Маткерим Рахманбердиев Экинчи Дүйнөлүк согуш башталган биринчи күндөн тарта анын акырына чейин фашисттик баскынчылар менен салгылашып, Берлинге жеткен. Аскер мекенине 1946-жылы кайтып келген. Согуш учурундагы каармандыгы үчүн бир катар сыйлыктар менен сыйланган. Ал согушта чалгынчы-фотограф болгон деген маалымат бар. Ал 1995-жылы 80 жаш курагында каза болгон.
Биздин тарых
Жаштыгы согуш талаасында калган жоокер
Маткерим Рахманбердиевдин фотоальбомундагы сүрөттөр 1941-1945-жылкы Экинчи Дүйнөлүк согуш учурундагы аскерлердин жашоосун чагылдырат. 80 жаш курагында көзү өтүп кеткен согуш ардагеринин кан майдандагы фотоальбомун чогуу барактайлы.

21
Маткерим Рахманбердиевдин курдаштары менен. (Согуштан кийинки жылдары тартылган сүрөт).

22
Маткерим Рахманбердиев согуштан кийин үйлөнүп, он баланы тарбиялап өстүргөн. Өмүрүнүн акырына чейин Аксакалдар сотунун төрагасы болуп иштеген жана бир канча жолу айылдык, райондук, облустук кеңештин депутаттыгына шайланган. Өмүрүнүн акырына чейин коммунисттик партияга мүчө болгон.