Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:20

УКМК саясий буюртманы аткарып жатабы?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) акыркы күндөрү укук коргоочуларга, активисттерге иш козгоп, суракка алышы, тергөө маалында журналисттерге байланыштуу тастыкталбаган маалыматтарды жарыялап жибергени көп талкууну жаратууда.

Бул мамлекеттик орган өзүнүн түз милдетин аткарбай, саясатчылардын куралына айландыбы?

«Арай көз чарай» талкуусуна УКМКнын ардагери, полковник Талант Разаков, укук коргоочу Динара Ошурахунова жана юрист Акмат Алагушев катышты.

«Азаттык»: - Талант мырза, акыркы күндөрү УКМКга байланыштуу бир нече фактылардын тегерегинде коомчулукта талкуу болуп жатат. УКМКнын кызматкерлери жыштык маселеси боюнча иште шектүү катары өтүп жатат, укук коргоочуларга иш козгоп, камакка алды. Мекеме «Азаттыктын» кабарчысына байланыштуу тергөөдөгү такталбаган маалыматты жарыялап жиберди, комитеттин төрагасынын орун басары кызматтан бошотулду. Бул окуяларга сиз кандай баа берип жатасыз?

Талант Разаков.
Талант Разаков.

Талант Разаков: - УКМК мамлекеттеги маанилүү орган катары ушул күндөрдү баштан кечирип жатат. Комитеттин эки кызматкерине кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө, ал бүткөнчө тигиндей-мындай деш кыйын.

Менин таң калганым - жыштык бөлүштүрүү деген чарбалык маселе, ал ишке УКМКнын кийлигише турган жүйөсүн көрбөй жатам. Комитет кандай учурда кийлигишет? Мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келип жатса, сепаратисттик же диний экстремизм, террористтик иштерге тиешеси болсо кийлигише алат. Албетте, кылмыш иши жөн козголбойт, негиз болгон чыгар. Бирок, бул иште комитеттин аралашып жатышы мен үчүн түшүнүксүз.

Ал эми укук коргоочуларды жөн эле камап жатканы далилденсе тиешелүү кызматкерлер жоопкерчиликке тартылышы керек. Азыр териштирүү жүрүп жатат. Бүгүн канча адам болсо, ошончо пикир айтылган заман. Бул жерде да бир жактуу айтыш кыйын. Тергөө бүтсүн, эгер ойдон чыгарылган нерсе болсо сотто бузулат, өтпөй калат.

Комитеттин төрагасынын кызматтан кетиши «өз каалоосу жана ден соолугуна байланыштуу» деп айтылып жатат. «Азаттыктын» кабарчысына байланыштуу тергөө маалыматынын жарыяланып кетиши туура эмес иш болуп калды. Ушак, далил жок маалыматтар жарыяланып жатат. Комитеттин да «өз достору» болот, ошолор тарабынан ойлонуп табылган нерсе окшойт.

Тергөөдө күн сайын маалыматтар келип турат, улам толукталып отурат. Бир-эки кишинин айтканы акыркы далил болуп бере албайт. Коюлган айыпка айныксыз далилдер табылгандан кийин сотко өтөт. Илгери совет заманында биз иштеп жүргөндө кылмыш иши козголгондон кийин сотко чейин жетип, сөзсүз жазаланчу. Азыр көп иштер сотто бузулуп калууда, өтпөй жатпайбы.

«Азаттык»: - Динара айым, эки укук коргоочунун үстүнөн иш козголуп, бири камакка алынды, кайра үй камагына чыкты, экинчиси пара алуу боюнча шектүү болду. Мындан да кылмыш ишине караганда саясий өңүтүн көбүрөөк айтып жатышат. Сиздин пикир кандай?

Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

Динара Ошурахунова: - Учурда Жогорку Кеңеште «Өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам каралып, бир топ талкуулар жүрүп жаткан учурда өкмөттүк эмес уюмдарды, алардын өкүлдөрүн коомдо атайын жаманатты кылып кылуу аракети жүрүп жатат.

УКМК «Текебаевдин иши» боюнча тергөөдө да Маевский дегенди ойлоп чыкканын билебиз. Кылмыш ишин комитет козгоп, тергөөнү да өзү жүргүзүп, ишти сотко чейин жеткирип, анан соттун ишине да кийлигишкени маалым. Азыркы соттор көз каранды. УКМК кандай айтса соттор ошондой чечим чыгарып келатышат.

УКМКнын караколдук укук коргоочуга каршы козголгон кылмыш ишинин бири да сотто далилденбей жатканы айтылууда. Ошондон кийин үй камагына чыгарууга аргасыз болушту.

Биздин УКМКнын тергөөлөрү кандай жүрөт? Кылмыш ишине байланышы бар деп көчөдөн бир-эки кишини таап келип, алардын айтканын негизги далил кылып, ишти бат эле сотко жиберип жатышат. Соттор УКМКга көз каранды болгондуктан алар каалагандай чечимдерди чыгарып берип жатышат.

«Азаттык»: - Акмат мырза, УКМКнын өкүлдөрү Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын жыйынында тергөөдө «Азаттыктын» кабарчысына байланыштуу такталбаган маалыматты айтышты. Айтмак турсун коомчулукка жарыялап жиберишти. Бул фактынын укуктук жана этикалык жоопкерчилиги барбы? Болсо кандай?

Акмат Алагушев.
Акмат Алагушев.

Акмат Алагушев: - УКМКнын Тергөө башкармалыгынын башчысы баш болгон тергөөчүлөр бул маалыматты жарыялоо менен Конституция баш болгон мыйзамдарды бузуп жатышат. Адамдын күнөөлүү же күнөөлүү эмес экендигин бир гана сот айта алат.

Эки күбөнүн сөздөрүн негиз кылып жатышат. Сопоков деген өзү айыпталуучу. Ага азыр эмне айтса баарын жасайт. Депутаттар «мындан башка далилиңер барбы» дешсе, тергөөчүлөр «жок» деп жатышат. Ошондон улам бул иш кимдир-бирөөлөрдүн саясий максаттары үчүн жасалып жатат дегенге негиз берип жатпайбы.

Бул жерде эки жагдай бар: тергөөчү өзүнүн укугун, ишин билбейт, экинчиси - билип туруп кимдир-бирөөлөрдүн кийлигишүүсү менен атайын жасап жатат...

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG