Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:47

Кыргыздын акчасын той-аш сорот


Бүгүн “Фабула”, “Супер инфо”, “Эркин тоо”, “Вечерний Бишкек” гезиттери жарык көрдү.

“Фабула” гезити журналист Тынчтык Алтымышевдин “атайын кеп укпаган кежир саясатчылар үчүн” деген сөзү менен “Кыттай уюбай, кумдай чачылган коалиция...” деген макаласын тартуулады. Автор “Кыргызстан Орто Азиядагы парламентаризмдин көч башында”, “Кыргызстан нукура демократиянын принциптерин карманат”, “Парламенттик башкаруу–чыныгы элдик башкаруу” деп ооз көптүрүп мактанганыбыз менен өлкөдөгү парламентаризм үч бутунан тушалган ат кейпин кийип турганын, алты жылда жети коалиция түзүп, алты өкмөттү ала салдырганыбызды кеп кылып, эмне себептен мындай болуп жаткандыгын талдоого алды. Мирлан Алымбаев макаласын “Текебаев Кыргыз эл баатырларына асылды” деген ат менен сунуштады. Саясий илимдердин кандидаты Чолпонбек Сыдыкбаев “Фабула” гезитиндеги маегин “Президенттикке мураскер операциясы эми башталат” деп атап, Конституция эмне үчүн өзгөртүлүп жатканын, Текебаевдин таарынычы эмнеден чыкканын, улуу муундун саясатчылары бирин-бири жеп тынарын, эмдиги төңкөрүшүбү же революциясыбы, булар кыргызга жакшылык алып келбесин, Кыргызстан мындан ары төңкөрүштү көтөрө албасын, эл болсо президенттен Текебаев менен кайым айтышууну эмес, Ельциндей кетеринде элине чоң жакшылык кылып, бийликти татыктуу адамга табыштап кетишин каалап жаткандыгын айтты. Депутат Автандил Кулбараковдун маеги “Биз президентибиздин жасап жаткан иш-аракеттерин колдоого алышыбыз керек” деген аталыш менен тартууланды.

“Эркин Тоо” гезити бул санына “2010-жылдагы Конституцияны “иштеп чыккандар” өлкөнү негизги мыйзамдын кол коюлган түп нускасынан кантип куржалак калтырышкан” деген ат менен президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү тарабынан даярдалган макаланы басты. Бул макала “Кыргыз туусу” гезитине да басылды. “Эркин тоо” Сымбат Максутованын макаласын “Кыргыздардагы той-аштар” деп атап, кыргыздын той-ашына ушу кезде 10 млрд сом айлантылып турарын, ар бир той берген үй-бүлө 500 миңден 1 млн сомго чейин акча короторун, тойго тойбогон кыргыз эми бала отургузууну, баланы бешикке салууну, жадагалса кызын үйдөн узатпай ресторандан узатууну, айтор кыбыр эткендин баарын тойго айланта баштаганы, эми 1-класска баласы кирсе да эл чакырып той бермей же бата деген шылтоого жамынып, акча жыйнамайга өткөнүн, той-аштарды кыскартуу үчүн теле-радио, гезит, сайттардан мыкты даярдалган, адамдын аң-сезимине бүлүк сала турган роликтерди даярдоо, буга журналист журту түп көтөрө аттанбасак, кыргыздын тапкан акчасынын баары жашоо-турмушун оңдогонго эмес эле жалаң ичип-жегенге кетип жатканын жазып чыкты. Буга кошулбай коюуга болбойт. Дүйнөнүн акыл-эси бар бир дагы элинде мындай чабылып-чачылып той берген эл жок экен.

“Супер инфо” гезити ырчы Анжеликанын “Жолдошума уул төрөп бергим келет” деген сөзү менен ачты. “Ата, мен акмын! Же окуучунун өз жанын кыйышына эмне себеп болгон?” деген теманын алдында ой-пикирлердин топтому жарыяланды. Депутат Алмамбет Шыкмаматов “Мен камагынан да, өлтүргөнүнөн да коркпойм” деген ат менен маек курду. Динара Абдыкадырова даярдаган бет “Атактуулардын кимиси өкүл балага бай?” деген суроого жооп издеди.

“Кыргыз туусу” гезити Ош облусу боюнча өз кабарчысы Төлөнбай Абдыразаковдун “Алакалар жолго салынат, чек ара такталат” деген макаласын тартуулады. Автор жакында эле ордолуу Ошко Өзбекстандын премьер-министринин орунбасары Адхам Икрамов баштаган делегация келгенин, эки өлкөнүн көп жылдардан бери сууй түшкөн мамилеси кайра жандана баштагандыгына карапайым калк ыраазы болуп жаткандыгын баяндады.

“Вечерний Бишкек” гезити “Муз доору келатат” деген ат менен профессор Казимир Каримовдун Күндүн буга чейинки активдүүлүгү басаңдаганын, эми беш-алты жылдан кийин кичи муз доору келерин журналист Нина Ничипоровага берген маегинде айтып берди. Жакында “Ала-Тоо” кинотеатрынын жанына Сүймөнкул Чокморовдун айкелин орнотуу үчүн орду белгиленгенин, келечекте бронзодон эстелиги тургузуларын, анын бийиктиги үч жарым метрге жетерин, эстелик элден чогулган акчага орнотуларын жазды.

XS
SM
MD
LG