Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:28

Аксыга аким тандоо азапка айланды


Аксы.
Аксы.

Аксыда жергиликтүү тургундардын урууга бөлүнүү маселесинен улам аким тандалбай жатат. Бул тууралуу 6-мартта парламенттин трибунасынан биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Кубатбек Боронов Жалал-Абад облусунун Аксы районунда аким тандоодо кыйынчылык жаралып жатканын жазгы талаа иштерине даярдык маселесин талкуулоо учурунда депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, талаш-тартыш көп болуп жатат.

Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

- Аксынын акими боюнча ар кандай сунуш, талаш-тартыш абдан көп, - деди өкмөт өкүлү. - Ачык эле айтып коелу: туура талаш-тартыш гана эмес, элдин арасында уруу-уруу болуп бөлүнгөн да талаш-тартыш болуп жатат. Маалымат келип жатат. Муну ачык айтпаганда кандай болот? Жашырып отура беребизби? Кайсы жерде оорубуз бар экенин айтышыбыз керек да. Бул боюнча чечүүнүн атайын жолдору бар. Эгер аким шайланбай турса, биринчи орун басары милдетин аткара берет. Мында эч кандай маселе жок. Кудай буюрса биз татыктуу акимди дайындайбыз.

Аксынын акими канчадан бери дайындалбай жатканын парламенттин жыйынында «Республика – Ата Журт» фракциясынын депутаты Үмбөталы Кыдыралиев айтып чыкты.

Өкмөт башчысынын биринчи орун басарынын жогорудагыдай билдирүүсүн ал мамлекеттик түзүлүшкө шек келтирүүчү көрүнүштөрдү моюнга алуу катары баалады:

- «Талаш-тартыш» деген сөз мамлекеттин түзүлүшүнө доо кетирип жатат. Райондо билими жок, ар кандай сөздөрдү баштаган, мамлекетке эч кандай тиешеси жок топтор чуркап, лобби жүргүзүп жатышат. Булар түздөн-түз Конституцияга каршы чыгып, мамлекеттин түзүлүшүнө доо кетирип жатышат.

Аксынын тургуну, Кашка-Суу айылдык кеңешинин депутаты Камчыбек уулу Шекербекке кайрылганыбызда ал азыр район башчысы болууга 20дан ашуун талапкер аракет кылып жатканын, арасынан экөөнүн аты көбүрөөк атала баштаганын билдирди. Бирок ал «райондо бөлүнүп-жарылуу күчтүү» деген сөздөрдү негизсиз катары четке какты:

- «Бул уруудан кызматка дайындалган аким кетиптир, эми тиги уруудан келиши керек экен» деген сөздөрдү элдин арасында мурда Атамбаевдин бийлигинин маалында орноп калган топ бар, ошол таратып жатат. Негизи эл арасында андай бөлүнүү жок. Баары түзүк эле жашап жатат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана улут аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Бакыт Рыспаев аким тандоо укугу азыр бир гана адамдын – премьер-министрдин колунда экенин эске салды:

Бакыт Рыспаев.
Бакыт Рыспаев.

- Акыркы Конституция кабыл алынгандан кийин акимди дайындоо укугу премьер-министрге таандык болуп калды. Эч бир тарап менен кеңешпей эле өзүндөгү адамдардын бирөөнү дайындап кое алат. Мурункудай жергиликтүү кеңештин макулдугу талап кылынбайт, акимди түз эле дайындап коет. Негизи ар бир райондо жергиликтүү саясатты ары-бери кылып турган топтор болот. Бирок ал жалпы райондун эли деп айтканга болбойт. Топтор тирешиши мүмкүн, бирок ал жалпы эл дегенге мен ишенбейм.

3-мартта Бишкекте «Ай тамга Солто» коомунун курултайы өтүп, бул иш-чара эл арасында ар кандай бааланган. Айрым серепчилер ушундан улам мамлекеттик институттар жакшы иштебеген шартта бейформал коомдор күч ала баштайт деген кооптонуусун билдиришкен.

Белгилүү социолог, философия илимдеринин доктору Кусеин Исаев да бөлүнүүнүн аркасы жакшы болбойт деген ойдо.

- Албетте, кыргыздар уруучулук менен өсүп келгенин биз эч убакта тана албайбыз, - деди ал. - Бирок ал өткөн чак. Биз бирдиктүү кыргыз улутун сактап калуу жана бекемдөө маселесин коюшубуз керек. Мурда болгон нерселерди көтөрүп чыгуу - бул өзү кыргыздын тагдырына жана эртеңки жашоосуна карата чыккынчылык.

Быйыл 22-февралда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбаганы үчүн» деп Тоң, Ак-Суу, Кемин, Аксы, Токтогул, Москва райондорунун башчыларын, жалпысынан алты акимди кызматтан бошоткон.

Төрт районго жаңы башчы коюлду, ал эми Аксы жана Тоң райондорунун акимдери азырынча дайындала элек.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG