“Азаттык”: Азиза айым, сиз Кыргызстанда “Акыйкатчы жөнүндө” мыйзамды кабыл алуу боюнча талкууларга активдүү катышкан укук коргоочусуз. Айтсаңыз, Жогорку Кеңештеги акыйкатчы шайлоонун жыйынтыгын кандай баалап жатасыз?
Чекистти омбудсмен кылуу – Кыргызстанда мындан ары адам укугу тебелене берет деген сөз.
Абдирасулова: Парламент тарабынан адам укугун “жаакка чабуу” болду.
Токон Мамытов балким абдан жакшы адам, кесипкөй юрист, абдан жакшы чекист болушу мүмкүн.
Бирок убагында ал атайын кызматта иштеген. Ошол учурда адам укуктары бузулган фактылар аябай көп болгон. Ал Аксы окуясы учурунда, кийинки окуялардын тушунда да атайын кызматта иштеген.
Чекистти омбудсмен кылуу – Кыргызстанда мындан ары адам укугу тебелене берет деген сөз.
Экинчи маселе, каалайбызбы же каалабайбызбы, Токон Мамытов омбудсмен болуп шайланды, бирок ал жарандык коом, укук коргоо уюмдары менен кандай мамиле түзө алат деген суроо жаралды.
Бул мамиле жок жерден түзүлө бербейт. Албетте, биз Токон Мамытовдун үйүнө же тоюна барбайбыз. Бирок адам укугу тууралуу эки башка тилде сүйлөгөн, бири-биринин айткан сөзүн түшүнбөгөн адамдар кандайча чогулуп иштей алат, кандай команда түзөт, ага кимдер кирет деген чоң маселе турат.
Бир эле мисал айтайын, Токон Мамытов вице-премьер-министр болуп турганда балдары армияда каза болгон энелерди мен өзүм ага чогуу алып киргем. Ошондо аябай чоң нерселерди убада кылып, жардамчысынын телефон номурун берип, кайрылгыла, каттарды киргизгиле деген. Бирок ошонун баарын киргизгенден кийин биз менен таптакыр байланышка чыкпай койгон.
Балдары өлгөн ата-энелер “Токон Мамытов бизди кабыл алган эле, убада берген эле, эмне болду?” деп мага бул жагы Ат-Башыдан, тигил жагы Баткенден чалып сурап жүрүштү.
Парламенттин чечими мени өкүнттү. Ал адам укугун сыйлаган чечимге келип, ошол жерге барган Рита Карасартова же Канатбек Азиздин бирөөнү тандайт деп ойлодум эле.
“Азаттык”: Демек, сиз үчүн күтүүсүз болдубу?
Абдирасулова: Күтүүсүз деле болгон жок. Себеби КСДП өлкөдөгү башкаруучу партия. Президент да, азыркы бийликтегилердин көбү КСДПдан чыккан. Парламенттеги көпчүлүк орунду ээлейт. Ошондуктан алардын пикири чечүүчү болуп калып жатат.
“Азаттык”: Буга чейинки үч акыйкатчы тең мөөнөтүнө жетпей иштен кетти. Себептери ар кандай болду. Саясий оюндар деп да айтылып жүрөт. Айрым талдоочулар буга мыйзамдагы мүчүлүштүктөр себеп дешет. Сиз кандай ойлойсуз?
Президент да, азыркы бийликтегилердин көбү КСДПдан чыккан. Парламенттеги көпчүлүк орунду ээлейт. Ошондуктан алардын пикири чечүүчү болуп калып жатат.
Абдирасулова: Туура, эң негизги кемчилик мыйзамдын өзүндө. “Акыйкатчы жөнүндө” мыйзамыбыз Париж принциптерине туура келбейт. Бул принциптер боюнча парламент акыйкатчынын баяндамасын жөн эле угат. Ал жерде “парламент бекитет” деген норма жок болушу керек.
Бизде кээ бир акыйкатчылардын, мисалы, Турсунбек Акундун жана Бакыт Аманбаевдин баяндамалары жактырылбай калып, ошол себеп болгон.
Андай болбошу керек. Акыйкатчы көз каранды эмес, адам укугун жакшы сактап, коргой ала тургандай болушу үчүн бул норманы мыйзамдан алып салуу зарыл. Ошондо ал Париж принциптерине ылайык келет.
Ушундай мыйзам шартында канчалык күчтүү укук коргоочу келбесин, парламентке көз каранды болуп кала бермек.
“Азаттык”: Канткен менен Токон Мамытов шайланды. Бул Жогорку Кеңештин тандоосу болду. Сиз укук коргоочу катары жаңы акыйкатчыга эмнелерге көбүрөөк көңүл бурса деп кеңеш берет элеңиз?
Абдирасулова: Мен акыйкатчыга адам катары эмес, институт катары карайм. Анда 100гө жакын адам иштейт. Аймактарда акыйкатчынын биз абдан сыйлаган өкүлдөрү бар. Ошондуктан биз бул институт менен иштешебиз.
Эн биринчиден, мыйзамдын оңдолушуна көңүл бурса дейт элем. Себеби, аны Париж принциптерине туура келтирүү зарыл.
Экинчиден, бүгүн Токон Мамытовдун парламентте сүйлөп жатканын угуп кыжалат болгонум – бул киши юрист катары юридикалык жакта гана иштеше тургандай пикири калтырды. Бирок, айтарым – ал биринчи кезекте эл аралык стандарттарды, адам укуктары жетекчиликке ала турган негизги принциптерин үйрөнсүн. Алгач өзүнөн баштасын. Кыргызстандын мыйзамдары менен адам укуктары жетекчиликке алган стандарттарынын айырмасын жакшы түшүнүү керек.
Аймактарга, аскердеги өлүмдөргө, Кыргызстандагы оор экологиялык абалга, майып болуп төрөлүп жаткан балдардын көйгөйүнө көбүрөөк көңүл буруу зарыл.
Кыскасы, акыйкатчынын жардамын күткөн маселелер абдан көп.
Парламенттин тандоосун, айла жок, сыйлайбыз. Ишине ийгилик каалайм.