Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:20

«Манас Менежменттеги» мандем (жаңыланды)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Буга чейин коррупциялык чуулгандуу иштерге байланыштуу аты чыккан, «Манас» аба майданына караштуу «Манас Менежмент» компаниясынын жетекчиси Асан Токтосунов кызматынан кетти.

Бирок анын өзүнө компаниянын эсебинен 11 млн. сомдон ашуун сый акы чегерип алган, авиакомпаниялар үчүн борттук тамак-ашты даярдоо, сатуу жана авиажүктү уюштурууга байланышкан деген дооматтар коюлса да жоопкерчиликке тартуу маселеси чечилген эмес. Былтыр жайында жүк ташуу менен борттук тамак-ашты уюштуруучу «Манас Менежмент» компаниясынын 80% үлүшүн мамлекеттин кызыкчылыгына каршы кымбат баада сатып алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок бул иштин жыйынтыгы кандай болгону эмдигиче белгисиз.

Миллиондоп чегерилген сый акылар

Жакында эл аралык «Манас аба майданы» ачык акционердик коомунун карамагындагы «Манас Менежмент компаниясы» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин чечими менен анын президенти Асан Токтосунов кызматынан алынды. Директорлор кеңеши анын ордуна Мурат Примбердиевди дайындады. Буга чейин «Манас Менежмент» компаниясынын президенти Асан Токтосунов мамлекеттик ишкананын эсебинен 2 миллион сом чыгым кылып, эмгек жамаатына жаңы жылдык шаан-шөкөт өткөргөнү боюнча видео материалдар Интернетке тараган болчу. Мындан сырткары директорлор кеңешинин чечими менен мамлекеттик үлүшү бар компаниянын эсебинен Асан Токтосуновго айлыгынан сырткары жыл сайын ири өлчөмдө сый акы чегерилип келген фактыларды ырастоочу финансылык документтердин көчүрмөсү Интернетке чыккан эле. Директорлор кеңеши 2012-жылы компаниянын президенти Асан Токтосуновго 6 454 402 сом, 2013-жылы 10 967 281 сом, 2014-жылы 11 271 484 сом, 2015-жылы 4 092 987 сом, жалпы 32 миллион сомдон ашуун сый акы берилгени көрсөтүлгөн.

Юридика илимдеринин доктору, юрист Кайрат Осмоналиев ушундай кашкайган кыңыр иштерге карабастан тиешелүү жетекчилердин жоопкерчилиги каралбай жаткан жагдайга байланыштуу буларга токтолду:

Кайрат Осмоналиев.
Кайрат Осмоналиев.

«Ырас, бийлик унчукпай, чара көрбөй келе жаткан болсо, демек, бул жерде алар өз ара келишип, тил табышып алышканбы деген ой кетет. Борттук тамак-аштын баасын өз кызыкчылыгына карата коюп алса, менежмент начар болсо, анан дагы ал чыгымдардын бардыгы авиабилеттин баасына кошулуп, кымбат болуп турса албетте, буга эл нааразы болот. Мамлекеттик үлүшү бар компанияны жетектеп туруп, ошондой олчойгон сый акыларды өздөрүнө жаздырып алган жетекчилер кызматтан эле алынбастан, жоопко тартылышы зарыл. Тараган тасмада алардын жаңы жыл астында компаниянын акчасын каалагандай чачып, эсирип, шаан-шөкөт уюштурган жорук-жосундары ачыкка чыгып жатпайбы. Бул жерде миллиондогон сом сый акыларды кандай жолдор менен чегерип алганына сөзсүз укуктук баа берилүүгө тийиш».

«Манас» эл аралык аба майданы» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин ошол кездеги мүчөсү Жолдошбек Токторбаев «Манас Менежмент» компаниясынын мурдагы президенти Асан Токтосуновдун ишмердиги боюнча маалымат каражаттарына чыккан материалдар каралып, башкармалыктын жетекчилигине аны иликтеп чыгып, жыйынтыгы боюнча маалымат берүү тапшырылганын билдирди. Жолдошбек Токторбаев директорлор кеңешине төрага болуп келгенден кийин гана андагы жагдайдан кабардар болгонун айтты:

«Ал жетекчиси кызматтан кетирилди. Жаңы келген жетекчиге ошол иштерди кылдат териштирип, ишти тартипке салуу тапшырылган. Бул маселе биздин директорлор кеңешинде да каралып, башкармалыкка «бул ишти иликтеп чыгып, анан жооп берип койгула» деп кайрылганбыз. Бул компания жабык акционердик коом болгондуктан биз алардын ошондой өлчөмдө сый акы алып жүрүшкөнүн билбептирбиз. Бул тууралуу мен өзүм төрагалыкка январь айына кызматка келгенден кийин билдим. Ошондо биз бул маселени көтөргөнбүз».

Тамак-аш баасы, жүк ташуунун күмөндүү жагдайы

Мындан сырткары бир катар жергиликтүү интернет-сайттардагы атайын кызматтын 2018-жылдагы иликтөөсүнө таянган маалыматтарда 2016-2017-жылдары «Манас» аба майданындагы «Манас Менежмент» компаниясы аркылуу жүктү каттоосуз ташып өтүүгө байланышкан аткезчилик схемалар билингени берилген. Анда жасалма компаниялар ташыган жүктөрдүн көлөмүн азайтып көргөзүү же такыр эле каттабай коюу аркылуу бажы төлөмдөрүн жана салыктарды төлөбөй койгон учурлары жана анын кесепетинен бюджетке миллиондогон сом каражат түшпөй жатканы боюнча маселе козголгон. Ошондой эле «Манас Менежмент» компаниясы авиакомпаниялар үчүн борттук тамак-аштын баасын 10, 20 евродон баштап 45 еврого чейин жогору коюп алганы документтерде көрсөтүлгөн. Бул жүргүнчүлөрдүн авиабилеттеринин баасына кошумча жүктөлгөн акы болуп, ошондуктан анын наркы кымбат болуп жатканы белгиленген.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Манас» эл аралык аба майданы» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Жолдошбек Токторбаев борттук тамак-аштын баасы жана авиа жүк ташуудагы контрабандалык схемалар тууралуу төмөндөгүдөй комментарий берди:

«Борттук тамак-аштын баасы 45 евро болбосо керек. Андай борттук тамак-ашты билбейм, анда кандай авиакомпаниялар алат? Менимче анын баасы 10 доллардын тегерегинде болчу. Негизи кандай баадагы тамак-аш алышты авиакомпаниялар өздөрү тандайт. Бул эми жанагы чартердик рейстер келгенде эле ошондой кымбат баадагы борттук тамак-аш алдырылбаса, көпчүлүк компаниялар 10 долларга жетпеген баадагы эле борттук тамак-аш алышат. Анан экинчиден ал жакта контрабанданы тескей турган бажы органдары бар. Мен бул жерде жүктөрдү контрабандалык жолдор менен эле алып өтүп, учактар менен ташып жаткан болушу мүмкүн деп кесе айта албайм. Себеби бизде андай фактылар жок. Негизи бул иштерди Финансы полициясы текшерип чыкканын айтып жатышат. Эгерде кандайдыр бир фактылар болсо, чыгат эле да».

Ошол эле кезде «Манас» эларалык аба майданы» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын басма сөз катчысы Алия Курбанова Асан Токтосуновго миллиондогон сом сый акы чегерилген учур компания мамлекеттин карамагына толук өткөнгө чейин болгонун билдирди:

«Бул компания мурда жеке менчик компания болгон. Анын 80 пайыз үлүшүн кийин биз сатып алганбыз. Азыр анын 100 пайызы бизге карайт. Анан эми жанагы иштердин бардыгы аталган компания жеке менчик колдо турган учурда болгон. Ал компания жабык акционердик коом болгондуктан, алардын жыйыны башка өтөт. Ошондуктан анда кандай маселелер каралганын биз айта албайбыз. Жанагы маалыматтар мурда чыккан. Ал кезде компаниянын 80 пайыз үлүшү жеке менчикте болгон. Ошол кезде болгон жагдайларды ал компаниянын директорлор кеңеши карап чыккан».

Акционердик коомдор тууралуу мыйзамга ылайык, мамлекеттик үлүшү 20% жогору болгон компаниялар сый акы чегерүү сыяктуу каржылык жана чарбалык иштерин тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашуп турууга милдеттүү болчу.

Келишим кымбатка түшкөнбү? Австриялык компаниянын тактоосу

Башкы прокуратуранын кылмыш ишин козгоо тууралуу токтомуна ылайык, «Манас Менежмент компаниясы» жабык акционердик коомунун 80% үлүшү австриялык FINREP компаниясына (кийин бул компаниянын аталышы T&F Trade & Finance Ges. m.b.H болуп өзгөргөн) караштуу болчу. Башкы прокуратуранын аталган токтомунда FINREP кийин аты өзгөргөн компания катары көрсөтүлгөн.

Ошого байланыштуу «T&F Trade & Finance Ges. m.b.H» компаниясынын иш башкармалыгы 2019-жылы 30-апрелде «Азаттыкка» жөнөткөн катында «Манас» эл аралык аба майданы» ачык акционердик коому «Манас Менежмент Компаниясынын» 80% үлүшүн австриялык FINREP компаниясынан эмес, «T&F Trade & Finance Ges. m.b.H» компаниясынан сатып алганы боюнча тактоо киргизген. Андан ары карай бул компаниянын Австриянын Вена шаарынан жөнөткөн бул катында Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын 2018-жылдын 24-августундагы «Манас Менежмент компаниясы» жабык акционердик коомунун 80 пайыз акциясын сатып алууга байланыштуу №150-18-177- кылмыш ишин козгоо тууралуу токтомуна шилтеме берилген бул макаладагы айрым жагдайларга тактоо киргизилген.

«T&F Trade & Finance Ges. m.b.H» компаниясынын иш башкармалыгынын башчысы Якоб Конопатчтын колу менен келген бул катта Башкы прокуратуранын кылмыш ишин козгоо токтомундагы «№1 негизги инвестициялык макулдашуудагы шарттарга ылайык, насыя толугу менен төлөнүп бүткөндөн кийин жети жыл аралыгында салынган активдердин төлөмдөрүн кошуу менен насыя берүүчүгө карыз толук жоюлган учурда инвесторго таандык акциялар кайтарымсыз жана бекер «Аба жолдору» Улуттук компаниясына, демек, анын мураскери - азыркы учурдагы «Манас» аба майданы» ачык акционердик коомуна өткөрүлүп берилиши керек болчу» деген дооматы төгүндөлгөн.

Бул катта «буга чейин бекитилген бир дагы макулдашууда «Манас Менежмент Компаниясы» жабык акционердик коомунун 80 пайыз акциясын кыргыз тарапка кайтарымсыз жана акысыз өткөрүп берүү шарттары каралган эмес» деп көрсөтүлгөн. Ошондуктан «T&F Trade & Finance Ges. m.b.H» компаниясынын иш башкармалыгы «менчикти акысыз жана кайтарымсыз өткөрүп берүүнү талап кылуу мааниси жагынан - бул жөн эле тантырактык эмес, мыйзамга каршы келген нерсе» деп эсептейт. Анда Кыргызстандын «Акционердик коомдор жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар тууралуу» мыйзамдардын тиешелүү беренелеринде каралган кепилдиктер мисалга алынган. Мыйзамдарда мамлекет акционерлерге жана инвесторлорго өз акцияларына эркин ээлик кылуу, башкаруу, сатуу, башка бирөөгө өткөрүп берүү же салган инвестиялары менен тапкан кирешелерин өзүнүн ыңгайына жараша колдонуу укугуна кепилдик бере турганы көрсөтүлгөн. Ошондуктан «T&F Trade & Finance Ges. m.b.H» компаниясы «Манас Менежмент Компаниясы» жабык акционердик коомунун негизги акционери болуп туруп, ага толугу менен эркин ээлик кылуу укугу Кыргызстандын Юстиция министрлигинин 2012-жылдагы каты менен тастыктала турганы белгиленген. Ошондуктан 2015-жылдын июль айындагы «T&F Trade & Finance Ges. m.b.H» компаниясы «Манас Менежмент Компаниясы» жабык акционердик коомунун 80 пайыз үлүшүн «Манас» эл аралык аба майданы» ачык акционердик коомуна сатуу тууралуу келишим Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык түзүлгөнү белгиленген.

