Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:13

Ажаткана фобиясы


Кечээтен бери менде жаңы фобия пайда болду. Ажаткана фобиясы. Мен эми көчөдөгү коомдук ажатканаларга алгач текшерип алмайын өмүрү кирбейм.

Буга 3-ноябрда төрт адамдын өмүрүн алган ажаткана кырсыгы себеп. Бул темада дегеле жазууну ойлогон жок элем. Ушул окуя болбогондо...

Мындай өлүмдү дегеле жанга бербесин. Тили тентек кыргыз эртең эле бул тууралуу ором-ором кеп кылары бышык.

Жайында АКШга сапар тартып баратып, немистердин аэропортунун ажатканасына кирип калдым. Унитаздын отура турган жери клеенка менен тыкыйта оролгон. Жанындагы сенсордук баскычка колуңду жакындатып койсоң жаңысына ооштуруп берет. Эч кандай сасык жыт жок. Керек болсо ичинде уктагың келет.

Эми өзүбүздүкүнө келели. Кесибиме байланыштуу Кыргызстандын дээрлик бүт райондорунда болдум. Ажаткана бүт жерде окшош. Терең аң, тактай пол же бетон (Кара-Суудагы бетон пол түшүп кеткенден кийин тактайга кайдагы ишеним). Дубал деп эсептелген чүпүрөк-сапырак же шыйпырды кошкондо ажаткананын сүрөтү ушундай.

Керек болсо мындай көрүнүш Бишкекте да бар. Колдонууга кагаз болсо болот, болбосо жок. Ажаткананын адресин сурап убара болбойсуң, жытынан эле таап алууга болот. Турмушта эң керектүү нерсеге мамилебиз ушундай.

Кыргызстан туризм өлкөсү, туристтерди тигинтип-минтип азгырабыз десек, өлкөбүз таза, кооз деп мактансак жаныбызга киши туралбайт. Ушинтип дүйнөдө болбогон окуя катталып, жарандарыбыз кыкка чөгүп өлүп атса бизге турист басып келеби? Ансыз деле ажаткана айынан Ысык-Көлдөн жүз бурган коноктор көп эле.

Демек туристти коё туруп өз жаныбыздын коопсуздугуна кам урбайлыбы. Мисалы, обочо жерге аң казып, үстүн бетондоп, анан түтүк менен ажатканага туташтырып коюш кыйынбы? Муну коомдук ажатканаларга алтын эреже катары киргизип коюш, аткарбаса олчойто айып салыш өкмөткө кыйынбы?

Деги адам өлмөйүн, дүйнөлүк коомчулукка шылдың болмоюн бир окуядан сабак алар күн барбы? Же ушинтип кыкка чөгүп өлө береби жарандарыбыз?

Биздеги мындай шартта үч уктаса түшкө кирбеген өлүмгө туш болуу кимдин башына болсо да капылет келип калышы мүмкүн экен, көрсө...
XS
SM
MD
LG