Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:11

Акыл-сезим оңолсо…


Кадырман калкым, эгемендүү элим!

Жалпыңарды бүгүнкү куттуу майрамыңыздар менен куттуктайм!

Жылына бир келүүчү ушул салтанаттуу күндөн пайдаланып, бүгүн мен адаттагыдан тышкары, жетишкендиктер тууралуу эмес, кемчиликтер менен терс көрүнүштөр жөнүндө айткым келди.

Мен Кыргызстандын ар бир жаранына кайрылгым келет. Сиз элестетиңиз: чакан кабинетте Мен жана Сиз отурасыз, башка жан киши жок. Ошондуктан электр жарыгын өчүртүп, стол үстүнө бир гана шам чырак койдурдум. Электр энергиясын үнөмдөөнү биринчи өзүмдөн баштайын дедим. Эмесе алгач ошол үнөмдөө жөнүндө сөз кылалык. Сиз үйүңүздү кышка даярдадыңызбы? Азыр курулуш материалдары кенен. Эшик-терезени, шыпты, астыбызды, дубалды жылууласа болот. Отун-сууңузду камдап алдыңызбы? Алгач өзүбүздү, анан балдарыбызды үнөмдүү жашоого үйрөтөлү. Жаратылыштын башка да энергия ресурстарын колдонолук. Чет элдиктердин жашоосун көрүп жүрөбүз. Той-топурларды токтото турсак, же маданияттуу, ысырапсыз өткөрсөк.

Баарынан да коррупция деген балаа чекеге чыккан чыйканга айланды. Бул эмне? Бул кыргызча айтканда: жердешчилик, тууганчылык, паракорчулук, мамлекеттин казынасына кол салуу, уурдоо ж.б. «чылыктар». Айланайын туугандар, кыргызстандыктар, мени Президенттикке шайлаган соң менин айтканым айткандай болушу керек да. Ажонун жарлыгы аткарылбаса, анда анын кереги эмне?

Жети баштуу желмогуз коррупцияны жеңиш үчүн чечкиндүү кадамдар керек. Ага болбой эле жолду буумай адат болуп калды. Чиновник болобу, башкасы болобу мыйзам алдында жооп бериши керек. Мыйзам аткарылбаса демократиянын эмне кереги бар?

Бүгүн Алайбекти камасак, алайлыктар чыгат жол тосуп, эртең Көлбайды отургузсак көлдүктөр, бүрсүгүнү Таласбекти камасак таластыктар, Чаткалбек кармалса чаткалдыктар чатак чыгарат, Нарынбайды нарга жаткызсак нарындыктар, анан ошентип оштуктар, баткендиктер, чүйлүктөр… Артынан лидерибизди камап салды деп партиялаштары чыгат. Кримавторитеттер түрмөгө отурса андан бетер… Соттун чечими чыккыча эмне болуп баратабыз? Анан кантип коррупцияга каршы күрөшөбүз? Анан кантип экономикабыз оңолот?

Кан жолду бууп салсак, кан жүгүрбөй калып жатбайбы. Сиз өзүңүздүн мойнуңуздагы күрөө тамырыңызды беш эле мүнөткө бекем чымчып турсаңыз, эмне болоор экенсиз? Мамлекет да тирүү организм, ал жалпыныкы. Кыргызстанда автожолдорсуз жашоо токтойт. Бизди, сизди, элди багып жаткан мына ошол жолдор - өлкөнүн күрөө тамырлары! Сиз курулай сөзгө, же 500 сомго алданбаңыз, 1000 сом берсе жолду тосуп, боз үйүңүздү тиге салбаңыз. Боз үй Кыргызстандын бренди, мындайча айтканда, жүзү, өңү, символу… Көбүн эсе жакшылыкка, тойлорго, туристерге тигилчү боз үй азыр жол тосмойдо, пикетте, ачкачылык жарыялаганда колдонулуп калды. Эми келген туристер, коноктор боз үйдү көрсө коркуп турушат. Бизде туристик бизнести өнүктүрүүгө 100% мүмкүнчүлүк бар. Инвесторлорду качырып жатабыз.

Өзүңүздүн, балдарыңыздын келечегин ойлоңуз. Минтип жүрсөк 23 жылда эмес 50 жылда да жарыбайбыз. Же тиги Муса (Моисей) пайгамбар кулчулукту унуткарыш үчүн жөөттөрдү ээрчитип 40 жыл бою чөлдү кесип жашагандай кылалыкбы? Демек дагы 20 жыл мурдубузду балта кеспей жүрө берелик. Анда бизге 40 жыл эмес, 400 жыл да аздык кылат.

Сизге айтайын дегеним ушулар:

Коррупциянын тамырын кыркуу;
Туриситтик индустрияны өнүктүрүү;
Кең байлыктарды туура пайдалануу;
Үнөмдүү жашоону үйрөнүү.

Башкалары да бар. Бирок ушул негизгилерин ишке ашырсак, калган терс көрүнүштөр өзү эле жоюлат, пайдалуу тармактар өзү эле өнүгүп гүлдөй баштайт. Албетте, ийгиликке акыл-сезим оңолгондо гана жетебиз.

Дагы бир жолу эгемендик күнүңөр менен куттуктайм! Маанайыңар жана жолуңар, кайталаймын, жолуңар ар дайым ачык болсун!

Эл бар - биз барбыз. Эл аман болсун. Бүгүн демейдегиден башкача сүйлөгөндүгүм үчүн кечирим сурайм.

Авазбек Жусупбеков, Талас шаары.

XS
SM
MD
LG