Сүрөт баян
"Сирендериң гүлдөдү, сен таштап кеттиң дүйнөнү". Элмирбексиз беш жыл
Кыргыз Республикасынын “Эмгек баатыры”, “Эл артисти”, эл ырчысы Элмирбек Иманалиевдин көзү өткөнүнө бүгүн туура беш жыл болду. «Айтыш» фондунда көптөгөн жаш акындарды таптаган таланттуу акын 2020-жылы 42 жашында күтүүсүз каза болгон. Ал ага чейин кант диабетинен жабыркап, дарыланып жүргөн.
Майрамдык шаң, чет элдик студенттердин бийи. Бишкек, Оштогу Нооруз
Грузия: 100 күнгө созулган нааразылык (сүрөт баян)

28-ноябрда Грузиянын өкмөтү ЕБге кошулуу боюнча сүйлөшүүлөрдү 2028-жылга чейин токтотууну жарыялаганы нааразылык акцияларын жаратты. Ал 100 күндөн бери уланып жатат. "Азаттыктын" Грузиядагы фотокабарчылары Дато Коридзе, Мзия Саганелидзе акцияларды биринчи күндөн эле тартып келатат.
Таңкы закым, махабаттын күбөлөрү жана музалар
"Коом стереотиптен арылса дейбиз". Майыптардын тагдыры спектаклде
Бишкектеги Арсен Өмүралиев атындагы шаардык театры «ШИРЕ-ШЕРИ-НЕ» деп аталган спектаклди көрүүчүлөргө тартуулады. Ролдорду майыптыгы бар 12 кыз-келин жараткан. 40 мүнөткө созулган спектаклде кыз-келиндер өздөрүнүн майыптыгы жана жынысы боюнча дискриминацияга кабылганы тууралуу баяндайт.
Жаактан балерина, териден маңкурт. Нарындын өнөрпоздору

Бул койдун баш сөөгүнөн жасалган чакан айкелдин автору скульптор Бакыт Мусаев.
"Бир жолу жаак сөөк ушундайынан жатып калды. Мага балеринанын буту көрүндү. Анан бир нерсе жасап көрөйүн деп ойлонуп, жасадым. Жыйынтыгы ушундай болду. Сөөктөн деле жакшы бир нерсе жасап койсо болот", - деди автор.
Бишкекте 60ка жакын сүрөтчү, кол өнөрчүлөрдүн, айкелчилердин "Туулган жерим, асыл бешигим" деген аталышта көргөзмөсү өтүүдө. Көргөзмөгө жалаң Нарындан чыккан өнөр ээлеринин эмгектери коюлган. Картиналардан сырткары жыгач, тери, кийиз, айнек, таштан жасалган оригиналдуу кол эмгектерди көрүүгө болот.
Ак кар жамынган Ала-Арча
"Кыргыз кереметинин" чолпону - Клара Юсупжанова

Клара Юсупжановага арналган көргөзмө "Жолборс жайлоодо эки уйду жарды" аталып, ага өнөр ээсинин кыргыз тасмаларында таберик болуп калган бир нече сүрөттөрү коюлду.
Мындан сырткары маданий саамалыкта сүрөтчүлөр Белек Кошоев, Кубанычбек Ибраимов, Шайлоо Жекшенбаев, Бахрамжон Темиров жана Асейин уулу Молдокелердин эмгектери илинди.
(Бул сүрөт кинорежиссер Лариса Шепитьконун "Зной" ("Аптап") тасмасынан, сүрөт К. Грязновго таандык)
Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде белгилүү кинорежиссер жана актриса Клара Юсупжанованын чыгармачыл мурасына арналган сүрөт көргөзмө өтүүдө. Анда таланттуу кыргыз кызы тартылган жана өзү тарткан тасмалардан бир нече сүрөттөр коюлду. Бул саамалык 5-декабрга чейин уланат. Юсупжанова кыргыз кино дүйнөсүндө бараандуу из калтырган ажарлуу актриса, поэтикалык даректүү тасмаларды жараткан таланттуу режиссер эле. Аны замандаштары менен бирге эскеребиз.
Эски бекет ээн турат, жаңы бекетте шарт жок
Бишкектеги Батыш автобекети 23-октябрдан тарта жабылып, бош турат. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев эски бекет оңдоп-түзөөдөн өтөрүн айтканы менен, анын ордуна кайсы мекеме келерин айткан жок. Бирок, ушул жылдын май айында президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Батыш авто бекетинин имараты калкты тейлөө борбору болорун билдирген. Учурда бул автобекет аркылуу кеткен бардык каттамдар Алматы көчөсү 1/1 дарегинде жайгашкан "Бишкек автобекети" муниципалдык ишканасынын жаңы бекетине жана шаардын батыш тарабындагы РИОМ автобазарынын жанында бөлүнгөн жайдагы автобекетке которулган. Шаар бийлиги унаа базардын жанындагы бекет убактылуу, тагыраагы кийинки жылдын жай айларына чейин иштей турганын билдирүүдө.
Деколонизация: Үч өлкөнүн өзүн таануу аракети

Борбор Азиядагы үч мамлекеттин изилдөөчү, тарыхчылары деколонизация темасын талкуулоо үчүн Бишкекке чогулду. Соңку убактарда "деколонизация" деген сөз чөлкөмдө актуалдашып, ар кандай талкууларга жем таштап келет.
"Эсимде" изилдөө аянтчасынын IV Эл аралык конференциянын алгакында өткөн көргөзмө.
Кыргызстандагы “Эсимде” изилдөө аянтчасы үч күндүк "Посткоммунисттик Борбор Азия - ой жүгүртүү мейкиндиги" конференциясын өткөрүп жатат. Ага Кыргызстандан, Казакстандан жана Өзбекстандан келген тарыхчылар, изилдөөчүлөр, коомдук ишмерлер катышты.
Репрессия азабын сүрөткө түшүргөн чебер

Баш калаа Бишкектеги Көркөм сүрөт музейинде КР эл сүрөтчүсү Адылбек Байтерековдун 70 жылдык юбилейине арналган көргөзмө ачылды. Анда 45 жыл ичинде тарткан тандалма 113 эмгеги коюлган.
Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде эл сүрөтчүсү Адылбек Байтерековдун жеке көргөзмөсү өтүүдө. Көргөзмөгө живопись, графика жанрындагы 100дөн ашык сүрөттөрү коюлду. Алардын арасында кийизден жасалган эмгектер да бар. Көргөзмөдө сталиндик репрессиянын курмандыктарына арналган сүрөттөр дагы коюлду.
Борбордук жана Чыгыш Европадагы суу ташкындын кесепети

Борбордук жана Чыгыш Европада селдин айынан өмүрү кыйылгандар соңку маалыматтарга караганда кеминде 15 адамга жетти.
Суу ташкындаган Румыниянын Слобозия Коначи шаарында тургундар улгайган аялга жардам көрсөтүп жатат.
Польша, Румынияда шаарлар жана үйлөрдү суу басты. Бир катар жерлерде эл жапырт эвакуацияланды.
Тынымсыз жааган жамгырдан кийинки суу ташкындын кесепетинен Борбордук жана Чыгыш Европада каза болгондордун саны өсүп жатат.
Шерине