Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:39

Коронавирус дагы 42 адамга жукту


Ушуну менен СOVID-19 вирусу жуккандардын саны 419 болду.

Кыргызстанда 13-апрелге карата коронавирус жуккан дагы 42 адам катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Жалпысынан бүгүнкү күнгө карата бул илдет жуккандар 419 болду, каза болгондордун саны 5, айыгып чыккандар 67.

419 адамдын эң көбү Ош облусунда - 128. Андан кийин Жалал-Абад облусу - 91, Ош шаары - 59, Чүй облусу - 27, Бишкек - 69, Баткен облусу - 5, Нарын облусу - 34, Ысык-Көл облусу - 6 адам.

13-апрелге карата соңку бир суткада Кыргызстанда COVID-19 дагы 16 медицина кызматкеринен табылды. Cаламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, 16 кызматкердин тогузу Бишкекте, төртөө Ош облусунда, экөө Ош шаарында, бирөө Баткенде.

Ошентип, илдет жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 79га жетти. Алардын арасында дарыгерлер, медайымдар, инфекционисттер, лаборанттар, эпидемиологдор, ашканада иштегендер жана кир жууган жумушчулар бар экенин Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлаган.

Коронавирус кризиси өкүм сүрүп турганда медицина кызматкерлеринин жеке коргонуу каражаттары жетишсиз экени, транспорт менен камсыздалбаганы байма-бай айтылып жатат. Мындан бир аз мурда үй-бүлөлүк дарыгер Бектур "Твиттерде" жетекчилиги берген сапатсыз беткаптын сүрөтүн жарыялаган. Көп өтпөй анын "Твиттер" аккаунту өчүрүлүп, 12-апрелде Бектурдун "жалган айтып койгом" деген видео кайрылуусу тарады. Ушул тапта соцтармактарда "Бектур өзүн жалганчы кылып көрсөтүүгө аргасыз болду” деген пикир басымдуулук кылууда. #БекТур деген хэштег пайда болду.

#БекТур - кечирим сураган дарыгер
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:35 0:00

Медицина кызматкерин ишиндеги көйгөйдү айтып чыккан үчүн кечирим суратуу туура эмес экенин саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Бул тууралуу Үсөнбаев 13-апрелде журналисттердин суроосуна жооп берип жатканда айтты:

"Координаторлор, жектекчилер менен тыгыз жумуш жүргүзүүдөбүз. Иштеп жаткан медицина кызматкерлерине жанагыдай үстүнөн кысым көрсөтпөө аркетин жүргүзгүлө деп айтып жатабаз. Алар кандайдыр бир көйгөйдү айтышы мүмкүн. Эртеси күнү телевизорго же соцтармактарга чыгарып, кечирим суратуу негизи туура эмес".

25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Түнкүсүн көчөгө адам да, машине да чыкпашы керек, күндүз эшикке дүкөнгө, дарыканага жана ооруканага гана барууга уруксат. Топтошуп жүрүүгө, иш-чара өткөрүүгө, уруксаты жок болсо жумушка барууга тыюу салынган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG