Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:26

Кимсанов абакта сабалганы кабарланды


Абактагы Кимсановдун өмүрү коркунучтабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:33 0:00

Абактагы Кимсановдун өмүрү коркунучтабы?

Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановдун абакта сабалганын жакындары жана анын жактоочулары билдиришти. Бирок бул маалыматты ЖАМК төгүндөдү.

Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Эмилбек Кимсановдун 13-апрелге караган түнү сабалганы тууралуу анын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева «Фейсбуктагы» баракчасына жазган.

Маалыматка ылайык, түнкү саат үчтөр чамасында атын атагысы келбеген адамдар телефон аркылуу Эмилбек Кимсанов камалып турган камерага үч киши киргизилгенин, анын өмүрүнө коркунуч туулуп жатканын билдиришкен.

Ал эми Кимсановдун аялы Мария Заворотняя «Фейсбук» баракчасына «10-апрелде менин күйөөмдү тергөөгө алып келишкен. Адвокат анын сабалганынын далилдерин тартып алган» деп жазды.

Кимсановдун дагы бир адвокаты Гуляна Убалиеванын айтымында, ал Кимсановго 10-апрелде жолуккан. Ошол жерден анын денеси көгала болгонун көргөн. Кимсанов жактоочусуна аёосуз токмок жегенин айтып берген.

«Мага тергөөчү 10-апрелде телефон чалды. «Чукул келе калыңыз» деди. Мен жарым саатка жетпей Башкы тергөө башкармалыгына барып, Кимсановго жолуктум. Аны көргөндө эле мойнундагы тактарды байкадым. Ал абакка кирген күндөн тартып сабала баштаганын айтты. Бир күн да тынч болбой жатыптыр. Денесиндеги бир канча тактарды көрсөттү. Бардыгын сүрөткө тартып алдым. Анын денесинде эң аз дегенде канталаган жети так бар», - деди Убалиева.

Жактоочу бул окуядан кийин 11-апрелде Башкы прокуратурга арыз жазган. Ал Кимсановдун сабалышы боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалышын талап кылууда. Бирок Бишкектеги өзгөчө кырдаал режиминен улам Убалиева кардарына ошол боюнча жолуга элек.

Ал эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Кимсановдун сабалышын төгүндөп жатат. Мекеменин басма сөз катчысы Самат Калыковдун айтымында, 13-апрелге караган түнү «Эмилбек Кимсановдун өмүрүнө коркунуч туулду» деген маалымат чыгары менен ЖАМКтын атайын тобу барып, анын абалынан кабар алып келген.

«Биздин атайын ыкчам топ барып, Кимсановго жолугуп келди. Ал өз колу менен түшүнүк кат жазып бериптир, анда эч кандай коркутуп-үркүтүү, кол көтөрүү болбогонун, эч кимге доосу жок экенин жазып берген. Тергөө абагынын коридорлорунда түнү-күнү камералар онлайн тартипте иштейт», - деди Самат Калыков.

Жактоочулар бул окуяны териштирүү үчүн Акыйкатчы институтуна жана Кыйноого каршы улуттук борборго кайрылышкан.

Акыйкатчынын басма сөз катчысы Барно Сабирова «​тиешелүү мекелерден абакка барып келүүгө уруксаты алынары менен Кимсановго жолугуп келебиз»​ деди:

«Акыйкатчы бул иш боюнча тиешелүү кызматтарга такташ үчүн тапшырмаларды берген. Алар тергөө изоляторунун башчысы менен сүйлөшкөндө Эмилбек Кимсановдун жазып берген түшүнүк каты бар экенин айткан. Анда Кимсанов «эч кимге дооматым жок, колумду дубалга өзүм уруп алдым» деп жазган экен. Бирок биздин кызматкерлер жакынкы күндөрү абакка барганга аракет кылышат. Ал жерден Кимсановдун өзү менен көзмө-көз сүйлөшүп келишет».

Эмилбек Кимсанов Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов аны кылмыштуу ишке түрткөнүн айткан видеосун анын жубайы Мария Заворотняя 10-апрелде Интернетке жарыялаган.

