Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:42

Жумагулов: Жергиликтүү ЖМК заманга жараша өзгөрүшү керек


Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов.
Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги аймактык жалпыга маалымат каражаттарын (ЖМК) реформалоону жарыялады. Буга байланыштуу министр Султан Жумагуловго бир катар суроо узаттык.

“Азаттык”: Бул реформанын максаты эмнеде - бюджеттик каражатты үнөмдөөбү же жер-жерлерде мамлекеттик маалымат саясатын күчөтүүбү?

Жумагулов: Жергиликтүү мамлекеттик маалымат каражаттарын реформалоо жөнүндө көп жылдан бери эле айтылып келе жатат. Өкмөттөн тапшырмалар берилген.

Ар бир редакцияда сегизден киши иштейт экен, айына эки же үч жолу чыгышат. Ал ортодо жаңылыктардын баары эскирип кетет.

Биринчиден, райондук деңгээлдеги гезиттерди алсак, азыркы замандын талаптарына туура келбей калды. Мисалы, ар бир редакцияда сегизден киши иштейт экен, айына эки же үч жолу чыгышат. Ал ортодо жаңылыктардын баары эскирип кетет. Райондук редакцияларда сегиз киши иштесе, анын бири күзөтчү, бири пол жууйт, дагы бири дизайнер. Азыркы заманбап медиа-компанияларды, ошол эле Оштогу “Ынтымак” компаниясын карап көрсөк, бир эле редактор өзү жазып, өзү сайтка коюп, керек болсо видеону чыгарып жатпайбы. Азыр жаңылыктар Интернет аркылуу онлайн-режимде токтоосуз чыгып жатат.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кээ бирөөлөр "райондук гезиттер түп-орду менен жоюлуп кетет экен" деп туура эмес түшүнүп жатышат. Андай болбойт. Облустук деңгээлдеги телеканал, веб-сайт аркылуу тез-тез чыгарып, элдин баары дароо көргүдөй жана окугудай кылып жайылтыш керек.

Бул жаңыча иштөөнү талап кылат. Журналисттер окуяны камерага тартып, жазып, ошол замат чыгара алгыдай универсалдуу болууга милдеттүү болуп калышат.

Мисалы, кээ бир райондук гезиттер өзүнөн өзү эле чыкпай калды. Буга суроо-талаптын жоктугу себеп болду. Айрым райондук гезиттер өзүн өзү багууга өтүп кетишкен.

Албетте, дагы талкуулар болот. Ар бир облустун, райондун экономикалык жана башка шартына жараша иш жүргүзүлөт. Мисалы, кээ бир райондук гезиттер өзүнөн өзү эле чыкпай калды. Буга суроо-талаптын жоктугу себеп болду. Айрым райондордо гезиттер өзүн өзү багууга өтүп кетишкен. Алардын да шартына жараша иш кылынат.

Бул реформа этап-этабы менен жүргүзүлөт.

“Азаттык”: Реформа дегенде көпчүлүк учурда кызматкерлер арасында "кыскартуу болот" деген кооптонууну да пайда кылат эмеспи...

Жумагулов: Бир да реформа жеңил өткөн эмес. Биз жергиликтүү кабарчыларды окутабыз, даярдайбыз. Семинар, тренингдерди өткөрөбүз. "Жашы 60тан өтүптүр" деген сөз болууга тийиш эмес. 70-80ге чыгып алып деле Интернеттин “тилин таап", иштеп жатышпайбы.

Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Дүйнөлүк журналистика мындайга эбак эле келген. Биз жергиликтүү маалымат каражаттарын ошого ыңгайлаштырышыбыз керек. Азыр керек болсо ошол эле айылдарда Интернет аркылуу эле окуп жатышат. Кагаз гезиттерди бирин-серин эле киши окуйт. Тиражы 200, 800, ашып баратса 1500 экен. Ал да айына эки же үч жолу чыкса, бул өзүн актабай турган жумуш да.

Биз чындыкка тике карашыбыз зарыл. "Бардык жерде кыскартуу жүрөт экен" деп ойлобош керек. Кээ бир жерде, балким, пилот болот.

“Азаттык”: Реформа болжол менен качан жыйынтыкталат жана аны ишке ашырууга бюджеттен кошумча каражат талап кылынбайбы?

Жумагулов: Кошумча бюджет талап кылынбайт. Райондук, облустук маалымат каражаттарына бюджеттен акча бөлүнөт. Жалгыз мен чечпейм, финансы органдары, өкмөт менен бирге ар тараптуу каралып чечилет.

Кызматкерлер азайса, алар универсалдуу болуп, көп иш аткарса, албетте, алардын айлыктары же гонорарлары көтөрүлүш керек деген ойдомун. Азыр концепциясы жазылып жатат, ар бир аймакка жараша ишке ашырылат. Күндөлүк турмуш да улам жаңы нерселерди, жаңы чечимдерди талап кылат эмеспи.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG