Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:28

Мектептеги өкүмзордук күчүн жогото элек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарындагы №47 орто мектептеги эки окуучунун бир окуучуну сабаганы боюнча Ленин райондук ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгоп, териштирип жатат. Буга таяк жеген окуучунун ата-энесинин арызы негиз болду.

Дарыгерлердин айтымында, өзүнөн бир класс өйдө окуган эки баладан таяк жеген 8-класстын окуучусунун саламаттыгы канааттандырарлык. Бишкек шаарындагы №47 мектептин аймагында оозу жырылып, эс-учун жоготкуча таяк жеген өспүрүм №3 ооруканага жеткирилип, дарыланып жатат.

Жабыркаган окуучунун апасы Асел Мырзабекованын божомолуна караганда жогорку класстын окуучулары баласынан акча сураган шекилдүү:

- Эмне болгонун балам айтпай жатат. Менимче, коркутуп сабашкан окшойт. Балам "өтүп баратканда ийиндерибиз кагышып кеткен. Ошондон мушташ чыкты" деп айтты. Менин балам аябай жоош. Антип чыр чыгарышы мүмкүн эмес. Баламды урган берки окуучу каттоодо турат экен. Апасы Эсеп палатасында, атасы Ички иштер министрлигинде иштейт экен.

Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.
Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.

Бул факт боюнча Ленин райондук ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин козгоп, териштирип жатат.

Териштирүү учурунда 8-класстын окуучусуна кол көтөргөнү кабарланган балдардын аталары мурда милицияда иштеп кеткени аныкталган.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын милиция башкармалыгынын басма сөз өкүлү Мира Абдылдаева “Азаттыкка” билдирди:

- Бул боюнча Ленин райондук тергөө бөлүмүнүн кызматкерлери 170 жана 234-беренелер менен (“Опузалоо” жана “Бейбаштык”) кылмыш иши козголгон. Текшерүү жүргүзүлүп жатканда таяктаган баланын да, таяк жеген баланын да ата-энелери Ички иштер министрлигинин ардактуу ардагерлери экени аныкталган.

Сабалган баланын акыбалын билиш үчүн 14-октябрь күнү ооруканага барган Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов тиешелүү адамдар бул үчүн жооп бериши керек экенин белгилеп, жабыркаган ата-энеден кечирим сурады.

15-октябрь, дүйшөмбү күнү №47 мектептин директору жана өспүрүмдөр менен иштеген милициянын инспектору кызматынан бошотулуп, шаардын вице-мэри Асел Куламбаевага жана мэриянын билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрмановага сөгүш жарыяланган.

№47 мектепте болгон окуя мектеп курагындагы балдар, өспүрүмдөр арасында чоң муштумдук, өкүмзордук күчүндө экенин дагы бир сыйра далилдеди. Бул тууралуу тарбия маселелери боюнча адис Асылбек Жооданбеков ой бөлүштү:

Асылбек Жооданбеков.
Асылбек Жооданбеков.

- Мындай көрүнүшкө мектептердин өзүндө да мугалимдерден окуучуга, окуучуларда улуулардан кичүүгө карата авторитардык мамиле себеп болууда. Мисалы, улуулар кичүүлөргө "саламдашпайсыңбы" деп, ыгы келип калса какыс-кокус кылып, акча доолап, аягы барып мына ушундай нерселер менен бүтөт. Мектептерде дагы эле болсо акылга, калыс атаандаштыкка, бири-бири менен кызматташууга эмес, эрегишүүгө, бири-бирине чоңсунууга умтулган жагдайлардын натыйжасын көрүп жатабыз. Бүгүнкү күндө милиция өрнөк боло албай калды. Укук коргоочулардын балдары ушундай болуп атканы - бул кризистин өтө терең экенинин далили.

Буга чейин “Реформа жана натыйжа үчүн” жарандык кеңеши өзүнүн баяндамасын жарыялап, мектеп чөйрөсүндөгү зомбулук жана кыйноо дагы эле олуттуу маселе болуп жатканын билдирген.

Аталган уюм мектептеги рекетчилик болочок кылмышкерди өсүп чыгышына жол ачып жатканын белгилеген. Сентябрда ЮНИСЕФ уюму Кыргызстандагы мектеп окуучуларынын 83 пайызы теңтуштарынын зомбулугуна кабылганын айтып чыккан. №47 мектептеги окуяга байланышкан коомдук талкууларда "балдардын адеби, жүрүм-туруму үчүн мектеп эле эмес, ата-эне да жооп бериши керек" деген пикирлер басымдуу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG