Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Август, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:49

Бишкек мэри "Ататүрк" паркына үй салгандар менен мунаса табылганын айтты


Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев
Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев баш калаанын “Ататүрк” сейил багында курулган турак үйлөр бузулбай, алар паркты өнүктүрүүгө каражат берерин билдирди. Бул тууралуу мэр “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүнө катышканда айтты. Анын айтымында, парктын аймагынан бөлүнгөн жер тилкелерине тиешелүү чечимдер чыгып калгандыктан, мэрия аларды жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Бирок бул процесс көпкө созулгандыктан, мунаса чечим катары аталган аймакта курулуп калган турак-жайлардан паркты өнүктүрүү үчүн акы алуу каралууда.

Жунушалиевдин маалыматы боюнча, парктын аймагынан 24 гектар жер жеке колго өтүп кетсе, анын ичинен ушул тапта бош турган 5 гектары сейил бакка кайтарылды.

Учурда сейил бактын аймагында 68 турак-жай, эки көп кабаттуу үй курулган. Бул жеке турак-жай салгандар сотыхына 4,5 миң доллар, ал эми көп кабаттуу үйлөрдөгү ар бир батир 1000 доллардан төлөп берүүгө макул болгон. Бул каражат “Ататүрк” паркын өнүктүрүүгө жумшалат.

Бишкек мэри мындай жол менен жалпы 500 миллион сом чогултуу каралса, анын 97 миллиону азыркы учурга чейин келип түшкөнүн кошумчалады.

Бишкектин мэри Жунушалиев 2024-жылы 16-апрелде Ататүрк паркынан турак-жай курууга жер берүү боюнча мурдагы мэрлердин колу коюлган 124 токтом жокко чыгарылганын билдирген.

Ошондой эле 1992-жылы 25-июндагы № 225 токтому менен бекитилген, Мустафа Кемал Ататүрк атындагы аянты 107 гектарды түзгөн сейил бактын чек араларын бекитүү боюнча токтомго кол койгон.

Аталган парктагы үйлөрдүн жана жер тилкелердин ээлери президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, алар өз маалында тилкени мыйзамдуу сатып алганын, эгер үйлөр түрттүрүлсө алардын менчик укугу бузуларын билдиришкен.


Шерине

XS
SM
MD
LG