Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:23

Депкомиссия: Саймаитинин иши, "Исмаил ата" фондуна түшкөн акча, күбөнүн күмөндүү көрсөтмөсү


Айеркен Саймаити (сүрөт качан тартылганы белгисиз)
Айеркен Саймаити (сүрөт качан тартылганы белгисиз)

Стамбулда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитиге байланышкан маалыматтарды иликтеген депутаттык комиссия жыйынтыгын чыгарды. Анда комиссия буга чейин "журналисттик иликтөөдө айтылган каражаттын Кыргызстанга тиешеси жок" деген бүтүмгө келген.

Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин корутундусу парламент каникулга кетер алдындагы соңку пленардык жыйындарда каралды.

Корутундуну комиссиянын төрагасы, "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Талантбек Мамытов окуп берип, соңку бүтүмү менен тааныштырды.

Талант Мамытов.
Талант Мамытов.

Мамытов корутундуда баяндалган жагдайларды изилдеп чыгып, комиссияга келип түшкөн жана тиешелүү мамлекеттик органдар жиберген документтердин, топтолгон маалыматтардын негизинде "журналисттик иликтөөдө айтылган каражаттардын Кыргызстанга тиешеси жок" деген бүтүм чыгарылганын айтты.

«2014-жылдын август айында Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери А.Абдыкалыков колдонуудагы укуктук-ченемдик актыларды одоно бузуу жолу менен, Кытай Эл Республикасынын жараны Айеркен Саймаитиге Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту Самятов Эркин Самятович деп мыйзамсыз берилгени аныкталган. Жарандар Айеркен Саймаити, Бүмайрам Вуфули жана «Абдыраз» жоопкерчилиги чектелген коомунун Кыргызстандын банктарындагы эсептеринен 2011-2017-жылдар аралыгында чет өлкөдөгү бир нече жүздөгөн контрагенттерге 932 миллион 736 миң 365 АКШ доллары которулган. Бул каражаттар кыргызстандык жана чет өлкөлүк, Өзбекстан Республикасындагы «Абу-Сахий» базарындагы жеке ишкерлердин соода жүгүртүүсүндөгү каражаттар экени такталган. Айеркен Саймаити Кыргыз Республикасынын Түркиянын Стамбул шаарындагы мурдагы башкы консулу Эркин Сопоков менен жакын болуп, анын кызматтык автоунаасын мыйзамсыз түрдө жеке пайдаланууга алып турганы тастыкталган».

Мамытов окуган бир сааттык бүтүмдө Саймаитинин туулган жылы, жери, Кыргызстандын документин мыйзамсыз алышы, ага байланыштуу козголгон кылмыш иши, өлүмү, акча которууларга байланыштуу документтер, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жана башка маселелер баяндалды.

Комиссия бүтүмүн даярдоодо мамлекеттен каржыланган "5-канал", жакында ачылган "Элдик медиа" порталынын жана Эркин Сопоков жана Рустам Тиллабаев аттуу жарандардын тергөөгө берген көрсөтмөлөрүн колдонушкан. Парламенттин жыйынында бул видеолор депутаттарга көрсөтүлдү. Белгилей кетчү жагдай, Эркин Сопоков Саймаити менен жакын тааныш болгон, учурда бир нече берене боюнча кылмышка шектүү катары УКМКнын Тергөө абагында камакта.

Корутундуну депутаттар суроо-жооп менен талкууга алышты. Анын жүрүшүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча кызматтын, Улуттук банктын жана башка органдардын өкүлдөрү жооп берип жатышты.

Депутаттык комиссия өзүнүн иликтөөсүндө бажыдагы коррупциялык көрүнүштөр жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдуку деген мүлк боюнча маалыматтарга көңүл бурган эмес.

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

Буга көңүл бурган депутат Дастан Бекешев Айеркен Саймаитинин жубайы Бүмайрам Вуфулинин атынан "Исмаил ата" фондуна каражат кандай негизде которулганына кызыкты. Анын суроосуна Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча кызматтын төрагасынын орун басары Эмил Жамгырчиев жооп берди.

Дастан Бекешев: Жөн эле которгонбу? Сиз ошону изилдегенсизби? Тааныштар болуп атабы же алар?

Эмил Жамгырчиев: Которулганы боюнча тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Ал жерде жардам берүү максатында гана жөнөтүлгөн. Документ түрүндө да баары тастыкталган. Андан тышкары суракка алынган жоопкер кишилер.

Дастан Бекешев: Демек, "Исмаил ата" фондунун негиздөөчүлөрү менен бири-бирин тааныйт?

Эмил Жамгырчиев: Тааныйбы-тааныбайбы, бирок негиздөөчү...

Дастан Бекешев: Жок, тааныйт да эми. Жөн эле сизге ким жардам берет мисалы?

Эмил Жамгырчиев: Вуфули менен "Исмаил атанын" бир гана ушул акча которуу боюнча гана байланышы бар. Бирок акча негизинен ошол түрк жаранынан келген. Бирок Вуфулинин эсеби аркылуу.

Дастан Бекешев: 200 миң долларды тааныш эмес кишиге береби? Ушундай фактыны бир жерден уктуңарбы?

Эмил Жамгырчиев: Дастан Далабаевич, бул акча, 200 миң доллар түрк жаранына тиешелүү болгон. Бирок өзүнүн эсеби аркылуу кетирбей Вуфулинин эсеби аркылуу кетирген. Вуфули аркылуу кетиргенине өзүнүн ар кандай себептери болгон.

"Азаттыктын" кошумча тактоосу:

(ВУФУЛИ которгон 200 миң доллардын таржымалы)

Кабарчы: Искендер Матраимов «Саймаитини тааныбайм. Ал ортомчу болуп бирөөлөрдүн акчасын которуп коёт экен» деп айтып атпайбы. Сиз Матраимовдордун фондуна башка бирөөлөрдүн акчасын которгонсузбу? Хабибулла Абдукадырдан башка да бирөөлөр «акча которуп бер» дешкенби?

Саймаити: Жок, башка эч ким антип айткан эмес.

Кабарчы: Мисалы, Өзжан деген түрк улутундагы киши жардам катары Саймаити аркылуу акча которгон деп айтты да Искендер Матраимов.

Саймаити: Жок, жалган. Башка балдар аркылуу котортпосо билбедим. Бирок мен аркылуу которгон эмес.)

Жыйынга катышкан бир катар депутаттар комиссиянын бүтүмүн кубаттап, ачык-эле колдоп жатышты.

Маселен, парламенттин вице-спикери, жакында "Мекеним Кыргызстан" партиясына киргени кабарланган депутат Мирлан Бакиров комиссия буга чейинки бажыдагы коррупция боюнча журналисттик иликтөө элдин башын айлантууга багытталганын аныктады деген ойдо:

Мирлан Бакиров.
Мирлан Бакиров.

"Бүгүнкү корутундуга кол койгон тогуз депутат айтылган маалыматка, видео тасмаларга, көрсөтмөлөргө ынанып, элдин башын айлантууга багытталган, атайын кызыкдар тараптан даярдалды деп добуш берип жатат. Көп жумуш болуптур, комиссиянын түзүлгөнү туура болуптур. Бир тактоочу суроо: өткөндө комиссиянын жыйынында Сагынбек Самидин уулу (УКМКнын тергөө башкармалыгынын башчысы) көрсөтмөлөргө таянып, Али Токтакунов Саймаитиден 100 миң доллар алган экен деп айткансыз. Азыр корутундуда 50 миң доллар боюнча сөз жүрөт. Ал эмне аванс алыптырбы?", - деп суроо салды.

Бул суроого депутаттык комиссиянын төрагасы Талант Мамытов жооп кайтарып, бул маалыматтар Эркин Сопоковдун көрсөтмөсүнүн негизинде болгонун билдирди.

Ошол эле кезде депутат Рыскелди Момбеков да аталган көрсөтмөлөрдүн чындыгынан күмөн санап, УКМКнын Тергөө башкармалыгынын жетекчиси Сагынбек Самидин уулуна собол таштады:

Рыскелди Момбеков: Али Токтакуновго качан акча бериптир?

Сагынбек Самидин уулу: Күбөлөрдүн көрсөтмөсү боюнча 2019-жылдын июнь айларында деп айтылган. Стамбул шаарында.

Рыскелди Момбеков: Июнь айында Стамбулда, ээ?

Сагынбек Самидин уулу: Ооба.

Рыскелди Момбеков: Али Токтакунов 19-июнда Бишкектен Прагага учуп атпайбы?

Сагынбек Самидин уулу: Аны тастыкташ керек. Али Токтакуновдун өзүн сурайлы десек өзү келбей...

Рыскелди Момбеков: Эмне үчүн Али Токтакуновдун өзүн комиссияга чакырган жоксуңар?

Сагынбек Самидин уулу: Комиссия чакырса керек, бирок келген жок да. Ал Прагада жүрбөйбү.

Рыскелди Момбеков: Чакырылган жок.

Сагынбек Самидин уулу.
Сагынбек Самидин уулу.

Суроо-жооп учурунда Момбеков депутаттык убактылуу комиссиянын корутундусунун укуктук негиздерине кызыкты.

“Токтом долбоорунда “күбө катары суралган жарандар Тиллебаевдин, Сопоковдун көрсөтмөлөрүндөгү фактылар, анын катарында “Азаттык Медиа” мекемесинин журналисти Али Токтакуновдун Саймаитиден ... өлчөмүндөгү акча каражатын алгандыгы тууралуу көрсөтмө боюнча укуктук баа берилсин” деп жүрөт. Кантип эле Сопоков "күбө" болуп, Токтакунов кылмышка "шектүү" болуп калат? Ушундай чечтиңерби?”, - деди Рыскелди Момбеков.

Комиссия төрагасы, Мамытов корутундуда "шектүү деген сөз жок" деп түшүндүрдү.

“Ал жерде көрсөтмөлөрдүн негизинде текшерилсин, объективдүү текшерүүлөр жүргүзүлсүн жана анын жыйынтыгында укуктук баа берилсин деген жөнүндө гана маселе болуп атат. Ал текшерүүлөр тергөөнүн жыйынтыгы менен аныкталат”, - деди Мамытов.

Чуулгандуу ишти иликтеген депутаттык комиссия

Жогорку Кеңеш былтыр Стамбулда өлтүрүлгөн уйгур улутундагы кытайлык ишкер Саймаитинин ишине байланыштуу 2019-жылдын 21-ноябрында убактылуу депутаттык комиссия түзгөн. Ага парламенттеги алты фракциядан 12 депутат мүчө болуп кирген. Комиссиянын корутундусу менен макул болбогондуктан, депутат Мирлан Жээнчороев 17-июнда андан чыгып кеткен.


Депутаттык комиссия Саймаитини Кыргызстан менен байланыштырган жагдайларды, буга чейин Бишкек, Ош аэропортторунда каракталган миллиондогон каражаттардын чоо-жайын жана анын «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган, Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион долларга катышын иликтеди.

Буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) чыгарылган акчанын суммасы 932 миллион доллар экенин маалымдаган.

2-июндагы жыйында УКМКнын Тергөө башкармалыгынын башчысы Сагынбек Самидин уулу «Саймаити «Азаттыктын» журналисттерине финансылык каражат берген» деген көрсөтмөлөр болгонун билдирген. Депутаттарга «Саймаитинин «Азаттыктын» журналистине акча бергенин өзүнөн укканбыз» деген эки күбөнүн видео көрсөтмөсү көрсөтүлгөн. Алардын бири - Жазык кодексинин "Мыйзамсыз баюу", "Кызматынан кыянат пайдалануу" беренелери боюнча айып тагылып, ушул тапта тергөө абагында отурган мурдагы консул Эркин Сопоков.

Ошол эле маалда Сагынбек Самидин уулу журналисттер акча алгандыгы тууралуу далил жоктугун кошумчалаган.

УКМКнын бул аракетин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, жарандык активисттер айыптап чыгышкан. «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун жетекчилиги муну «журналисттерди каралоо» деп баалаган.

Негизи, депутаттык териштирүүгө негиз болгон журналисттик иликтөөлөр былтыр май айында жарыяланган.


«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн иликтөөлөрдө көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммадагы акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылып турганы көрсөтүлгөн.

Иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкерелеген. Матраимовдун үй-бүлөсү бул иликтөөнү четке кагып, журналисттерди сотко берген.

"Азаттыктын" иликтөөсү: Бажыдагы миллиондор: Карактоо жана калкалоо (21-ноябрь, 2019-жыл)

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG