Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:56

Шайлоонун жаңы ыкмасы талкууга коюлду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте преференциалдык шайлоо ыкмасын киргизүү боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатат.

Мыйзамды Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Жанарбек Акаев жана Рыскелди Момбеков иштеп чыккан. «Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору 4-ноябрдан тартып коомдук талкууга коюлду.

Бүгүнкү талкууга Өмүрбек Текебаев, Адахан Мадумаров, Темир Сариев, Феликс Кулов сыяктуу партия лидерлери, саясатчылар жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Талкууда аталган документтин авторлорунун бири, депутат Жанарбек Акаев мыйзамдын маани-маңызы тууралуу кыскача түшүндүрмө берди:

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

- Электрондук добуш берүү аркылуу преференциалык шайлоо системасын ишке ашыралы деген оюбуз бар. Түпкү маңызы шайлоочу партияга добуш берүү аркылуу партиянын ичиндеги талапкерлерге да добуш бериш керек. Азыр болсо шайлоочулар партияга гана добуш берет. Ал эми партиянын курамын партия лидери же саясий кеңеш гана аныктап коюп жатат.

Жыйынга катышкандар электрондук добуш берүүчү аппаратты да көрүштү. Анда адамдардын шайлоого катышып жаткан партияны, анын ичинен талапкерди да тандоо мүмкүнчүлүгү иш жүзүндө көрсөтүлдү. Ага ылайык көп добуш алган талапкер партияда канчанчы орунда жазылганына карабай алган добушуна жараша алдыга жыла берет.

Шайлоо мыйзамы: саясатчылар бийликке кайрылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:02 0:00


«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кыргызстандагы шайлоо системасына жарандар нааразы экенин айтты. Ал бул талкууда сүйлөп жатып өлкөдөгү саясий түзүлүштү шайлоо системасы дискредитация кылганын билдирип, аны оңдош керек экенин кошумчалады.

Бирок Текебаев жаңы шайлоо системасы кайсы гана бийликке болбосун жакпай турганын белгиледи:

Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

- Бул бүгүн эл колдоп жаткан жакшы идеяны бийлик колдобосо ал өтпөйт. Бирок бүгүнкү бийлик буга кызыкчылыгы жок. Бийлик эмнеге каршы? Анткени жаңы мыйзам кабыл алынып калса партиядагы талапкерлердин баары жапа тырмак иштейт. Ошентип оппозициялык жана жаш партиялардын шайлоодон утуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Бүгүнкү бийлик деген ким? Бүгүнкү бийлик - Сооронбай Жээнбеков. Ал киши «мен парламентаризмди колдойм. Парламентаризм - негизинен партиялардын ортосундагы атаандаштык система. Аны да колдойм» деп быйыл апрелде айтыптыр. Алтын сөздөр. Колдош керек. Ошондо Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштү далилдеген болот. Анткени бул саясий коррупцияга каршы чоң аракет.

Жыйынга катышкан Жогорку Кеңештин депутаты, мыйзам долбоорун иштеп чыккандардын бири Рыскелди Момбеков бийлик шайлоо мыйзамдарындагы кемчиликтерди оңдоого эмес, мыйзамдарды бийликке ыңгайлаштырууга аракет кылып жатканын айтты:

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

- Ар бир шайлоо өткөн сайын шайлоодо кетирилген кемчиликтерди бийлик эске алып, аны оңдогонго аракет кылышы керек болчу. Тилекке каршы, азыркы бийлик шайлоо мыйзамдарын оңдоп-түзөөгө эмес, көз көрүнөө эле өзүнө ыңгайлуу кылууга аракет кылып жатат. Азыркы шайлоо - шайлоо, анан тандоо деген эки баскычтан туруп калды. Эл партияны шайлайт. Андан кийин партия лидери ант бергендер менен акча бергендерди тандайт. Бул деген шайлоо да, тандоо да эмес, алдоо. Азыр болсо кийинки шайлоого даярдык башталды. Бийлик аймактарды, андагы каймактарды тандай баштады. Кадыры калыңдарды эмес, капчыгы калыңдарды тандап атышат.

22-октябрда да Жогорку Кеңешке өтүүнүн босого чегин тогуз пайыздан түшүрүү боюнча талкуу болгон. Анда чекти жети, беш, үч пайызга чейин төмөндөтүү жөнүндө сунуштар айтылган. Айрымдар парламентке өтүүнүн босого чегин такыр эле алып салыш керек экенин айтып чыгышкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG