1-апрелде бекеттердин расмий ачылышына кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев менен Өзбекстандын Фергана облусунун акими Хайрулло Бозоров баштаган эки өлкөнүн күч органдарынын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.
Чек ара: “Кайтпас” жана “Өтүкчү” бекеттери ачылды
Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавын бул мамлекеттин негизги аймагы менен байланыштырган Сох–Риштан жолундагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” чек ара бекеттери ачылды.

1
Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” бекеттери жүргүнчүлөр үчүн ачылды.

2
Ачылыш аземине жергиликтүү тургундар жана эки өлкөнүн күч органдарынын өкүлдөрү да катышты.

3
Нан, туз менен меймандарды тосуп алуу.

4
Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Өмүрбек Суваналиев жана Өзбекстандын Фергана облусунун акими Хайрулло Бозоров.

5
Жолугушуу жылуу маанайда өттү.

6
Мындан ары ал жактан жүргүнчү ташыган автоунаа жана жөө жүргүнчүлөр күндүз өтө алышат.

7
Баткен облусунун жетекчиси Өмүрбек Суваналиев алгач Фергана облусунун акими Хайрулло Бозоровго калпак менен чапан кийгизди.

8
Анан калпак менен чапандын ордуна белекке топу менен чапан тартууланды.

9
"Ырыс алды - ынтымак" сөзү эки элге тең дем берди.

10
Эки мамлекеттин президенттери С.Жапаров менен Шавкат Мирзиеёвдин Ташкенде март айындагы жолугушуусунан кийин кыргыз-өзбек мамилеси жакшыруу жолуна түштү.

11
Фергананын жетекчиси Бозоров Сохто эч кандай чектөө болбой турганын, эки өлкөнүн жарандары тоскоолдуксуз өтө аларын билдирди.

12
Баткен облусунун Кадамжай районунда кыргыз-өзбек чек арасындагы “Өтүкчү” Сохко кире бериштеги, ал эми “Кайтпас” Өзбекстандын негизги аймагына кирүүчү бекет.

13
Эл менен катар чек арачылардын да кубанычында чек жок.

14
Сох-Риштан жолу 2013-жылы Чарбак окуясынан кийин Кыргызстан жактан бир тараптуу жабылган.

15
Сох анклавынын тургундары Өзбекстандын негизги аймагына барып-келүү үчүн 80 чакырымдай жол басып, бир топ жерди айланып өтүшчү.

16
Буга чейин Кыргызстандын жарандары үчүн бул жол аркылуу транзиттик каттамга чектөөлөр бар болчу.

17
2019-жылы сентябрда жол бир саатка ачылып, кайра жабылган.