Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:14

“Мен ишенбейм...” кыймылы ишеничин жогото элек


Жаштардын “Мен ишенбейм...” кыймылы таза шайлоо өткөрүү үчүн президенттикке талапкерлер менен бүгүн жыйын курмак. Бирок ал, уюштуруучулардын айтымында, БШКнын шалаакылыгынын айынан өтпөй калды. Келерки жолу жыйынды өткөрүүгө ишенич деле калбаган өңдүү.

“Мен ишенбейм...” жаштар кыймылы президенттикке ат салышып жаткан талапкерлер менен жолугушуу өткөрө тургандыгын 25-майда Борбордук Шайлоо Комиссиясына (БШК) маалымдаган. Жыйынга комиссиянын жетекчиси Дамир Лисовскийди да чакырган.

Жолугушуу тууралуу тараптар такташып алгандан кийин, кечээ, жыйынга бир күн калганда, БШКдан өкүлдөр чалып: “Жолугушууну өткөргөнгө болбойт, анткени буга Шайлоо Кодекси жол бербейт. Эгер жаштар жыйынды өткөрсө дагы, ага талапкерлердин өздөрү эмес, алардын ишенимдүү ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышсын” деген сунушун айтышкан. Жоопту убагында бербей, жолугушууну үзгүлтүккө учураткан БШКга “Мен ишенбейм” кыймылынын мүчөсү Гүлшайыр Абдирасулова нааразылыгын билдирди.

- Эгерде талапкерлер бул жерге келе турган болсо, бул үгүт катары эсептелинип калат деп түшүндүрүштү. Жолугушуу уюштуруучуларын, бизди да, талапкерлерди да каалаган киши сотко бере алат имиш.

Бүгүн жаштар уюштурган жыйынга БШК төрагасы Дамир Лисовский өзү да катышты. Ал убагында бул тууралуу жаштарга маалымдай албай калганын айтып, БШК тараптан күнөө кеткенин моюнга алды. Бул өңдүү жолугушууну Шайлоо Кодексинин чегинде 18-июндан кийин өткөрүүгө мүмкүн болоорун билдирди.

Бүгүнкү жыйында жаштар президенттикке талапкерлер менен бирдикте алдыдагы шайлоону кантип таза өткөрсө болоорун, анын жол-жобосун чогуу иштеп чыгып, соңунда меморандум кабыл алышмак. Бирок жогорудагыдай себеп менен жаштардын бул демилгеси ишке ашпады. Бүгүнкү жыйынга талапкерлерден жалгыз гана Куттубек Асылбеков катышты.

Ойлору ишке ашпай калган жаштар көңүлү абдан чөгүңкү көрүндү. Алар муну жашырышкан да жок. Кыймылдын мүчөсү Мирзат Аджиев жыйында сөз алып сүйлөдү:

- Кайра дагы бир жолу жаштардын шагын сындырдыңар. Бийликте отурган адамдарга айтып коеюн, биз жакшынакай тегерек үстөл үстүндө талкуу өткөрүп, алдыга үмүт арталы дегенбиз. Талапкерлерди да чакырган элек. Атыңар “Мен ишенбейм” деп, сын айтышат. Айткылачы, ушундай көрүнүштөрдөн кийин, биз кандай ураан менен чыгышыбыз керек?

Бүгүн чоң жыйын болот деп, жыйынга курамына ондон ашык жаштар уюмдары кирген “Мен ишенбейм” кыймылы, шаардан жана региондордон келген студенттер да катышты. Алар да “талапкерлер менен жолугушабыз” деп, абдан даярданып алганбы, айтор, бул жаштардын да бүгүн шаабайы суугандай болду. Жаш активист Урмат Акунов БШК төрагасына төмөнкүчө кайрылды.

- Ушул эле форматта жолуга берсек болмок. Үгүткө деле жол берилмек эмес да. Дамир Владимирович (Лисовский), сиз Бакиевге жакшы кылам деп, тескерисинче, жасап алдыңыз. Бул жерде отуз бала отурса, алардын артында отуз миң жаш турат. Мынча жаш бүгүн суроо-жоопсуз калды жана аларда “шайлоо таза өтөт” деген ишеним жоголду.

“Мен ишенбейм” кыймылынын жаштары эми бул өңдүү жыйында 20-июндан соң өткөрүүнү пландаштырып жатканын билдирди. Анын өтүшүнө Борбордук Шайлоо Комиссиясы да көмөктөшө турганын билдиргени айтылды.

XS
SM
MD
LG