Видео тасмада Кимсановду Райымбек Матраимов эркине койбой жумушка тартканын, «Азаттык» радиосунун Прагадагы кеңсенин кызматкери, иликтөөчү журналист Али Токтакуновдун үй даректерин жана башка жеке маалыматтарын бергени айтылат.

«Али Токтакуновдун бүгүнкү күндөгү даректерин мага таап келесиңер, Прагадан, тирүүбү-өлүкпү, мага алып келесиңер» деп, ушундай буйруктарды берет, - деген ал.

«Али Токтакуновдун бүгүнкү күндөгү маалыматтары, Прагадан табасыңар» деп Эмилбек Кимсанов телефонунан көрсөтүп жатканын көрүүгө болот.

Ал эми видеодо аты аталган Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Кимсановдун билдирүүсү боюнча комментарий бере элек. Анын агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов «шайлоо астында мындан да укмуштуу, фантастика жанрдагы башка жомоктор чыгат» деп билдирди:

Искендер Матраимов.
Искендер Матраимов.

«Кимсанов аттуу киши Райымбекке койгон айыбы үчүн Кудайдын астында гана эмес, мыйзамдын астында да жооп берсин. Анын сөздөрүн укук коргоо органдары текшерсин. Мен элиме, ар бир кишинин айткан сөздөрүнө оӊойлук менен ишенбегиле деп кайрылат элем. «Азаттыктын» журналисти, бурмаланган маалыматтар менен окурмандарынын ишенимине кирип, бизди жаман атка кондурам деген ниетине эл жана убакыт тараза болсун. Токтакуновдун ден соолугу ага эмес, бизге азыр көбүрөөк керек».

Ал арада «Жарандык көзөмөл комитети» Кимсановго окшогон ири коррупциялык иштердин негизги күбөсүн коргоп калыш үчүн президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды. Аталган комитеттин координатору Динара Ошурахунова буларга токтолду:

Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

«Бир кезде кытайдын жараны деген Айеркен Саймаити иликтөөчү журналист Али Токтакуновго коррупциялык иштерди ачыкка чыгарганы үчүн аны өлтүрүп кетишти. Эми Кимсанов да бул жөнүндө айтканы үчүн аны абакта тепкилеп жатышат. Бийлик коррупция менен чындап күрөшөбүз десе Кимсановго окшогон негизги күбөнү коргоп калышы керек. Саймаитини өлтүргөндөй Кимсановду да өлтүрүп койбосун деп чочулап жатабыз».

«Бир дүйнө» укук коргоо кыймылынын жетекчиси Төлөкан Исмаилова карантинге шылтап, бийлик абактагы адамдар менен адвокаттардын жолугушуусуна тыюу салышын адам укуктарын тебелөө деп эсептейт.

Төлөкан Исмаилова.
Төлөкан Исмаилова.

«Биз коопсуздук маселесин түшүнүп жатабыз жана алардын койгон талаптарына макулбуз, - деди ал. - Бирок акыйкатчы менен Кыйноого каршы улуттук борбордун өкүлдөрү абактагы адамдардын акыбалын көзөмөлдөшү керек болчу. Бул жерде алардын конституциялык укуктары бузулуп жатат. Биздин уюмга абакта отурган Кимсановдон башка да адамдар кыйноого кабылганын билдирип жатышат. Бирок алардан кабар алгандар тилекке каршы жок болуп жатат».

Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурат. Ал башка бажы кызматкери Автандил Конгантиевдин аны Эмилбек Кимсанов менен Төлөгөн Рахманберди уулу аттуу адам токмоктогону тууралуу жазган арызынын негизинде быйыл февралдын этегинде Орусиядан кармалып келген жана сот чечими менен үй камагына чыгарылган.

Эмилбек Кимсановдун бөгөт чарасы 31-мартта өзгөртүлүп, №1 тергөө абагына киргизилген. Мурдагы бажычынын камак мөөнөтү 16-июнга чейин узартылганын «Азаттык» радиосу Бишкектин Биринчи май райондук соту 8-апрелде маалымдады. Сот мындай өтүнүчтү Башкы прокуратура бергенин билдирди. Ишти тергеп жаткан ИИМ да, Башкы прокуратура да буга түшүндүрмө бере элек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG