Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

Бакиевдин көлдөгү мүлкү кимдин колунда?


Бүгүн "Жаңы ордо", "Фабула", "Де-факто", "Супер инфо", "Вечерний Бишкек" гезиттери жарык көрдү.

"Жаңы ордо" гезити өкмөт башчы президенттик шайлоого аттанып, анын орду азыр эки партия ортосунда талашка айланганын жазып чыкты. Басылманын ырасташынча, "президенттик аппарат өкмөт башчынын ордуна Сапар Исаковду көрсөткөнү даярданып жатканы маалым. Бирок парламент Сапарды өкмөт башчылыкка беките алабы? Бул чоң маселе".

Президенттик орунга талапкер, мурунку өкмөт башчы Темир Сариевдин ушул эле гезиттеги маеги "Президент болгон адам чечкиндүү болуп, өлкөнүн милдети менен кошо илдетин да алышы керек" деп аталат. Парламенттин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдырахманов "Кыргызстанга Европанын фабрикасын алып келдим, эми алмасын алып келип жатам, саясий системасын алып келип киргизсем, менде бул дүйнөдө арман болбойт" дейт. Анын маеги да гезиттин жаңы санында. Абдырахманов 100 миң долларга Италиядан алма көчөттөрүн алып келип отуругузуп, ага кеткен чыгымды 5 жылда жабууга боло турганын, багбанчылыктын бул түрү 20 жылга чейин кирешелүү болорун билдирген.

Басылмада ошондой эле мурдагы башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиевдин апасы тууралуу эскерүүсү, саясат таануучу Табылды Акеровдун "Атамбаевдин бийлиги жаш саясатчыларга "мураскер болуп калышың мүмкүн" деп, өзүнө жан дили менен иштетүү үчүн ушундай ыкманы колдонду" деген маеги, Нурмамат Сапарбаевдин "Чыныгы адам жөнүндө баян" деген очерки жарыяланган. Очеркте Арстанбап жаңгак токоюн сактап, аны уурулардан коргойм деп жүрүп ден соолугунан ажыраган чыныгы токойчу Кеңешбек Пиназаровдун тагдыр жолу баяндалган.

"Фабула" гезити "Сооронбай Жээнбеков президенттикке татыктуубу?" деп бир топ инсандарга суроо узаткан. Жазуучу Мар Байжиев "ишенимдүү уулдарыбыздын бири" деп, коомдук ишмер Кемел Ашыралиев "эл кимди шайласа ошол болот" деп, академик Жамин Акималиев "бир гана өзүнүн пикирин ачык айтып, өзүн активдүү көрсөтсө болот эле дешчү" деп, милициянын генералы Өмүрбек Кутуев "президент болуп иштей алат" деп, саясатчы Азимбек Бекназаров "Сооронбай Жээнбеков президенттин эң ишеничтүү адамы. Сатпаган, айтканынан чыкпаган адамдарынын бири" деп, журналист Төлөгөн Сулайманов "тышкы саясатты ырааттуу алып кете алса, президент катары иштеп кетет" деп, экономист Искендер Шаршеев "Сооронбай Шарипович президенттикке толук кандуу татыктуу деп ойлойм" деп жооп беришкен.

"Де-факто" гезити Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин жактырып "Таза жана татыктуу талапкер - өлкө келечегине ишеним арттырат" деген аталыштагы макаланы сунуштап, ага улай "Мадумаров, Келдибеков, Ташиев "үчилтигине" ишеним барбы?" суроосун алдыга жайды. Президенттикке талапкер "Темирдеги темирдей үч сапат" ушул эле гезитте талдоого алынган. Басылманын ырасташынча, Сариевдин айкөлдүгү, чечкиндүүлүгү жана принципиалдуулугу, бекем тартиби "президенттик шайлоодо ийгилик жылмайса, Сариев алдыга койгон максаттарын толук ишке ашыра аларына кыргыз эли ишенет жана колдойт".

"Супер инфо" гезити да КСДПдан президенттикке талапкер болуп аттанганы турган Сооронбай Жээнбеков ишенимди актай алабы суроосуна жооп издеген.

Гезитте депутат Жанар Акаев парламентте козгогон чет жерде бекер окууга чоңдордун балдары гана жөнөтүлүп жатканы, Өзгөндүн Жалпак-Таш айылынын тургундары чатырларга көчүрүлүп, кыйналып жашап жатканы тууралуу макалалар жарыяланган.

Басылмада ошондой эле "Сот реформасын милицияны реформалоодон баштоо керек" деген саясат таануучу Тамерлан Ибраимовдун пикирине орун берилген. Ал эми парламенттин мурдагы спикери Зайнидин Курмановдун пикири "Алсыз саясий системанын арышы арбыбайт" деген аталышта жарык көргөн.

Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигиндеги уюшкан кылмыштуулукка жана коркунучтуу кылмыштарга карыш күрөштү координациялоо борборунун жетекчи орунбасары болуп кыргызстандык Аскат Алиев дайындалганын жума күнкү "Вечерний Бишкек" гезити маалымдады.

Гезитте ошондой эле президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков тууралуу макала, өкмөт менен президенттин иш башкаруу башкармалыгы эмеректерди химиялык тазалоого керектүү буюмдарды сатып алууга тендер жарыялаганы Азамат Касыбековдун "Өкмөттүк дивандарга жабышкан жүндөр же кантип тазаланбай калууга болот" деген макаласында козголгон.

Бакиевдердин көл кылаасындагы дүйнө-мүлктөрүнүн учурдагы абалына Александра Василькова кызыккан. Анын макаласы "Бакиевдер кланынын Ысык-Көлдөгү мүлктөрүнө бүгүн кимдер ээлик кылат?" деп аталат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG