Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:33

Добуш сатуунун жаңы түрлөрү чыкты


Кыргызстандын президентин шайлоо учурунан бир көрүнүш. Октябрь, 2017-жыл.
Кыргызстандын президентин шайлоо учурунан бир көрүнүш. Октябрь, 2017-жыл.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону утурлай жер-жерлерде добуштарды дүңүнөн сатып алуу аракеттери боюнча маалыматтар көбөйдү.

Айыл өкмөттөрдө бийлик партиясы менен сүйлөшүп, айылдын добушун чогуу бир партияга берүү боюнча сүйлөшүүлөр күчөгөн. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) быйылкы шайлоодо добуштарды саткан шайлоочулар да, сатып алган саясий партиялар да жазаланарын маалымдаган. Эксперттер ал ишке ашарынан күмөн санап жатышат.

«Добушубуз үчүн канализация киргизип берсин»

Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринин тургуну Кайырбектин «Азаттыкка» билдиргени боюнча, алардын конуш башчысы шайлоодо добуштарды бир эле партияга сатып, көчөгө суу жана канализация киргизип алуу маселесин чечүүнү жашоочуларга сунуш кылган. Кайырбектин сөзүнө караганда, учурда жаңы конуштагы тургундарга ар кайсы саясий партиялардан «силер бизге добуш, биз силерге жакшы шарт түзүп беребиз» деген сунуштар түшүп жатат.

«Биздин көчөдө канализация жок, - деди ал. - Чогулуп киргизип алалы десек, адамдарда акча жок, бири берсе башкасы бере албайт. «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын өкүлү ортого түшүп, бизге канализация киргизүү маселесин чечип берүүгө убада бериптир. Башчыбыз кечээ чогулушта анын сунушун бизге айтып: «Кандай дейсиңер?» деп сурады. Эмне демек элек, баарыбыз эле макул болдук. Шайлоонун шылтоосу менен жашообуз жеңилдеп калганы жакшы да. Антпесе элдин биринде акча болсо, биринде жок болуп эле, жүдөдүк».

Бишкек шаарынын тургуну Зулайка Эркимбаева да «Мекеним Кыргызстан» партиясы үчүн добуш топтоого мажбурлоо болуп жатканын «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Ушундай жол менен саясий партияларга добуштарын дүңүнөн берип, анын ордуна жашоо шартын жакшыртыш үчүн ФАП, спорт зал курдуруп, айыл чарба техникасын саттырып алуу же жолун оңдотуу сыяктуу муктаждыгын чечип алыш үчүн партиялар менен сүйлөшүүлөр аймактарда да жүрүп жатканы кабарланууда.

«Үч кишини каттатпасаң, иштен кетесиң»

Ошол эле учурда кээ бир аймактарда «бийликчил партияларга добуш бересиң» деген басым-кысым жетекчилик, жергиликтүү бийлик тарабынан ачык эле жүрүп жатканы тууралуу да даттангандар көп. «Кыргызмунайгаз» ишканасынын кызматкери «Азаттыкка» кайрылып, жетекчилик тарабынан каттоосун Кочкор-Ата шаарына которууну талап кылып жатышканын билдирди:

«Мен айылда катталганмын. «Эми «Форма-2ни» толтуруп, Кочкор-Ата шаарына каттоого турасыңар» деп мажбурлап жатышат. Өзүбүздү эле эмес, үй-бүлөбүздөгү үч кишини кошо шаарга каттоого тургузушубуз керек экенин айтышты. Жетекчилик ачык эле «"Биримдик" саясий партиясына шайлайсыңар» деп опузалап жатат».

Бул маселе боюнча «Кыргызмунайгаз» ишканасынын жетекчилигинен жооп алууга мүмкүн болбоду. Кабылдамадагы кызматкер мындай маалыматты билбей турганын, жетекчилер учурда жок экенин «Азаттыкка» билдирди.

Ал эми кеп болуп жаткан «Биримдик» саясий партиясы басым-кысым тууралуу бардык маалыматтарды четке кагууда. Партиянын расмий өкүлү Адилет Султаналиев муну келе жаткан парламенттик шайлоону утурлай партияны каралоо аракети катары баалады:

«Азыркы учурда түрдүү дооматтар ар бир эле партияга айтылып жатат, бирок көпчүлүгү негизсиз. Менин пикиримде, бүгүнкү Кыргызстандагы сөз эркиндигин, ачык-айкындыкты эске алганда айтылып жаткан административдик ресурсту пайдалануу дээрлик мүмкүн эмес, тескерисинче аны колдоном деген партияга зыянын гана тийгизет. Ошондуктан «Биримдик» саясий партиясы эч кандай административдик кысымга барбайт. Биздин партия шайлоо мыйзамдарынын талаптарын бекем сактайт жана башка саясий партиялар да андайга жол бербейт деп үмүттөнөбүз».

Буга чейин БШКга 21-августта да «Биримдик» партиясынын пайдасына мыйзамсыз үгүт жүргүзүлгөнү боюнча арыз түшкөн. Анда «Реформа» партиясынын өкүлдөрү Бишкектеги №12 жергиликтүү аймактык башкармалыгынын жетекчиси Темир Касымов административдик ресурс колдонуу менен «Биримдик» партиясына үгүт жүргүздү деген маалымат беришкен.

Август айынын аягында Нарын районунун Чет-Нура айылына «500 миң сомго комбайн алып бериш үчүн 300 добуш чогултуп бересиңер» деген соодалашуунун чоо-жайы айтылган тасма Интернетте тараган. Анда да «Биримдик» саясий партиясынын аты аталган.

Ал эми «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын мүчөсү, талапкер Элнура Алканова партиянын дарегине айтылган дооматтарды «куру жалаа» деп атады:

«Биздин партиянын дарегине айтылып жаткан маселелер боюнча биз да тынчсызданып жатабыз. Себеби андай куру жалаанын артында ким турганы азырынча белгисиз. Партия добуш сатып алууга жана административдик ресурс колдонууга караманча каршы. Эгерде биздин партиянын кайсы бир мүчөлөрү партиянын саясий позициясына дал келбей турган иштерди жасап жатса, аларды мүчөлүктөн чыгарабыз. Эгер биздин талапкерлер ошондой иштерди кылып жатса, мыйзам чегинде жоопко тартылат. Биз муну «атайылап бизге каршы жасап жатат» деп башкаларды айыптоодон да алыспыз. Эмне үчүн «Мекеним Кыргызстан» партиясынын аты аталып жатканы түшүнүксүз. Укук коргоо органдары ушундай билдирүүлөрдү жакшылап иликтөөгө тийиш».

Добушун саткан адам камалат

БШК шайлоо мыйзамдарына жана Жазык кодексине киргизилген жаңы ченемдер добуш сатып алууну азайта турганын билдирген. Ага ылайык добуш сатып алган адамдар 220 миң сомдон 260 миң сомго чейин айыпка жыгылат. Эгерде добуштарды сатып алуу жапырт мүнөздө болсо, анда бул үчүн жазасы 2,5 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланышы мүмкүн.

Абдыжапар Бекматов.
Абдыжапар Бекматов.

БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов быйылкы ченемдерге ылайык, добушун саткан шайлоочулар да жоопко тартыларын «Азаттыкка» билдирди:

«Жазык кодексинин 192-беренесине ылайык, шайлоочулардын добушун сатып алууга аракет кылган саясий партиялардын өкүлдөрү, талапкерлери, алардын жакындары жоопкерчиликке тартылат. Аларга айыппул салынып, беш жылга чейин эркинен ажыратылат. Боршайком ал партияны шайлоодон четтетүүгө укугу бар. Добушун саткан шайлоочу 2,5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Мындан тышкары айыппул салынат. Эгер шайлоочу добуш сатып алуу аракети тууралуу өзү билдирсе, жоопкерчиликтен кутулат».

Парламенттик жана президенттик шайлоодо добуш сатып алуу аракети боло жүргөн көрүнүш. Мындан беш жыл мурунку шайлоодо бир добуш миң сомго бааланганы айтылып жүрөт. Байкоочулардын баамында, быйылкы шайлоодо бул баа эселеп көбөйөрү азыртан эле ачык болуп калды.

Муну белгилеген серепчи Байтемир Ибраев добуш сатууну жана сатып алууну камап же айыпка жыгуу менен токтотууга мүмкүн эмес деген пикирде.

Байтемир Ибраев.
Байтемир Ибраев.

«Камап салуу менен тыя албайбыз, - деди ал. - Бул маселе шайлоо сайын эле көтөрүлөт. Балким шайлоо өнөктүгүн жүргүзүүнүн тартибин өзгөртүш керек. Мисалы, үгүттү ТВ, радио жана башка маалымат каражаттары аркылуу гана жүргүзүп, жер-жерлерде үгүтчүлөр менен элдин байланышын азайтыш керек. Акча таратуунун булагы ошол жакта. Бул сунуштар мурда деле берилген. Ушундай жол менен барсак, бара-бара азайышы мүмкүн. Күч колдонуу же соттоо менен токтото албайбыз».

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган.

Башында шайлоого катышарын 44 саясий партия билдирип, БШКга кайрылган. 24-августка карата талапкерлердин тизмесин жана башка тиешелүү документтерин берген 17 партия катталган. «Кыргызстан» саясий партиясынын документтерин Боршайком «мөөнөтүнөн кечиктирип берген» деген жүйө менен артка кайтарган. Учурда БШК менен бул партия соттошуп жатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG