Анткени алардын көпчүлүгү долбоорлорду иштеп чыгууда же кандайдыр саясий жараяндарда өз өлкөсүнүн геосаясий кызыкчылыгын көздөп, иш алып барышын жокко чыгарууга болбойт. Ошондой эле чет элдик саясий технологдор иштеп чыккан, "кооз" сөздөр менен шөкөттөлгөн программалар, стратегиялар жана башка долбоорлор реалдуулуктан алыс болгондуктан, алардын бири да ушул күнгө чейин жүзөгө ашкан эмес.
Саясат талдоочу жана саясий PR-менежер Авланбек Жумабаев “Азаттык” менен болгон маегинде ушундай көз карашын билдирди.
Чет жерден келген "коноктор"
"Азаттык": Кыргызстанда бийлик же ага атаандаш саясий күчтөрдүн чет өлкөлөрдөн саясий технологорду жана PR-менежерлерди чакырган өнөкөтү качан башталган?
Пол Манафорттун Кыргызстандагы изи
Пол Манафорттун Кыргызстандагы изи
Авланбек Жумабаев: Бул Кыргызстан эгемендик алгандан бери эле келе жаткан өнөкөт.
Эгер шайлоолордун тарыхын карап көрсөк, мындай көрүнүш Аскар Акаевдин учурунда эле башталган.
Ошол кездеги кыргыз бийлиги Орусиядагы жана Казакстандагы "эң алдыңкы" деген саясий технологдорду, PR-менежерлерди шайлоонун алдында алып келип, иштетип жүргөн. Андан кийин Курманбек Бакиевдин тушунда деле, андан кийинки шайлоолордо деле бизге чет элдик саясий технологдор келип, иштеп жүрүшкөнүнө күбө болгонбуз. Саясий технологдор бизге негизинен Орусиядан, Казакстандан, кийинчерээк Украинадан келип иштешти.
"Азаттык": Чет элдик саясий технологдор улуттук менталитетти өздөштүрүп, ошого жараша шайлоо алдында электораттын маанайын аныктай алабы? Муну сурап жатканым - Кыргызстандагы кайсы бир саясий күчтөр, саясий партиялар эмне себептен жергиликтүү шартты мыкты билген, кесипкөй адистерге караганда чет өлкөлүк саясий технологдорго артыкчылык беришет?
Авланбек Жумабаев: Мунун чынында эле күчтүү жагы деле болсо керек. Анткени сырттан чакыртылган саясий технологдор мүмкүн учурдагы заманбап жараяндарды мыкты талдай алган жана ошого жараша шайлоолор же башка бир саясий жараяндар боюнча так изилденген тыянак чыгарып берип, теориялык жактан өзүнчө бир моделдештирилген жыйынтыкты бериши мүмкүн. Бирок ошол эле кезде бир жагдайды эстен чыгарбаш керек. Алар колдонгон саясий технологиялар же саясий усулдар биздин улуттук менталитетке, биздин улуттук маданиятка же үрп-адатыбызга туура келбей калып, кайра тескери жыйынтык берген учурлар кездешет.
Жыйынтыкты көргөзө албаган изилдөө
"Азаттык": Адатта чет өлкөлөрдөн атайын чакыртылган саясий технологдор чоң калем акыга келери айтылып жүрөт. Ошондон улам, алар ошол акчаны актап, шайлоолордо же башка саясий жараяндарда кандайдыр көзгө көрүнүктүү ийгиликти камсыз кылган учурлар болгонбу?
Чет элдик саясий технологдордун арасында саясий жагдайды өзгөртүп жиберүүгө жөндөмдүү, күчтүү адистерди кездештирген жокмун. Керек болсо айрым бир олуттуу деп эсептелген маселелер боюнча мен алар менен талашып-тартышып калган учурлар болгон.
Авланбек Жумабаев: Бизге келген саясий технологдордун арасында кырдаалды туура баалап, ошого карата тиешелүү чара көрүүнү сунуш кыла ала турган күчтүү адистер болушу мүмкүн.
Адатта алардын ишинин жыйынтыгы кайсы бир саясий иш-чаралар боюнча кыска мезгил ичинде гана көрүнө турган натыйжа менен байланыштуу.
Алар жагдайды баалап, ошого карата чыгарылган тыянактардын негизинде саясий технологияны ишке киргизишет.
Ушул этаптарды жакшы өздөштүргөн адистер болушу мүмкүн. Бирок биздин саясатчылар кызматташууга чакырган жана жеке өзү алар менен сүйлөшүп калган чет элдик саясий технологдордун арасында саясий жагдайды өзгөртүп жиберүүгө жөндөмдүү, күчтүү адистерди кездештирген жокмун. Керек болсо айрым бир олуттуу деп эсептелген маселелер боюнча мен алар менен талашып-тартышып калган учурлар болгон.
Алар өздөрү иштеп чыгып, өз өлкөсүндө иштетилген саясий технологияларды Кыргызстанга алып келе коюп эле, дароо эле, жергиликтүү шартты эске албастан жайылта коюуну көздөгөн учурларына биз бир топ каршы чыкканбыз. Анткени чет элдик саясий технологдор биздин улуттук менталитетти, үрп-адаттарды жана жергиликтүү маданиятты жакшы түшүнбөгөндүктөн алар ишке киргизген саясий долбоорлордун кесепетинен жалпы команда ыңгайсыз абалда калган учурлар болгон. Ошондуктан алар биздеги саясий жараяндарга күчтүү таасир этип, кандайдыр көзгө көрүнөрлүк жыйынтыктарды көрсөтө алышпайт.
Биздин өлкөнүн ичинде ар кандай саясий өнөктүктөргө катышып, такшалып калган адистер аз эмес. Ошондуктан калктын кулк-мүнөзүн мыкты түшүнгөн, билимдүү адистер иштесе, бир топ мыкты жыйынтыктарга жетишмек деген ойдо калганбыз. Чет элден саясий технологдорду чакырып алып келип, иштетүү - бул биздин алысты көрө албаган саясатчылардын куру дымагы.
Бул жерде биздин юристтер дагы баа бере турган маселе бар. Анткени биздеги шайлоо мыйзамдары боюнча шайлоо алдындагы өнөк учурунда чет элдик жарандарды саясий үгүт иштерине тартууга тыюу салат. Мисалы, Орусиянын эстрада жылдыздарын же башка бир саясатчыларын саясий үгүткө катыштырууга мыйзам жол бербейт. Бирок Орусиянын саясий технологдору биздин саясий партиялардын шайлоо штабдарында кеңири эле иштеп жүрүшөт. Ошондуктан мыйзамдагы ушул мүчүлүштүктү жөнгө салып, шайлоо мыйзамына саясий өнөктүк учурунда чет элдик саясий технологдорду кызматташууга тартууга тыюу салуу боюнча ченемди киргизиш керек.
Геосаясий таасир этүүнүн ыкмасы
"Азаттык": -Чоң саясаттын “көшөгөсүндө" саясий технологдорду “экспорттоо” менен ошол мамлекет өзүнүн геосаясий кызыкчылыгын кошо экспорттойт” деген түшүнүк бар экен. Акыл айткан кеңешчилер кандайдыр бир долбоорлорду иштеп чыгууда өз өлкөсүнүн геосаясий кызыкчылыгын кыстара кетиши мүмкүнбү?
Орусиядан, Украинадан же болбосо Казакстандан келген саясий технологдордун иш-аракеттеринин артында ошол өлкөнүн геосаясий кызыкчылыгы жатышы мүмкүн Ошондуктан биздин бийлик чет элдик саясий технологдордун берген акыл-кеңештерине этияттык менен мамиле кылыш керек.
Авланбек Жумабаев: Чет элден келген саясий технологдорду шайлоолордо же башка бир саясий жараяндар үчүн чакыруу биздин мамлекеттин улуттук коопсуздугуна коркунуч келтириши мүмкүн.
Мисал үчүн Орусиядан, Украинадан же болбосо Казакстандан келген саясий технологдордун иш-аракеттеринин артында ошол өлкөнүн геосаясий кызыкчылыгы жатышы мүмкүн. Алар мамлекеттин саясий багытын аныктоодо ар кандай программаларды жана стратегияларды даярдап жатканда аталган долбоорлорго өз өлкөсүнүн кызыкчылыгын тымызын камтып кетиши ыктымал. Ошондуктан биздин бийлик чет элдик саясий технологдордун берген акыл-кеңештерине этияттык менен мамиле кылыш керек.
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо жараяндарын өткөрүү боюнча жооптуу орган болгондуктан чет элдик саясий технологдордун парламенттик же президенттик шайлоолорго аралашып, саясий партиялардын же президенттикке талапкерлердин штабдары менен кызматташуусуна бөгөт коё турган мыйзам ченемдерин сунуш кылып чыкса болот эле.
Анткени келечекте бийликке келе турган саясий партиялардын же президенттикке талапкерлердин шайлоо штабдарында алардын программаларын иштеп чыккан саясий технологдордун чыныгы максаты эмнеде экенин биз билбейбиз да. Алар өз өлкөсүнүн кызыкчылыгын камтыган бийликтин кандайдыр бир чечимдерине мына ушундай жолдор менен таасир этиши ыктымал.
Ошого жол бербөө зарыл. Анткени буга чейин алыскы жана жакынкы чет мамлекеттерден эмне деген эксперттерди, саясий технологдорду чакырып, айтылышы укмуштай кооз мамлекеттик программаларды жана стратегияларды жаздырдык? Ошолордун бири биздин өлкөнүн өнүгүшү үчүн пайда алып келдиби? Албетте, жок. Ошондуктан этият болушубуз зарыл.