Быйыл республика боюнча 1-11-класска чейин жалпы билим берүүчү орто мектептерде 1 млн. 268 миң окуучу билим алат. 2019-2020-окуу жылында Кыргызстан боюнча 2 миң 265 мектеп иштеп жатат.
Мекенге мектеп жетпей турат
Быйыл Кыргызстан боюнча 15 мектептин курулушу бүтүп, ишке кирди. Курулушу бүтө эле дагы 124 мектеп бар. Демөөрчүлөрдүн колдоосу менен курулган жеке менчик мектептер да быйыл окуучуларга эшигин ачты. "Азаттык" баш калаадагы жана аймактардагы жаңы ачылган мектептердин сүрөттөрүн чогултту.

1
Нарын районунун Кеңеш айылынын окуучулары жаңы окуу жылын мобилдик үйлөрдө окуп баштады. Мында 160 окуучу билим алып жатат.

2
«Кеңеш айылындагы эски мектептин имараты авариялык абалда, кирүүгө кооптуу» деп Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүтүм чыгарган.

3
Окуучулар мобилдик үйлөрдө суук түшкөнчө окушат. Кыш түшкөндөн кийин айылдан мектепке ылайыктуу турак үйлөр караларын жергиликтүү бийлик убада кылууда.

4
Бул Орусиянын “Газпром-Кыргызстан” ишканасы курган орто мектеп. Ал Бишкектин түштүк тарабында жайгашкан.

5
960 орундуу мектепте 2-сентябрдан тарта окуу башталды.

6
«Борбор Азияда аналогу жок» деп макталып жаткан бул мектептин имараты 6000 чарчы метр. Ичинде эл аралык стандарттагы эки бассейни, эки спорт залы, бий залы, бейтапканасы жана китепканасы бар.

7
Эмгек сабагын өтө турган класс.

8
«Газпром-Кыргызстан» мектептин имараты курулуп бүткөндө мэрияга өткөрүп берген. Бирок, аны кайра өзүнө 20 жылга ижарага берүүнү суранган.

9
Быйыл Баткен облусунда эки орто мектептин курулушу бүтүп, колдонууга берилди.

10
Баткен облусу боюнча 22 мектептин имараты "авариялык абалда" деген чечим чыккан.

11
Кадамжай районундагы жаңы ачылган №11 Исфайрам орто мектеби.

12
№11 Исфайрам орто мектебинин ачылыш аземи.

13
Баткенде 10го жакын мектептин имаратынын курулушу бүтпөй турат.

14
Ысык-Көл облусунда быйыл бир мектептин курулушу бүтүп, иштей баштады.

15
Ысык-Көл районун Чырпыкты айылындагы 328 орундуу жаңы мектепке Касым Тыныстановдун ысымы ыйгарылды. Бул мектептин курулуп бүтүшүн айыл тургундары 10 жыл бою күттү.

16
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Падек айылында 275 орундуу жаңы мектеп ачылды.

17
Падек айылындагы Токтосун Жоробаев атындагы мектептин ачылыш салтанаты.

18
Падек айылындагы Токтосун Жоробаев атындагы орто мектепте 2-сентябрдан тартып окуу башталды.

19
Мектептин курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, жалпысынан 51 млн. сом жумшалган.

20
Падек айылындагы 275 орундуу жаңы мектеп.