуп калды.

Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Тыныбекова 6-октябрга караган түнү 62 килограмм салмакта финалда америкалык Кайла Колиин Кийоко Мираклды 7:0 эсебинде жеңип алды. 25 жаштагы Кайла Колиин Кийоко Панамериканын чемпиону. 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпионатынын күмүш байгесинин ээси (2019-ж.).

Бул Дүйнө чемпионатында Тыныбекова жалпы төрт беттеш өткөрдү. Ал буга чейин жарым чейрек финалда жапониялык Нонока Озакини 6:4 эсебинде, чейрек финалда белорусиялык Вераника Иванованы 6:6 эсебинде жеңип алган. Жарым финалда украиналык Илона Прокопевнюк менен күрөшүп, 5:2 эсебинде уткан эле.

28 жаштагы Айсулуу Тыныбекова ушуну менен дүйнө чемпионатына 3-жолу катышты. Буга чейин кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын алтын (Нур-Султан, 2019-ж.) жана коло медалдарын (Париж, 2017-ж.) тагынган. Токиодо өткөн Олимп оюндарында күмүш медал тагынган. Азиянын төрт жолку чемпиону. Айсулуу Кыргызстандын спорт тарыхында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына эки жолу чыгып, эки жолу тең жеңишке жеткен биринчи балбан. Ошондой эле ал Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон бери спорттун Олимпиадалык 29 түрүнөн дүйнө чемпионатында алтын байге алган алгачкы спортчу.

23:53 8.10.2021

7-октябрда Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта кыргызстандык Айпери Медет кызы коло байгенин ээси болду.

Ал 6-октябрда 3-орун үчүн беттеште украиналык Анастасия Шустованы 12:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда таза жеңди. Дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, бул Дүйнө чемпионатында Айпери Медет кызы жалпы төрт беттеш өткөрдү.

Алгач жарым чейрек финалда болгариялык Мария Гергинова Оряшкованы 10:0, чейрек финалда дагы ошондой эле эсеп менен орусиялык Марина Суровцеваны жеңген. Жарым финалда 2019-жылдагы дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси, Европа чемпиону эстониялык Эпп Мяеге 3:3 эсебинде жеңилген. Бул салмакта АКШ спортчусу Аделина Грэй дүйнө чемпиону болду. Ал эстониялык Эпп Мяени 6:4 эсебинде утту. Дагы бир коло байге эгипеттик Самар Амер Ибрахим Хамзага буюрду.

22 жаштагы Айпери Медет кызы жаштар арасындагы дүйнө чемпиону (2017-ж.). Кыздар (кадеттер) арасында Азия чемпионатынын күмүш (2015-ж.), алтын (2016-ж.), Дүйнө чемпионатынын күмүш (2016-ж.) байгелеринин ээси. Кыз-келиндер (чоңдор) арасында Азия чемпионатынын эки жолку күмүш байгесинин ээси (Индия, 2020-жыл, Казакстан, 2021-ж.).

23 жашка чейинки кыздар арасында Дүйнө чемпионатынын коло медалын тагынган (Венгрия, 2019-ж.). Дүйнө кубогунда 3-орунду алган (Белград, 2020-ж.). Быйыл Токиодо өткөн Жайкы Олимп оюндарында 5-орунду ээлеген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG