Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:19

Күрөш: Кыргызстан алтынчы медалды алды

Кыргызстандыктар Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында байгеге ээ болгон спортчулардын алгачкы тобун тосуп алышты.

Кыз-келиндер күрөшүнөн кыргыз балбандары эки алтын, бир коло, эркин күрөштөн бир күмүш, бир коло, грек-рим күрөшүнөн бир күмүш байгеге ээ болушту.

Алтын байгелерди кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Мээрим Жуманазарова (68 кг), күмүш байгени эркин күрөш балбаны Эрназар Акматалиев (70 кг), коло байгелерди кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы (76 кг), эркин күрөштөн Алибек Осмонов (65 кг) алды. Грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков 60 килограмм салмакта финалда молдовалык Виктор Чобану менен күрөшүп, күмүш медал тагынды.

9-октябрда грек-рим күрөшүнөн Калы Сулайманов (63 кг.) жана Марлен Асикеев (67 кг.) да килемге чыгып, байгесиз калышты. Сулайманов алгачкы беттешинде жапониялык Кензуке Шимизуга жеңилип жарыштан четтесе, Асикеев алгач украиналык Алексей Масюкту жеңип (7:4), 1/8 финалда мелдеш кожоюну Мортен Торесенге утулду (4:6).

Мелдеш 10-октябрда аяктайт. Дүйнө чемпионатына Кыргызстандан 15 балбан барды. Айсулуу Тыныбекова эгемен Кыргызстандын тарыхында Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалында эки жолу күрөшүп, эки жолу тең жеңишке жеткен алгачкы спортчу болуп калды. Ошондой эле спорттун олимпиадалык түрлөрүнөн дүйнө чемпионатында алтын байге алган алгачкы спортчу. Мээрим Жуманазарова Кыргызстандын тарыхында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатын утуп алган Айсулуу Тыныбековадан кийинки экинчи спортчу. Ал эми Эрназар Акматалиев эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына чыккан алгачкы кыргызстандык. Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын финалында эки жолу күрөшүп, эки жолу тең күмүш байге алган алгачкы кыргызстандык спортчу.

00:51 9.10.2021

00:18 9.10.2021

00:15 9.10.2021

00:13 9.10.2021

9-октябрда Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков финалга чыкты. Ал жарым финалда азербайжандык балбан Мурад Маммадовду 4:2 эсебинде жеңди.

Жоламан Шаршенбеков.
Жоламан Шаршенбеков.

Шаршенбеков буга чейин эки беттеш өткөргөн. Алгач беларустук Максим Кажарскини 2:0, чейрек финалда грузиялык Ираклий Дзимистаршвилини 5:2 эсебинде жеңип алган. 9-октябрда финалда молдовалык Виктор Чобану менен күрөшөт.

Бул күнү күрөштүн аталган түрүнөн кыргызстандык Калы Сулайманов (63 кг) жана Марлен Асикеев (67 кг) килемге чыгат.

Шаршенбеков менен Чобану быйыл Токиодо өткөн Олимп оюндарында чейрек финалда беттешип, молдовалык балбан жеңишке жеткен. Жоламан Шаршенбеков менен Виктор Чобану экөө тең 2018-жылы Венгрияда өткөн Дүйнө чемпионатында күмүш байгеге ээ болушкан. Ал кезде Шаршенбеков 55 килограмм салмакта, Чобану 60 килограмм салмакта күрөшкөн.

Тилекке каршы, 7-октябрда грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын биринчи мелдеш күнүндө кыргызстандык төрт балбан байгесиз калышкан.

Дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, бүгүн, 7-октябрда байге үчүн Сардар Конушбаев (55 кг), Руслан Царев (72 кг), Кайрат Түгөлбаев (77 кг) жана Калидин Асыкеев (82 кг) күрөштү.

Калидин Асыкеев менен Кайрат Түгөлбаев биринчи беттештеринде азербайжандык балбандарга жеңилсе, Сардарбек Конушбаев менен Руслан Царев биринчи беттештерин утуп, кийин чейрек финалдан өтө албай калышты. Эртең, 8-октябрда дүйнө чемпионатында 60 кг, 97 кг жана 130 килограмм салмакта байгелер ойнотулат. 60 килограмм салмакта Дүйнө чемпионатынын күмүш байгесинин ээси (2018-ж.), 2020-жылдагы Дүйнө кубогун уткан Жоламан Шаршенбеков, 97 килограмм салмакта Бексултан Махмудов күрөшөт.

Ал эми 9-октябрда Калы Сулайманов (63 кг) жана Марлен Асикеев (67) килемге чыгат. 2-октябрда Новрегиянын Осло шаарында башталган Күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 10-октябрда аяктайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG