Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:54

Өкмөттүн антикризистик планы: салык, медицина, мигрант


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда өзгөчө абал режими киргизилген 24-марттан бери Жогорку Кеңеш үч жолу чогулган. Анда парламент жыйыны узакка созулган эмес, депутаттар карантин мөөнөтүн узартып эле тим болушкан.

30-апрелде өткөн жыйында парламентке премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган өкмөт мүчөлөрү да катышып, акыркы кырдаал, өзгөчө абал шартындагы антикризистик программа тууралуу маалымат беришти.

Депутат Каныбек Иманалиев ишкерлерге жеңилдетилген насыя катары берилери айтылып жаткан 14 миллиард сомдун тагдырына кызыкты:

«20 күндөн бери биринчи вице-премьер-министр Эркин Асрандиев «14 млрд. сом бар» деп айтып жатат. Бар болсо качан, кандай пайыз менен, кайсы банк аркылуу таратып бересиңер?».

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бул акча ишкерлердин колуна качан тие турганын так айткан жок:

«Биз «14 миллиард сом кассада турат» деп айткан жокпуз. Бул акчаны ички жана тышкы булактардан тапканбыз. Жакында бюджетти алып келгенде кайсы булактар экенин айтып беребиз».

Өкмөт экинчи антикризистик программа май айында даяр болорун, азыр ишкерлер менен талаш-тартыш маселелер көп болуп жатканын билдирди. Себеби пандемия убагында солгундай түшкөн ишкер чөйрө салыктан бошотууну суранып жатат. Бул сунушка макул болушса, бул бюджет үчүн чоң жоготуу экени да айтылды. Мухаммедкалый Абылгазиев буларды айтты:

«Бизнес «үч айдан бир жылга чейин салыктан бошоткула» деп суранып жатат. Анын баарын эсептеп чыксак бюджетке түшпөй жаткан 30 миллиард сомго дагы чоң акча кошулганы турат. Бардык жагын изилдеп чыккандан кийин гана антикризистик планды алып келели деп жатабыз».

Мамлекеттик миграция кызматы чет өлкөлөргө иштегени кетип, коронавирус пандемиясы башталганда Кыргызстанга кайткысы келген 10 миң мигрант бар экенин билдирген. Алардын көбү Орусияда. Депутат Зиядин Жамалдинов Казакстан менен сүйлөшүп, коридор ачууну сунуш кылды:

«Орусия менен Казакстандын чек арасында машинеде түнөп 15-20 күндөн бери мигранттар кыйналып жатышат. Казакстан менен сүйлөшүү оор болуп жатабы?».

Депутат Жамалдиновдун соболуна өкмөт башчы мындай жооп узатты:

«Бир чечимге келели деп калдык. Бир-эки күндө чечилет. Казакстан мекендештерибиз машинесин таштап кетишин талап кылууда. «Медицина кызматкерлеринин коштоосунда автобус менен алып кетсеңер туура болмок» деп жатышат. Ал жерде 67 машине бар экен».

Депутат Алтынбек Сулайманов кызмат учурунда 195 дарыгердин илдетти жугызуп алышына жетиштүү каражат бөлүнбөй калганы себеп болгонун айтып чыкты. Депутаттын баамында, медицина кызматкерлери атайын кийимдер менен камсыздалбай, COVID-19 илдетине жылаңач кол менен каршы турган.

«Ушундай кырдаалга премьер-министр жана финансы министри күнөөлүү, - деди ал. - Былтыр Саламаттык сактоо министрлигине 1 млрд. сом бөлүнбөй калган. Быйыл да толук каржылоо болбой, 497 млн. сомду бербей койдуңар. Финансы министри сизди гана угат. Сиз аларга «үнөмдө» деп айткансыз. Ошон үчүн медицина кызматкерлери ушундай ооруга чалдыкты».

Өкмөт башчы Абылгазиев дарыгерлер Кыргызстанда гана эмес, дүйнө боюнча илдетке чалдыгып жатканын эске салды:

«Азыркы айтып жаткан мүчүлүштүктөр болбой койгон жок. Бирок айрым бир учурда ошол кийген кийимден да жуккан учурлар болду. Экипировкасы жогорку деңгээлде болгондор да кантип вирус жугузуп алганын билбей жатышат».

Коронавируска каршы күрөш үчүн 700 млн. сом бөлүнгөн. Анын ичинен 500 млн. сому саламаттык сактоо тармагына сарпталды. 215 млн. сом Өзгөчө кырдаалдар министрлигине обсервацияларды колдоо, тамак-аш үчүн бөлүнүп берилген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG