Бразилияда өтүп жаткан жайкы Олимп оюндарында бүгүн спортчу Айсулуу Тыныбекова жарым финалдык таймашка чыкты. 58 килограммга чейинкилер арасындагы күрөштө Тыныбекова чейрек финалда 2015-жылдагы дүйнө чемпиондугунун күмүш байгесинин ээси финляндиялык Петра Олли менен таймашып 14:7 эсебинде утту. Ага чейин биринчи беттешинде, 1/8 финалда бразилиялык Жойс Силва менен күч сынашып 11:8 эсебинде жеңишке жеткен. Эми жарым финалда орусиялык Валерия Коблова менен таймашат.
Рио-2016: Айсулуу Тыныбекова жарым финалда күрөшөт
![Айсулуу Тыныбекова Петра Олини 14:7 эсебинде утту](https://gdb.rferl.org/dcc333dd-49f9-4d93-81dd-dc3d69ee2f89_cx0_cy6_cw0_w250_r1_s.jpg)
Тектеш