Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:00

Петрушевскийге болушкандар көбөйдү


Алексей Петрушевский.
Алексей Петрушевский.

Кыргызстандын акыйкатчысы баштаган укук коргоочулар Бишкек мэриясына караштуу Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунун мурдагы директору Алексей Петрушевскийди үй камагына чыгаруу боюнча демилге көтөрүп жатышат. Муну алар айыпталуучунун саламаттыгынын начардыгы менен негиздешүүдө.

Ушундай эле өтүнүчтү аталган борбордун бүтүрүүчүлөрү да басма сөз жыйыны аркылуу билдиришти. Петрушевский 27-июнда Бишкек шаардык сотунун чечими менен эки айга камакка алынган. Ал «ээлеген кызматынан кыянаттык менен пайдаланган» деп айыпталууда.

1-июлда Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Петрушевскийдин абалынан кабар алып, аны үй камагына чыгаруу мүмкүнчүлүгүн кароону сотко сунуш кылышкан. Буга чейин Петрушевскийдин жакындары ушундай эле сураныч менен бийликке кайрылышкан.

Алексей Петрушевский мурда жетектеген реабилитациялык борбордун мурдагы тарбиялануучулары да 2-июлда уюштурган басма сөз жыйынында тарбиячысын үй камагына чыгарууну суранышты.

Айдана Мырзаканова.
Айдана Мырзаканова.

«Интернеттен камалганын угуп ушул жерге келдик. Ал операцияны баштан өткөргөн. Анын ден соолугуна кам санап жатабыз. Ал бизге жат эмес, биздин атабыздын жана ата-энелерибиздин, жакындарыбыздын ордун баскан адам. Ал бизге туура жол көрсөтүп, туура жолго салганы үчүн азыр биздин жумушубуз, үй-бүлөбүз, балдарыбыз бар», - деди басма сөз жыйынына катышкан тарбиялануучулардын бири Айдана Мырзаканова.

Буга чейин алар укук коргоочу Азиза Абдирасуловага да жардам сурап кайрылышкан экен. Бул тууралуу «Азаттыкка» укук коргоочу өзү айтып берди:

Азиза Абдирасуловa.
Азиза Абдирасуловa.

«Алгач үчөө келип кетти. Андан кийин дагы ондон ашык бала келип кетти. «Силерге кандай жардам керек?» десем: «Биздин үнүбүз угулбай жатат, үнүбүздү коомчулукка жеткириш керек» дешти. Баарына бирден кагаз, калем берсем Петрушевский жөнүндө жашкы сөздөрдү жазышты. Анан мен кеп-кеңешимди берип, «басма сөз жыйынын өткөргүлө» дедим».

Буга чейин Акыйкатчы институту Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Петрушевскийдин абалынан кабар алгандан кийин аны үй камагына которууну сурап сотко кайрылган. Муну тараптар биринчи кезекте балдар үйүнүн мурдагы директорунун бооруна операция жасалганы менен түшүндүрүп жатышат.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова Петрушевскийдин саламаттыгына дарыгерлер көз салып жатканын билдирди:​

Элеонора Сабатарова.
Элеонора Сабатарова.

«Биздин дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Операция болгон экен. Андан бери көп убакыт өтүптүр. Аны ооруканага жаткырууга эч кандай негиз жок. Калганын сот чечет».

Петрушевскийге «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деген айып коюлууда. Тергөө аны реабилитациялоо борборун жетектеген 2017-жылы апасы таштап кеткен балага башка аялдын жардам берип, өз карамагына алууга аракеттенишине уруксат берген, бул мыйзамга каршы келет деп эсептөөдө. Биринчи жолу аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 6-июнда сурак бергенден кийин камакка алып, эки күндөн кийин Биринчи май райондук соту үй камагына чыгарган. 27-июнда Бишкек шаардык соту ал чечимди жокко чыгарып, 27-августка чейин камакта калтырды.

Петрушевскийдин ишин УКМК карап жатат. Бул иш боюнча УКМКдан маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Алексей Петрушевский мэрияга караштуу Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборун 20 жылга жакын жетектеп келген. Ал быйыл мартта кызматынан бошотулган. Анын алдында мэрияда атайын түзүлгөн комиссия Петрушевский жетектеген борбордо «тарбиялангандар аз, аларга бюджеттен бөлүнгөн акча бекер эле коромжу болуп жатат» деген негизде имаратты бала бакчага айлантуу боюнча демилге көтөргөн эле.

Бишкектеги мэрияга караштуу Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунун имараты.
Бишкектеги мэрияга караштуу Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунун имараты.

Ал эми Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунун жаңы директору Фатима Алымбекованын айтымында, борбор мурдагыдай эле иштеп жатат.

«Ооба, жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн бала бакчага айландыруу боюнча маселе көтөрүлгөн. Бул социалдык бала бакча болмок. Азырынча биз бала бакчага айландыруу боюнча расмий документтерди ала элекпиз. Мурдагы макам боюнча эле кадимкидей иштеп жатабыз», - деди ал.

Кароосуз калган балдар тарбияланган борбордо азыр 21 бала жашайт. Мекемеге мэриянын бюджетинен жыл сайын 13 миллион сом бөлүнөт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG