Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:29

Коррупция онкологиялык дартка окшош


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдарды жарыялоону улантат.

Кыргызстан канткенде коррупциясы жок 50, 30 же 10 мамлекеттин катарына кире алат? Мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгын кандай жол менен камсыз кылса болот? Өлкөдө коррупциясыз, мыйзамга гана баш ийген системаны түзүүгө эмне тоскоол болуп жатат? Бийлик адамдарынын коррупция менен күрөшүү тууралуу билдирүүлөрү жана жасаган аракеттери жетиштүүбү?

Кадырман мекендеш, жемкорлуктан арылуу тууралуу сизди да түйшөлткөн ой бардыр. Коомдук илдетке айланган коррупцияны жок кылуу тууралуу сунушуңуз, башка өлкөлөрдүн өрнөктүү мисалдары болсо, кыска-нуска жана түшүнүктүү баяндап, видео же текст түрүндө azattyk.synak@gmail.com ​электрондук дарегине жөнөтүңүз.

«Мен коррупцияга каршымын!» сынагынын алкагында Лира Майрамбек кызы жиберген сунуштар:

Кыргызстанды өсмө (рак) менен ооруган адамга салыштыра турган болсок, оору табиятынан эле көп байкала бербей, билинбестен эле башка органдарга чаап кеткенин оной эле көрө алабыз.

Ал - глобалдык илдеттердин бири коррупция жана ал Кыргызстандын бардык тармагына, социалдык, маданий жана экономикалык чөйрөсүнө, ички жана тышкы иштерине, сот системасына, саясатына, билим берүү жана медицинасына, мамлекеттик мекемелерине, аймактык башкаруусуна ж.б. жайылган, тамырлашкан системалык дарт. Соо жерибиз жок, айтор...

Коррупцияны азайтыш үчүн «демократиянын бийик деңгээлде болушу, сот жана мыйзамдын адилеттүү иштеши, жарандык коомдун өнүгүшү, калктын билими жана саламаттыгынын жакшы деңгээлде болушу, айлык маянанын жашоо шартка жетиши керек» деген сыяктуу ойлорду айылдагы карапайым жарандар деле айта алары шексиз. Жаңы пикир, жаңы иш-аракеттер болмоюн коррупцияны жоюу бир кишинин колунан келе турган иш эмес экендигин, коомчулук менен биргеликте жапа тырмак иш алып баруу керек экендигин көпчүлүк аңдап билип калды. Мен дагы жаран катары деңгээлимдин жетишинче бир эки ооз сунуш айтсам ашыкча болбостур.

Коррупция - өтө татаал, ар тараптуу чиеленген нерсе жана кыска убакытта чечилчү маселе эмес. Андыктан ага каршы күрөштү бир канча багытта комплекстүү алып баруу зарыл. Өтө тез убакытта маселени чечебиз деп «айлыктарды көбөйтүү, жазаны күчөтүү» сыяктуу бир беткей чийки чечимдерди кабыл алуу катачылык деп ойлойм. Маселе муну менен чечилип кетпейт. Тактап айтканда саясий, социалдык, экономикалык, укуктук жана маданий багыттарды камтыган программалар иштелип чыгышы керек. Анткен менен адамзаттын жашоосу токтомоюн коррупция түп-тамыры менен жоюлушу мүмкүн эмес, бирок азайышы мүмкүн.

Коррупцияга каршы күрөштө 3 сектордун ролу абдан маанилүү. Булар - мамлекет (өкмөт), жарандык коом жана жеке сектор.

Өкмөттүн милдети - коррупцияга каршы күрөш үчүн экономикалык, саясий жана социалдык реформаларды жасоо. Себеби мамлекеттик деңгээлде реформалар болмоюнча реалдуу аны менен күрөшүү мүмкүн эмес.

Жарандык коомдун милдети - коррупциялык иштер тууралуу ачык айтып чыгуу жана буга чара көрүшү үчүн өкмөттү кысымга алуу, басым жасоо.

Ал эми жеке сектор менен мамлекеттин арасында карым-катнаш ачык-айкын болушу керек (конкуренция жаралыш үчүн), мамлекет болгон ишти мыкчып отура бербей жеке сектордун өнүгүшүнө жол ачып шарт түзүшү керек.

Коррупцияны азайтыш үчүн эмне кылыш керек?

1. Коом идеалдуу болбосо да таза коомго айланышы керек. Ал үчүн оболу юридикалык, адеп-ахлактык жана маданий нормаларды эң көп тебелеген саясий чөйрөнү баштан-аяк тазалап, жаңыдан түзүү зарыл. Бул иш албетте, элдин тандоосунан көз каранды. Өлкөсүнүн өнүгүшүн чын жүрөктөн каалаган, эгемендиктин баркын билген, өмүр бою кыйналып жашагысы келбеген ар бир жаран таза шайлоо үчүн күрөшөт, талап коёт деп ишенем. «Мага баары бир, баары бир эч нерсе өзгөрбөйт» десеңер анда «мыйзам чыгаруучулары» мыйзамга баш ийбеген, «аткаруу бийлиги» иш аткарбаган кландык өлкөнүн санаасы жок макулуктары болуп жүрө берели, мурдубузду балта кеспей, курсак тойгонуна куштар болуп. Кийин өлкөбүз талкаланып, урпактарыбыз карайлап, көрүнгөнгө көз каранды болуп, «ай, ушу ата-бабаларыбыз кайдыгер болбогондо, келечегибизди балталабаганда башкача жашоо болбойт беле...» деп зар какшаганда жер астындагы сөөгүбүз сыздаар. Андыктан кыймылдайлы, мекендештер, жок дегенде балдарыбыз үчүн, жаш муундар үчүн. Бу жалганда жөн кетпей жаркын келечек калтырып кетели, балдарга.

2. Эми ошол таза шайлоо менен шайланган саясатчылардын ачык саясат жүргүзүшү, ар бир кылган иши тууралуу элге расмий отчёт бериши, эл менен эсептешүүсү керек. Шайлоо процесси боюнча материалдык колдоону кайдан алганын ачык көрсөтүшү зарыл. Ал эми биз, мамлекеттин түркүгү болгон жалпы эл - «эл өзүн өзү багып жатат, эмне болсо ошо болсун, бири өлүп бири калсын» деген оорукчан маанайдан чыгып, өкмөткө талап койгонду үйрөнүшүбүз керек. (Мамлекеттин мээси - эл, колу-буту - «аткаруучу органдар, жогору жактагылар». Мээ башка органдарга команда бермейинче, жаталактар кыймылдабайт, жатканы жаткан). Себеби болгон иш-аракеттер элдин эсебинен ишке ашат. Мисалы, өмүр бою төлөгөн салыгыбыздын каяка жумшалганын билгенге 200% акыбыз бар. «Бала болуп балакатка жеткенден бери эле салык төлөп келе жатам, ошончо кишинин акчасын бу чоңдор эмне балээ кылып жатат?» деп түкшүмөлдөгөндөр бардыр, мага окшоп?

3. ММКлардын ачык-айкын, тарапсыз жана өкмөттөн көз каранды болбостон, материалдык пайда көздөбөй, коррупцияга байланышкан кылмыштарды, кишилерди элге ачык көрсөтүшү жана сөз эркиндигинин корголушу (ММКлардын коркпой иш алып барышы үчүн конституциялык гарантия болуш керек. Коррупцияга каршы күрөштө коомдун аң-сезимин ойготууда жана коррупциялык кылмыштардын бетин ачууда ММКлардын салымы абдан чоң).

4. Мамлекеттик кызматтарга сынак аркылуу кабыл алуу менен иш билги, заманбап бюрократияны түзүү.

5. Салык жана бажы кызматын реформалоо. Эмне кылып байыганы белгисиз ишкерлерге, бай-байбачаларга карата атайын салык системасын киргизүү, мал-мүлкүнүн көлөмүнө жана көбөйгөнүнө жараша салык салуу. Ошондой эле бажы тармагын санариптештирүү менен катар тыкыр текшерүү, кызматкерлердин айлыгын көтөрүү.

6. Сатып алуу жана тендер багытын реформалоо. Мамлекет эмне сатып алса жана эмнеге тендер жарыяласа ачык-айкын иш алып барышы, элге жана ММКларга отчёт бериши зарыл.

7. Сот системасын жана коомдук (байкоочу) кеңештерди реформалоо, өзгөчө көзөмөл комиссияларын түзүү. Ар бир мекеменин ички көзөмөл системасын түзүү. Коррупциялык кылмыштардын бетин ачуучу жана соттоочу «атайын сотторду» түзүү.

8. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматынын өз алдынча иш алып барышы, жарандык коомдун жана калктын ар дайым колдоосун алышы, аймактарда семинар, тренингдерди өткөрүп турушу зарыл. Материалдык жактан күчтүү болуш үчүн бул кызмат эл аралык уюмдар менен (Дүйнөлүк Банк, IMF, БУУ, IT сыяктуу) бирге иштеши керек. Ошондой эле бул кызматта иштеген кызматкерлерге кол тийбестик укугун берүү, айлыктарын көбөйтүү жана кылмышты ачык айтып чыккан кишилерди коргоого алуу керек болот. Кыргызстандын Коррупцияга каршы күрөш кызматы Гонконгдун ICAC (Independent Commission Against Corruption) комиссиясынан өрнөк алсын, бул тармактагы иш-аракеттерин карап чыксын.

9. Коррупцияга каршы күрөш кызматы Билим берүү жана илим министрлиги менен чогуу иш алып барышы керек. Коррупциянын зыяны жана ага каршы күрөшүү тууралуу сабактарды мектеп программасына киргизүү, телеканалдар менен бирге балдар үчүн атайын мультфильм, видеороликтерди тартуу жана тарбиялык аңгеме китептерин басып таратуу зарыл.

10. Коррупцияга каршы жазаны күчөтүү, ушул берене менен айыпталып соттолгон оор кылмышкерлерге мунапыс, жеңилдик берүүдөн баш тартуу. Өлүм жазасына тарткан күндө деле коррупция жоюлуп кетпейт. Жоюлса Кытайда эбак жоюлмак. Тиги үйүнөн 13 тонна алтын табылган актаминерди айтам да. Анын ордуна жумуштан таптакыр четтетүү, мамлекеттик жумушта иштегис кылуу, мал-мүлкүн мамлекетке өткөрүү жана элге ашкерелөө сыяктуу жазаларды колдонсо болот деп ойлойм. Конфискацияланган мал-мүлктү «казынага түштү» деген ат менен менен күм-жам кылбай, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн жөлөк пулуна же карылардын пенсиясына кошумча кылып берилсе жаман болбостур.

11. Ички иштер министрлигин баштан аяк реформалоо. (Кыргыз милийсасынан заарканбаган турист жок болсо керек). Кызматкерлерин адеп-ахлактык жана этикалык жактан окутуу, айлыктарын көбөйтүү. Коррупцияга аралашкан кызматкерлерди отставкага же эрте пенсияга кетирүү.

12. Өлкө боюнча технологиялык системага өтүү, мамлекеттик мекемелердин документация системасын санариптештирүү.

13. Бир чети калктын ден соолугун чыңдоо, бир чети мамлекетке киреше алып келиш үчүн алкоголдук ичимдиктерге, чылымга салыкты күчөтүү.

14. Туризмден болобу, кен иштетүүдөн болобу казынага түшкөн улуттук кирешенин бир бөлүгү тышкы карыз үчүн чогултулса жаман болбос эле.

15. Ашыкча чыгым, ысыраптарды ооздукташ үчүн «милдеттүү үнөмдөө» мыйзамын киргизүү жана үнөмдөлгөн каражатты билим берүү тармагына жумшоо.

16. Кадрларды этикалык, адеп-ахлактык жактан көзөмөлдөөчү атайын Этикалык комиссия түзүү; (Этикалык кодекстин иштешин күтүп отура берсек ай талаада калчудайбыз).

Аягында айтарым: ар бир кыргыз жараны, жаш-кары, аял-эркек болобу, кайсы иште, кандай жагдайда болбосун өзүнө жүктөлгөн жоопкерчиликти так аткарганда, бир гана мамлекеттин кызыкчылыгын көздөп иш кылганда гана коом жакшы жакка өзгөрөт деп ишенем. Анан да саясий эрк, жарандык коом, элдин пикири жана дагы бир жолу ДЕМОКРАТИЯ керек. Баса, Конституциябыз (канча жолу өзгөрүп, толукталды - санак жеткис) түшүнүктүү, жалпак тил менен жазылып, карапайым элге жеткирилсе, өзгөчө мага окшогон бечара айылдыктар өз көзүбүз менен окуп түшүнсөк, жогорудагы сунуштардын ишке ашырар алдында адегенде укук, милдеттерибизди билип алсак дурус болор беле дейм.

Лира Майрамбек кызы, Кочкор району, Дөң-Алыш айылы

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG