Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

Кыздарыбызды кор тутпай аздектейли


Ноорузда кыз куумайга түшкөн кыз
Ноорузда кыз куумайга түшкөн кыз

Айымдарга аялуу сезим менен мамиле кылуу салтыбыз - муундан муунга кылым карытып келген тарбиялык тажрыйбабыз азыркы тапта мокой түштүбү? Улукбек Омокеевдин блогу олуттуу маселени козгойт.

Бул ой мени качантан бери түйшөлтүп келе жаткан. Бүгүн бир аке менин ушу кезге чейин акылдуу көрүнгүм келбей, саксынып жүргөнүм үчүн уялтты. Ардантып, намыстантты. Бир чети мени кубандырды. Кыздарыбызга, улутубузга күйгөн эркек бар экен го дедим.

Бир жыл айлана элек окуяны эске салып кетти. Кетип баратып аянычтуу үн менен суранып кетти. Үңкүйүп, капалуу кетти.

17 кызыбыз түтүнгө уугуп, 17 эне, 17 ааламды жоготуп койгон мезгилди унута түшкөнүм үчүн жети өмүрүмдү жерге киргизип кетти.

Ооба, унутуп калдык. Фейсбукта каңырык түтөткөн аза сөздөрүн жазып кала бердик. Бүгүн ажолукка аттанган бир дагы талапкердин аял затын сактап, аларга кам көрүү тууралуу программасы, идеясы жок.

Азыр эле ал (атын айтпай кое турайын) мага атайын келди. Мен мурда аны чыгармачылыкка кызыккан адам деп сыйлачумун. Көкүрөгүндө көп нерселер уюп жатыптыр.

"Сага жөн жай келбедим. Көптөн бери бир ой жүрөгүмдү мыжып келетат. Кыш заводдо иштеген кыздар, акиташ заводдо иштеген кыздар, түнү бою кафеде иштеген кыздар, чет жерде кордолгон да, түтүнгө буюгуп өлгөн да кыздар. Сойкулук баргандардын көбү да биздин кыздар. Эмне, кыргызда кыздарды коргогон, татыктуу жумуш орун түзүп берген, төрүнө отургузуп сыйлап алган жигиттер жокпу? Алар же кыз болуп бүрүшүп бурчта тыгылып жатабы? Бир нерсе кылалычы!" - деп каңырыгы түтөп келиптир.

"Колуман келишинче каражат жагынан жардам берейин. Бай деле эмесмин, бирок ошол кичине каражат башкалардын оюн өзгөртүүгө салым кошо алса, бир флешмоб, акция уюштуруп, бир жума, бир ай бою кыздарды сыйлоо, аларды барктоо, аларга татыктуу жумуш ордун түзүү, зөөкүрлөрдөн коргоо тууралуу проблемаларды көтөрөлү. Акыры элди сактаган, улут кылган, урпак улаган аялдар го", - дейт. Сыягы, акиташ заводдо иштеген кыздар ага катуу таасир эткен.

Чын эле менин да көөдөнүмдү мыжыгып жаткан ойлор ушулар эле.

Бир жолу мектепте таасир талашып эки жигит мушташыптыр. Мектептин балдары эки жаатка бөлүнүп калган. Эркек мугалим катары чогулуш өтүп бериңиз дешти. Буулугуп, буркан-шаркан болуп сүйлөп жатам:

- Эй жубарымбектер, акмактар! Силердин агаларыңар бир класстын атамандыгын талашкан тар түшүнүктүн айынан сандаган кыздарыбыз чет жерде кор болуп иштеп жатат, ушул силердин агаларыңар муштумун эптеп көтөрө албай окууну бүтүп кеткендигинин айынан 17 кыз түтүнгө ууланып өлдү, чет өлкөлөрдө кулчулукта сандаган кыздар жүрөт.

Башка өлкөнүн силердей жигиттери ааламды таң калтырган иштерди жасап жатышат. Силер да ушинтип жөжө короздой чокушуп, китеп бетин ачпай, өнөр, кесип үйрөнбөй окууну бүтөсүңөр да, карындаш-эже, курдаш кыздарыңарды иш издеп, талаалап кетүүгө аргасыз кыласыңар. Бир классташыңа гүл берип, бир эжеңе жакшы сөз арнап, бир карындашыңдын туулган күнүн куттуктап, бир парталашыңды бирөөлөрдүн мазагынан коргоп кала албагандан кийин эмнеге жөжө короз болуп жүнүңөрдү үрпөйтөсүңөр. Силердей кезде бир мектептин, бир айылдын атамандыгын талашкан эргулдар бүгүн бийликте өлкөнүн атамандыгын талашып чокушуп, чукушуп, соттошуп, боктошуп, камашып жатышат...

Ушинтип уруштум, өзүмдө күнөө жок болгонсуп, тим эле ааламда жалгыз мен кыздарга күйүп, алардын тагдырын ойлоп аткансып. Бирок тиги окуучу эргулдарга айтып жаткан бул сөздөрүм өзүмө, дал өзүмүн жүрөгүмө айтылып жатканын билип жаттым.

Кызга ат жакшысын мингизип, кийим жакшысын кийгизген, кеткиче конок катары сый көргөзгөн, көңүлүн оорутпай, кабак-кашын карап аздектеп баккан кыргыз салты каякта калганын билбейм. Жок ал. Бүгүн ошол кааданы кайрып келүүнү самап жүрөм. Кыз бала каалаган окуу жайынан окуп, билим алуу үчүн кыйылбай акча жумшаган замандын келүүсүн тилеп жүрөм. Жолдон кыз баланы көргөндө келечек, урпак, өлкө тагдырын ойлоно турган жигиттердин мууну өсүүсүн тилеп жүрөм. Мени менен катар жанагы демөөрчү болом деген аке сыяктуулар да тилеп жүрөт.

Орусияда кыздарыбызды коргомок тургай таштанды буюмча көрбөгөн канчалаган зөөкүр балдар тууралуу угабыз. Мейли, турмуш татаал экен, өлкө майышып кыздарыбызга жумуш таап бере албай жатыптыр. Анда ошол жактан коргоп, сыйлап, аздектеп алар жөнүбүз бар го.

Жок. Негизи жибербей эле коюунун амалын издесек кантет? Ансыз деле кыздарыбыз иштеп атасынын, акесинин үйүн тикелеп, үйлөп-жайлап анан өздөрү отузга чыгып калып жатышат.

Бирок мен бакылдап сүйлөгөнүм менен колуман не келет? Белине эркекмин деп кур тагынып басып жүргөн жаштар, мекенчилдер урду-сокту аракетти тыйып, натыйжалуу жолду тандасак кантет? Биринчи кадам коомчулукка кыздарыбыздын улут үчүн керек экенин, аларды сактап калуубуз тууралуу пикир тараталы. Анан идеясы, каражаты, күчү, билими бар эр-азаматтар чыкса конкреттүү кадамдарга баралы.

Туугандар, достор, ага-инилер! Келиңиздер тиги аты азырынча сиздерге белгисиз болгон жигиттин идеясын колдойлу. Август ичи Фейсбук, Одноклассник, Инстаграм сыяктуу соцтармактардан жалаң кыздарыбыз тууралуу жакшы сөз, жакшы ой айталы. Аларга кам көрүүнү жолдорун издейли.

Ал эми бийликтен кийинки жылды "Аялдарга, кыздарга кам көрүү жылы" деп жарыяланышын талап кылалы.

Билимдүү, тарбиялуу кыз - мээримдүү, акылгөй эне. Алардын ар бири өзүнчө улутту сактаган чоң университет.

Улукбек Омокеев

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG