Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:35

Тойлордон чыккан ойлор


Тойдун шаан-шөкөтү.
Тойдун шаан-шөкөтү.

Бүгүн “Багыт”, “Майдан”, “Слово Кыргызстана”, “Вечерний Бишкек” гезиттери жарык көрдү.

“Майдан” гезитинин жаңы санында Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибековдун саясий биримдигине арналган макала, маектерге кенен орун берилди. Анын себеп-жөнүн Акматбек Келдибеков “Мыйзамсыздыкты алгач биз башыбыздан кечиргенбиз”, Адахан Мадумаров “Мыйзамдуу жол менен бийлик алмашына көзүбүз жетпей калды”, Камчыбек Ташиев “Мыйзамсыздыктын аша чаап баратканына бөгөт коюу максатында бириктик” деген аталыштагы маектеринде түшүндүрүп беришкен. Саясат таануучу Табылды Акеровдун маеги “Биригүүгө барган үч саясатчы бийлик кысымына кабылган А. Саляновага карата жигиттик кадамга барышты” деп атаса, биримдик мүчөсү Камчыбек Ташиевдин “Атамбаев дачада жатып алып өлкөнү башкарышына көзүм жетпейт. Дача эмес, азыркы отурган жеринде эле башкарып алсынчы...” деген маеги жарыяланган. “Атамбаевдин алты жылы эмне менен эсте калды” деген суроого Камчыбек Ташиев: “Эң негизгиси, анын ырлары, калп сүйлөгөнү, бирөөнү шылдыңга алганы, бирөөлөргө негизсиз жалаа жапканы жана башка өлкөлөр алдында Кыргызстандын аброюн ылдый тартканы менен. Бүгүнкү күндө бийликтин эң кыл чокусунда орусча айтканда “уроддор” отурганы менен эсте калды”, деп жооп берген.

Басылмада мындан тышкары “Саясий туткун Кубаныч Кадыровдун атасына кезек келди”, Адил Турдукуловдун “Президенттин жансакчысы мурда да туугандары аркылуу эскертүү жөнөткөн”, Турсунбек Акундун “Эрегиштен эр өлөт, бийлик менен оппозиция диалогго олтурсун!” деген маектери, Бабырбек Жээнбековдун “Прокуратура – мыйзам коргоочусубу же мыйзам бузгандардын жактоочусубу?” деген кайрылуусу да жарыяланган.

“Багыт” гезитинин жаңы санында дин аалымы Чубак Жалилов шайлоочуларга кайрылып: “Өз добушун сатуу, бирөөнүн добушун сатып алуу – күнөө, арам болот, ал адамзатына жасалган кыянатчылык” болорун эскертти. Диний аалым Кудай алдында арам тамакка азгырылбай таза иштей турган партияга добуш берүүнү, андайлар жок болсо баарына каршы добуш берүүнү сунуш кылды. Басылмада өкмөт башчынын кан кудасынын жакын тууганы Баңгизаттарын көзөмөлдөө кызматы жоюлгандан кийин Материалдык резервдер фондуна келгенин баян кылган “Жээнбековдун кудасы, депутат Абжалиевдин тууганы Гуламжан Анарбаев ак иштесе экен” деген каалоо-тилекти камтыган макала басылды. Үч саясатчынын тандемине бул гезитте журналист Баратбай Аракеев токтолуп, “Үчөө тең эр... Кимиси талапкер?” деген ой жорумун ортого салды. Коомдук ишмер Нарынбек Молдобаевдин “Депутаттар “подкуп” боюнча мыйзамга административдик ресурстар маселесин кошуу зарыл” деген маеги жарыяланды. Нарынбек Молдобаев ушу тапта бир күндө орто эсеп менен миңге жакын той өтөрүн, тамадалардын чөнтөгүнө 700 миң доллар түшөрүн, ошонун он пайызын салыкка төлөп койсо бир айда 70 миң доллар салык түшөрүн, бир жылда 2 миллиардга жакын сом акча топтолорун, бул “Дордойдон” түшчү төлөмдөрдүн тең жарымы экенин кеп кылды.

Жогорку Кеңеш депутаты Элвира Сурабалдиеванын “Референдум аркылуу авторитардык башкаруунун жолуна бөгөт коёбуз” макаласы да гезиттин ушул санында. Жыйырма беш жылдан бери түнт чөйрөдө жашап келаткан, андан революциялар да алып чыга албаган өлкөнү Атамбаев өзгөрткүсү келет. “Эмнеге буга жардам берүүгө болбосун”, дейт макала автору. Басылмада илимпоз Советбек Байгазиевдин “Ата-бабаларыбыздын табият этикасы жана философиясы – бүгүнкү экологиялык аң-сезим үчүн балбылдап жанган шам чырак” деген макаласына да орун берилген.

Конституцияга киргизилчү өзгөртүүлөр, аны колдоочулардын пикирлерин бүгүнкү “Слово Кыргызстана” гезити да басты. Гезитте ошондой эле президент Атамбаевдин жылдык жыйынтыкка арналган маалымат жыйыны, анда айтылган сөздөргө карата журналисттик ой толгоо жарыяланган. Макала автору Кифаят Аскерованын ырасташынча, Атамбаев мөөнөтү бүткөндө кызматын тапшырып эс алууга кетет, бош убактысын китеп окуу менен өткөрүүнү жактырат. Кызмат ордуна кимдир бирөөнү даярдаган эмес. Буга чейинки мамлекет башчылардын бир да бирөөнө окшобогон өзгөчөлүү президенттин ичтеги сырын тартынбай ачыкка чыгарганы айрымдарга өөн учурашы ыктымал, деп белгилейт макала автору. Президент болгонду болгондой жаап-жашырбай ачык айтат.

Гезитте Елена Мешкованын “Жемкорлук кескелдиригинин куйругун кыркып салуу аз” деген макаласында коомду ичтен ириткен илдетке каршы турчу мыйзамдардагы алешемдиктер тууралуу кеп болот.

Конституицялык өзгөрүүлөрдү христиан дин жетекчилери да колдорун “Вечерний Бишкек” гезити жазды. Макала “Таксырдын сөзү” деп аталат. Орусиялык “РусГидро” компаниясы опсуз көп акчаларды коротуп, бирок биртоп иштерди жасабай кеткенин депутаттык комиссия аныктап чыкканы Бермет Маликованын “Инвестордон жолубуз болбоду” деген макаласында баяндалган. Депутаттык комиссиянын иликтөөсү Жогорку Нарын каскадын курууда 2 миллиард ашуун сомдук жумуштар ашыра көрсөтүлгөн. Орусиялык “РусГидро” компаниясыын жетекчиси Евгений Дод кызматтан алынып, ал келтирген зыяндарынын ордун толтуруп бериш максатында компанияга 73 миллилон рубл акча кайтарып берген, дейт Бермет Маликова.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG