Бразилияда өтүп жаткан жайкы Олимп оюндарында бүгүн спортчу Айсулуу Тыныбекова коло байге үчүн күрөшөт.
Айсулуунун күрөшү
![Айсулуу биринчи беттешинде, 1/8 финалда бразилиялык Жойс Силва менен күч сынашып 11:8 эсебинде жеңишке жеткен.](https://gdb.rferl.org/a3ded1fd-f3ae-46ca-9892-b5cd72c1a581_w1024_q10_s.jpg)
1
Айсулуу биринчи беттешинде, 1/8 финалда бразилиялык Жойс Силва менен күч сынашып 11:8 эсебинде жеңишке жеткен.
![Айсулуу Тыныбекова быйыл апрель айында Астанада өткөн азиялык лицензиялык мелдеште алтын байге алып Олимп оюндарына жолдомо алган. Финалдык таймашта монголиялык Орхон Пуревдоржду 10:5 эсебинде жеңген.](https://gdb.rferl.org/16409413-b03c-4a7a-8f67-7cbb2084acd6_w1024_q10_s.jpg)
2
Айсулуу Тыныбекова быйыл апрель айында Астанада өткөн азиялык лицензиялык мелдеште алтын байге алып Олимп оюндарына жолдомо алган. Финалдык таймашта монголиялык Орхон Пуревдоржду 10:5 эсебинде жеңген.
![Ал ошондой эле ушул жылдын февраль айында Таиланддын Бангкок шаарында өткөн Азия чемпиондугунда алтын медал тагынган.](https://gdb.rferl.org/74aaa386-c151-43f0-b8db-af93963db8c8_w1024_q10_s.jpg)
3
Ал ошондой эле ушул жылдын февраль айында Таиланддын Бангкок шаарында өткөн Азия чемпиондугунда алтын медал тагынган.
![Быйыл ал экинчи жолу Олимп оюндарында күчүн сынады. 2012-жылы Астанада болгон лицензиялык мелдеште Лондон олимпиадасына жолдомо алып, ал мелдеште 63 килограммга чейинки салмакта таймашкан. Биринчи беттешинде швециялык Хенна Юхенсонго жеңилип байгеден кур калып, 14-орунду алган.](https://gdb.rferl.org/47adb089-8a5c-4a59-ae9a-46c8e8390c33_w1024_q10_s.jpg)
4
Быйыл ал экинчи жолу Олимп оюндарында күчүн сынады. 2012-жылы Астанада болгон лицензиялык мелдеште Лондон олимпиадасына жолдомо алып, ал мелдеште 63 килограммга чейинки салмакта таймашкан. Биринчи беттешинде швециялык Хенна Юхенсонго жеңилип байгеден кур калып, 14-орунду алган.
![Чейрек финалда болсо 2015-жылдагы дүйнө чемпиондугунун күмүш байгесинин ээси финляндиялык Петра Олли менен таймашып 14:7 эсебинде утуп алган.](https://gdb.rferl.org/36063565-d59c-4888-96a9-d47db94c60e9_w1024_q10_s.jpg)
5
Чейрек финалда болсо 2015-жылдагы дүйнө чемпиондугунун күмүш байгесинин ээси финляндиялык Петра Олли менен таймашып 14:7 эсебинде утуп алган.
![Айсулуу Тыныбекованын ата-энеси, туугандары анын беттешүүсүн теле аркылуу көрүп, сүрөөнгө алуу үчүн Кочкордогу үйүнө чогулушкан. Майлы-Суу шаарынан 80 жаштагы таянеси да келген.](https://gdb.rferl.org/dcc333dd-49f9-4d93-81dd-dc3d69ee2f89_w1024_q10_s.jpg)
6
Айсулуу Тыныбекованын ата-энеси, туугандары анын беттешүүсүн теле аркылуу көрүп, сүрөөнгө алуу үчүн Кочкордогу үйүнө чогулушкан. Майлы-Суу шаарынан 80 жаштагы таянеси да келген.
![](https://gdb.rferl.org/2b8750c9-314f-406b-8f97-98eeb3eb7f27_w1024_q10_s.jpg)
7
![58 килограммга чейинкилер арасындагы жарым финалдык күрөштө Тыныбекова орусиялык Валерия Коблова менен таймашып, 4:1 эсебинде жеңилүү ызасын тартты.](https://gdb.rferl.org/5c085979-fa24-4156-9538-5aeec4a929ac_w1024_q10_s.jpg)
8
58 килограммга чейинкилер арасындагы жарым финалдык күрөштө Тыныбекова орусиялык Валерия Коблова менен таймашып, 4:1 эсебинде жеңилүү ызасын тартты.
![Коло байге үчүн таймаштар Бишкек убактысы боюнча 18-августка караган түнү саат 2:00до башталат.](https://gdb.rferl.org/0a7c2cbb-e859-467f-b3a8-d5e1c8c16359_w1024_q10_s.jpg)
9
Коло байге үчүн таймаштар Бишкек убактысы боюнча 18-августка караган түнү саат 2:00до башталат.
![](https://gdb.rferl.org/1cdfa400-5b48-4079-aee5-b1dbb4b01908_w1024_q10_s.jpg)
10