Бирок бул жерде Башкы прокуратуранын кылмыш ишин козгоо тууралуу токтомундагы «баштапкы түзүлгөн №1 инвестициялык макулдашуунун шарттары боюнча ошол кездеги италиялык I.T.I компаниясынын «Манас Менежменттеги» 49% үлүшүн өткөрүп алып, укуктук мураскери катары ишин улантуучу австриялык «T&F Trade & Finance Ges. m.b.H» компаниясы насыя берүүчүгө карыз толугу менен төлөнүп бүткөндөн кийин ага караштуу болуп келген акциялар акысыз түрдө кыргыз тарапка өткөзүп бериши керек болчу. Анткени ошол №1 инвестициялык макулдашуунун шарттары өкмөттүн буйруктары менен жокко чыгарылган эмес» деген дооматка жооп берилген эмес.

«Манас Менежменттин» таржымалы

Башкы прокуратуранын кылмыш ишин козгоо тууралуу токтомунда, мамлекетке караштуу «Аба жолдору» улуттук компаниясы (51% үлүш) тарабынан 1998-жылы түзүлгөн «Манас Менежмент Компаниясынын» 49% үлүшү италиялык I.T.I. компаниясына караштуу болгон. Ошол кезде борттук тамак-аш борборун жана жүк терминалын куруш үчүн «Манас Менежмент Компаниясы» жабык акционердик коомуна башка бир италиялык «Медио кредито Сентрале» деген банктан 10 миллион 500 миң доллар насыя алынган.

2003-жылы италиялык I.T.I. компаниясынын 49% үлүшү австриялык FINREP компаниясынын пайдасына (кийин «T&F Trade & Finance Ges. m.b.H») өткөрүлүп берилгени Башкы прокуратуранын кылмыш ишин козгоо боюнча токтомунда белгиленген. Бирок 2004-жылы 30-сентябрда Жогорку соттун экономикалык жана административдик иштер боюнча коллегиясы италиялык I.T.I компаниясынын 49% үлүшүн австриялык FINREP компаниясына (кийин «T&F Trade & Finance Ges. m.b.H») өткөрүп берүүнү мыйзамсыз деп тапкан. Бирок эки жылдан кийин 2006-жылы 25-августта ошол кездеги өкмөттүн №475 буйругу менен талашты тынчтык жолу менен жөнгө салуу деген макулдашуунун негизинде кыргыз тарап 49% акциянын австриялык компанияга берүүнүн мыйзамдуулугун тааныган. Ошол эле кезде кыргыз өкмөтү австриялык компанияга «Манас Менежмент Компаниясынын» 31% үлүшүн кенемте катары кошуп берип, жыйынтыгында мамлекеттин карамагындагы 51% акциянын 20% гана колунда калган.

Ошону менен кыргыз өкмөтү бул иштин алкагында акцияларга бөгөт коюлган бардык соттук чечимдерди жокко чыгаруу милдетин өзүнө алган. Өкмөттүн шол буйругу менен бекитилген макулдашуунун талаптары аткарылбай турган шартта аны колдоо жана жаңылоо боюнча 2008-жылы ошол кездеги премьер-министр Игорь Чудиновдун колу коюлган жаңы буйрук чыккан. Башкы прокуратуранын кылмыш ишин козгоо тууралуу токтомунда «Акционердик коомдор жөнүндө» мыйзамга ылайык, акциялардын кайсы бир бөлүгүн австриялык компанияга өткөрүү өкмөттүн эмес, «Манас» эл аралык аба майданынын акционерлер жыйынынын укугу болгону эскертилген. Анда аталган мыйзамдагы акционердик коомдун милдеттемелери үчүн мамлекет жана тиешелүү мамлекеттик органдар жооп бербей турганы көрсөтүлгөн.

Бирок «T&F Trade & Finance Ges. m.b.H» компаниясынын 2019-жылдын 30-апрелинде «Азаттыкка» жазган катында «компания «Манас Менежмент компаниясы» жабык акционердик коомунун 80% акциясын 2009-жылы алып, ага 2015-жылга чейин ээлик кылып келгени» боюнча тактоо киргизген. Анда компаниянын негизги мүлкүнө «Манас» эл аралык аба майданындагы борттук тамак-аш борбору жана жүк терминалы кирери көрсөтүлгөн. Бирок анда «Манас Менежмент компаниясы» жабык акционердик коомунун 49% акциясын 2003-жылы өткөрүп алган кийин аты өзгөртүлгөн компания катары кылмыш ишин козгоо токтомунда көрсөтүлгөн австриялык FINREP менен австриялык «T&F Trade & Finance Ges. m.b.H» компаниясы эки башка компаниябы деген суроо туулат. Алар эки башка компания болгон күндө дагы №1 инвестициялык макулдашуудагы баштапкы укуктук жана каржылык милдеттерди кийинки келгени өткөрүп алган эмеспи деген маселе келип чыкты.

«Азаттыкка» жиберилген катта 2003-жылдан 2009-жылга чейинки аралыкта «Манас Менежмент Компаниясындагы» ошол акцияларга анда кайсы компания ээлик кылып келгени же 2009-жылы «T&F Trade & Finance Ges. m.b.H» компаниясы 80% акцияны кайсы тараптардан алганы так көрсөтүлгөн эмес.

Башкы прокуратуранын кылмыш ишин козгоо тууралуу токтомунда 2015-жылы австриялык FINREP (кийин «T&F Trade & Finance Ges. m.b.H») компаниясы «Манас Менежмент Компаниясы» жабык акционердик коомундагы 80% үлүшүн буга чейин 20 пайыз акцияга ээ болуп келген Кыргызстандын ««Манас» эл аралык аба майданы» ачык акционердик коомуна сатууну сунуш кылган.

Бирок бул алды-сатты келишими боюнча козголгон кылмыш ишинин материалдарында №-1 инвестициялык макулдашууга ылайык, «Манас Менежмент» компаниясы жети жыл иштетилгенден кийин аны Кыргызстандын «Аба жолдору» компаниясына, анын азыркы мураскери «Манас» эл аралык аба майданы» ачык акционердик коомуна акысыз өткөзүп берүүгө тийиш болгону көрсөтүлгөн. Ошого карабастан ««Манас» эл аралык аба майданы» ачык акционердик коомунун жетекчилиги андагы борттук тамак-аш даярдоо жана жүк ташууну уюштуруу ишкердигин мамлекеттин кызыкчылыгына каршы 12 миллион долларга сатып алганы Башкы прокуратуранын кылмыш ишин козгоо боюнча токтомунда белгиленген.

Парламенттин «Ата Мекен» фракциясынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов мамлекетке келтирилген зыянды санап өттү:

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

«Ал тамак-аш блогу он жыл Кыргызстанда иштетилип, тиешелүү амортизациялык мөөнөтү жеткендиктен анын реалдуу баасы 2 миллион доллардан ашпоого тийиш болчу. Эгерде аны бизнес эмес, жөнөкөй эле буюм катары бааласак, анда анын наркы 500 миң доллардан ашпаган мүлк эле. Бирок «Манас» аба майданы мамлекеттин акчасына мына ошону өтө кымбат баада сатып алган. Бул жерде өз ара келишип алган коррупция бар деп шектенсек болот. Алардын иштөө мөөнөтү бүткөндөн кийин жабдууларын мына ошол баага алып калып, же бербесе өздөрүн «жакшы бар» деп эле мамиле кылып коюш керек болчу. Бирок алар мындай кылбай, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келишим түзүп, тамак-аш даярдоо жабдууларын кымбат баада сатып алышкан».

Австриялык компаниянын соңку тактоолору

«T&F Trade & Finance Ges. m.b.H» компаниясы «Азаттыкка» жазган, маалыматка тактоо киргизүүнү талап кылган катында италиялык I.T.I компаниясынан 49 пайыз үлүштү өткөрүп алган австриялык FINREP компаниясынын «Медио кредито Сентрале» банкынан алынган насыя боюнча эч кандай каржылык милдеттемеси жоктугу көрсөтүлгөн. Ошондой эле анда бул каржылык милдеттемени «Манас Менежмент Компаниясы» алып, борттук тамак аш борборун жана жүк терминалын курууга 10 млн. 500 миң доллар насыя алганы көрсөтүлгөн. Ошондой эле «Медио кредито Сентрале» банкынан алынган насыя үстөк пайыздары менен толук жана өз убагында төлөнүп берилгени белгиленген.

Башкы прокуратуранын кылмыш ишин козгоо боюнча токтомунда «Манас Менежмент Компаниясы» жабык акционердик коому 2012-жылдын 31-декабрына карата негизги карыздын калган 1 млн. 260 миң долларын жана 21 миң 617 миң долларды үстөк пайыз катары толук төлөп бүткөнү белгиленген. Баштапкы №1 инвестициялык макулдашууга ылайык, насыя толук төлөнгөндөн кийин «Манас Менежмент» компаниясынын 80 пайыз үлүшү кыргыз тарапка акысыз өтүшү керек экендиги көрсөтүлгөн.

Директорлор кеңеши кийлигише албаган иш

Башкы прокуратура 2018-жылы 24-августта ««Манас» эл аралык аба майданы» ачык акционердик коому «Манас Менежмент» компаниясынын 80 пайыз үлүшүн сатып алган факты боюнча кылмыш ишин козгогон.

««Манас» эл аралык аба майданы» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Жолдошбек Токторбаев макулдашууга алар ишке кийлигише албай турган ченем киргизилип калганын айтты:

«Бул боюнча тергөө жүрүп жатканы айтылган. Ошондуктан биз ага комментарий бере албайбыз. Тергөө жүрүп, бул иш сот аркылуу гана чечилиши мүмкүн. «Манас Менежмент» - өзүнчө жабык акционердик коом. Ошондуктан тиешелүү макулдашууга ылайык, биздин директорлор кеңеши ал компаниянын ишине кийлигише албайт экен. Ошондой укуктук ченем киргизилип калыптыр».

Кылмыш ишинин жыйынтыгынан дайын жок

Башкы прокуратура муну коррупциялык кылмыш катары карап, бул иш боюнча «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген берененин негизинде иш козгоп, аны андан ары териштирүүнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) өткөзүп берген. УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов бул ишти андан ары тергөө кийин Финансы полициясына тапшырылганын билдирди:

Рахат Сулайманов.
Рахат Сулайманов.

«Ал кылмыш ишин иликтөө бизге тапшырылып келгенден кийин эле тергөө багытына жараша кайра артына кайтарылып берилген экен. Андан кийин Башкы прокуратура бул ишти тергөөнү Финансы полициясына тапшырыптыр. Иштин жыйынтыгы боюнча эми ошол жактан сурап алсаңыздар болот».

Финансы полициясы болсо бул кылмыш ишин тергөөнүн жыйынтыгы чыгарыла элек экенин билдирди.

«Манас» эл аралык аба майданындагы жүк ташууну уюштуруучу жана борттук тамак-аш даярдоочу «Манас Менежмент» компаниясы 1998-жылы түзүлгөн. Анын 51% үлүшү мамлекетке, калган 49% италиялык I.T.I компаниясына таандык болчу. Бирок ал кийин өзүнүн акциясын австриялык FINREP (кийин «T&F Trade & Finance Ges. m.b.H») компаниясына өткөрүп берген. 2004-жылы акцияларды ооштурган бул алды-саттыны Кыргызстандын Жогорку соту мыйзамсыз деп тапкан. Бирок кийин өкмөт маселени тынчтык жолу менен жөнгө салуу шарты деген негизде аталган 49% акциянын сатылышын таанып, кийин анын үстүнө 31% үлүштү кошуп берген. Ошентип ««Манас» эл аралык аба майданы» ачык акционердик коомунда 20% гана акция калган. Ал 2015-жылы австриялык FINREP (кийин «T&F Trade & Finance Ges. m.b.H») компаниясынан 80 пайыз үлүштү 12 миллион АКШ долларына сатып алып, «Манас Менежмент» компаниясынын толук укуктуу ээси болуп калган.

PS: «Азаттык» бул иш боюнча Асан Токтосуновдун версиясына да орун берүүгө даяр.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG