Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:46

Евробиримдик жарандык көзөмөлдү күчөтөт


Иллюстрация
Иллюстрация

Евробиримдик Кыргызстандагы президенттик шайлоого жарандык көзөмөлдү күчөтүү үчүн өкмөттүк эмес беш уюмга каржылык жардам берди.

Кыргызстандагы жарандык коомдун өлкөнүн шайлоо системасын реформалоо процессине кошкон салымын күчөтүү максатын көздөгөн долбоор быйыл мартта башталган. Аны каржылоого Европа Биримдиги бир миллион евро бөлгөн.

Беш бейөкмөт уюм биригип учурда аны ишке ашырып жатканы Бишкекте өткөн жыйында белгилүү болду.

Маселен, “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы”. Бул уюмдун 60 байкоочусу бир айдан бери иштеп жатат, добуш берүү күнү дагы 1000 байкоочусу добушканаларда иштейт.

Уюмдун атынан бүгүнкү күнгө карата Борбордук шайлоо комиссиясына он кайрылуу жөнөтүлдү дейт координатор Улан Дастан уулу:

- Мисалы, Бишкекте Кулатов жана Совет көчөлөрүнүн кесилишинде талапкерлердин бирине үгүттөгөн машиналар өтүп жатканда патрулдук милиция аларга жол ачып бергени боюнча кайрылганбыз. Боршайком ал мыйзам чегинде жүргөн деп жооп берди. Бир талапкер мектептин имаратын колдонуп жатат деген кайрылуу болгон. Бирок ал келишимдин негизинде болгон, мыйзам бузуу жок деген жооп берилди.

Бул окуялар убагында интернеттеги социалдык тармактарда катуу талкууланып, бийлик КСДПдан талапкер Сооронбай Жээнбековдун пайдасына административдик ресурсту колдонуп жатат деген айыптоолор айтылган. Бирок Боршайкомдун жогорудагыдай чечимдерине каршы чыккандардын көзөмөл арыздары Жогорку Сотко чейин жетип, ал жактан да Борбордук комиссия утуп чыккан.

Боршайкомдун аппарат башчысы Бакыт Жумагулов муну мыйзам чегинде иштөөнүн натыйжасы деп билерин айтты:

- Ооба, айрым чечимдер боюнча талапкерлер да, шайлоонун башка катышуучулары да сотко берип жатышат. Биздин юристтер өз жүйөлөрүн келтирип, БШКнын чечимдери мыйзамдуу болгонун далилдөөдө.

Жалпысынан, Бакыт Жумагуловдун белгилешинче, бүгүнкү күнгө карата Боршайкомго 70ке жакын түрдүү арыз-даттануу келип түштү, алардын көбү үгүт эрежелеринин бузулушу жана административдик ресурстун колдонулушуна байланыштуу.

Евробиримдик каржылаган долбоордун алкагында жалпы шайлоого даярдык, үгүт иштеринин жүрүшү, арыз-даттануулар менен катар талапкерлердин убадалары да көзөмөлгө алынып жатат.

Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстандыктар ушу тапта президент болом деген талапкерлердин көптөгөн пландарын угуп, кимисин тандасам деп ойлонуп турган кези. Ар бир шайлоо жараяны толгон-токой түрдүү убадалар менен коштолуп, кийин алардын көбү аткарылбай, ошо бойдон унутулуп калгандыктан жарандык активисттер тобу бир нече жыл мурда атайын сайт ачышкан.

Анда кайсы саясатчы кандай убада берген, алары аткарылдыбы же жокпу, көзөмөлдөнүп турат.

Долбоордун жетекчиси Наргиза Нанакееванын айтымында, дал ушундай жарандык көзөмөл саясатчыларды эл алдында убада берүүдө этият болууга үйрөтөт:

- Тилекке каршы, популисттик убадалар дале көп. Бирок жалпысынан саясатчылар убадаларын ойлонуп, анализ жүргүзүп туруп бергенди үйрөнө башташты.

Жогоруда аталган эки уюмдан тышкары Евробиримдиктин бул долбооруна шайлоочулар менен иш алып барып жаткан “Адилет” укуктук клиникасы, гендердик талаптардын сакталышына көз салган Социалдык технологиялар агенттиги жана журналисттердин ишин көзөмөлдөп жаткан Медиа өнүктүрүү борбору катышууда. Долбоор 2019-жылы жыйынтыкталат.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. 12 талапкер ат салышууда.

Европа Биримдигине 28 мамлекет мүчө. Кыргызстандын бул уюм менен кызматташтыгы расмий түрдө 1999-жылы башталган. Ал негизинен демократиялык институттарды бекемдөө, экономика жана экология багытындагы долбоорлорду каржылап келатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG