Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:09

Соттолгон саясатчылар: талаштуу чечим


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жарандык коомдо саясий себептер менен козголгон кылмыш иштерине карата соңку соттук өкүмдөргө байланыштуу бул тармакта өзгөрүү болбой жатканы боюнча нааразылыктар чыкты.

Саясатчылардын айрымдары болсо, соттор президенттин тазаланууга жасаган чакырыгын тоготпой жатканын айтышууда. Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга даярдык көргөндөрдү актоого мүмкүн эместигин жүйө келтиришти.

"Көнүмүш адат"

Жогорку соттун кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясы "төңкөрүш уюштурууга даярдык көргөн" деген кине менен соттолгон саясатчылар Бектур Асановдун, Кубанычбек Кадыровдун, эксперт Эрнест Карыбековдун жана коомдук ишмер Дастан Сарыгуловдун иши боюнча 7-июнь күнү өкүм чыгарды.

Арызды караган Жогорку сот саясатчыларды күнөөлүү деп тапты. Бирок алардын жаза мөөнөттөрү кыскарып, Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров 8 жылга, Эрнест Карыбеков 14 жылга эркинен ажыратылды. Буга чейин шаардык сот Асанов менен Кадыровду 12 жылга, ал эми Карыбековду 20 жылга кескен. Булар менен бирге айыпталган коомдук ишмер Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратуу боюнча сот өкүмү күчүндө калды.

Жарандык активист Мавлян Аскарбеков ишти караган судьялар мурда көнүп калган өнөкөт адаты менен эле өкүм чыгарды деп эсептейт:

Малвян Аскарбеков.
Малвян Аскарбеков.

- Бүгүн кезегинде Манас Арабаевге окшоп, Ак үйдүн жетинчи кабатынан сотторго буйрук берген эч ким жок. Бирок президенттин "ишти акыйкат карап, мыйзам чегинде өкүм чыгаргыла" деген сөзү сотторго дагы деле жете элек экен. Мына азыр менин өзүмдүн ишим каралып жатат. Башка сот жараяндарына катышып жүрөм. Бүгүн ишти кароодо соттордун өзүндө мандем болуп жатат. Өмүр бою буйрук аткарып же акча алып чечим кабыл алып, көнүп калган соттор жаңыча иштей албай жатышат. Айрым соттор ачык эле "Ак үй жактан чечим алып келгиле" деген сөздөрдү айтып жатышат.

Соттолуучулардын адвокаттары судьялар курамын ишти кароодон четтетүүнү өтүнүп, бирок анысы четке кагылды. Бектур Асановдун адвокаты Акин Токталиев бул соттук курамда ишти караган судья Болотбек Акматовдун экс-президент Атамбаевге тууганчылык жайы кызыкчылыктардын кагылышын жаратып, сотто алардын жүйөлөрү эске алынбай калганын айтты:

Акин Токталиев.
Акин Токталиев.

- Сот жараяны үч судьянын соттук курамында өтүп, ишке Жогорку соттун төрагасынын кылмыш иштери боюнча орун басары, судья Качыке Эсенканов төрагалык кылып, Арзыбек Акиев деген судья, анан баяндоочу судья Болотбек Акматов катышты. Болотбек Акматов деген судья мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын тууганы болот экен. Бул боюнча учурунда маалымат каражаттарында жазылган. Ал өзү Жогорку сотко судьялыкка келе жатканда парламентте да аны менен ага-ини экенин ырастаган. Анан бул соттук курамда ошол киши ишти карап, өкүмдү окуду. Бизде ал судья өзүнүн агасы, мурдагы президент Атамбаевди уят кылбайын деп, жаза мөөнөттөрүн эле бир аз кыскартканы болбосо, ошол мурдагы боюнча эле калтырууга өбөлгө түзүп, таасир этти окшойт деген пикир калды.

"Далилдер саясатты тандабайт"

Анткен менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин санаалаштары ишти караган Жогорку соттун судьялары мыйзамдуу өкүм чыгарды деп эсептешет.

КСДП партиясынын мүчөсү Алга Кылычов "экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тууганы бул иш боюнча сот өкүмүнө таасир этти" деген сөздөргө кошулбайт:

Алга Кылычов.
Алга Кылычов.

- Аталган судья Атамбаевдин өтө жакын тикелей тууганы дегенге жатпайт. Анан калса Атамбаев бийликтен кетти да? Анан ал ага кантип таасир эте алмак эле? Бул жерде соттор өз алдынча эле мыйзамдын чегинде ишти карап, өкүм чыгарганы көрүнүп турат. Анан азыркы президент Сооронбай Жээнбеков да кайсы бир саясий күчтөрдүн таасирине кирип, соттордун ишине кийлигишпей, ишти мыйзамдын алкагында гана карашына өбөлгө түздү. Бул жерде мурдагы соттук инстанцияларда да, Жогорку сотто да тергөөдө топтолгон далилдердин негизинде гана сот чечим чыгарды. Ошондуктан сот туура эле чечим кабыл алды деген жыйынтык чыгарсак болот. Бакиевдин тушунда мыйзамдуу жолдор менен иштебей, айрымдарды жок кылганга чейин барышканын коомчулук унута элек. Атамбаевдин бийлигинин тушунда бардык чуулгандуу иштер соттордо мыйзам чегинде гана каралып, кылмышка шектүүлөр жоопко тартылган.

Өткөн аптада бул иш боюнча айыпталгандардын бири, коомдук ишмер Дастан Сарыгулов башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылып, кылмыш ишин кайрадан карап чыгып, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган. Соттолуучу Кубанычбек Кадыровдун адвокаты Данияр Маманов эми жаңы ачылган жагдайлардын негизинде ишти кайра соттук кароого даттануу үчүн материалдар топтолуп жатканын билдирди.

Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков 2016-жылдын мартында “бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” деген айып менен кармалган. Соттолгондор кылмыш ишин саясий буюртма деп эсептеп, Жогорку сотко даттанышкан болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG