Орусияда иштеген кыргыз жараны армияга чакыруу алган. Ал аскер комиссариатына барып текшергенде, ага запастагы аскер экенин, керек учурда аны согушка чакырышарын айтышкан. Чындыгында кыргыз жаранынын Орусияда убактылуу жашап турууга уруксат берген гана документи бар. Коопсуздугу үчүн атын өзгөртүп Азамат деп тааныштырган мекендеш менен маектештик.
Азамат Орусиянын Екатеринбург шаарында иштейт. Ал кыргыз жараны. Согушка чакыруу алганын ал кеч билген. Буга аялынын кагазды ага көрсөтпөй катып койгону себеп болгон.
"Чакыруу качан келгени белгисиз. Аялым көрсөттү. Бекер кылыпсың [чакырууну менден катып] деп айттым".
Азамат өзүнө келген чакыруунун чын-төгүнүн текшерүү үчүн аскер комиссариатына барган. Мекеменин кызматкерлери ал чын эле орус армииясынын запастагы аскери катары катталганын айтышкан.
"Аскер комиссариатына бардым. Болгонун түшүндүрүп айттым. Бекитип койгон экен. Кечээ алдым, бүгүн эртең менен келдим дедим. [Алар] “Cен бизде запастагы аскерсиң. Азыр 300 миң адам толду, - деди. - Бошсуң, кете бер. Эгер керек болсоң чакырабыз”.
Азамат орус жарандыгын алуу үчүн 1,5 жыл мурда арыз бергени менен, анысы карала элек. Учурда убактылуу жашап турууга гана үч жылдык уруксаты бар. Ал аскерге чакырылып калышын Орусиянын Канттагы аскер базасында кызмат кылганы себеп болушу мүмкүн деп божомолдоп жатат.
Азамат согушка барбай коюунун жолун издеп, юристтер менен да кеңешкенин айтууда.
“Жашап туруу кагазынан баш тартып, жокко чыгарышым керек экен. Кандайдыр бир бейбаштык кылсам, баш тартат экен. Өзүм барып баш тарта албайт экем. Кичине бир бейбаштык кылайын деп атам. Ачык эле сөз. Жол чырактын кызыл жарыгына өтүп кетсемби же дагы бир нерсе кылсамбы деп ойлоп жатам. Ошенткенде Жол көзөмөл кызматкерлери кармаса, мага айып жазат. Маалымат базага түшсө, менин жашап турууга уруксат берген кагазым жараксыз болот”.
Азамат мындай чакыруулар башка кыргыз мигранттарга да келгенин белгиледи.
Орусиядагы мигранттарга жардам көрсөткөн юрист Аниса Жээнбекова Орусияда жашаган кыргыз жарандары согушка чакырылган учурлар буга чейин да болгонун айтты. Мындайга кабылган жарандар керектүү документтерди алып, укук коргоо органдарына кайрылышы керек дейт.
“Бул чоң мамлекеттик системада да ар кандай үзгүлтүктөр болуп турат. Адистер мигранттын статусуна карабай аскерге чакырууларды жөнөткөн учурлар бар. Мындайда бардык документтери мыйзамдуу болсо, аларды алып барып, “ушундай статустагы мигрантмын” деп далилдеп, маселени чечсе болот”, - деди Жээнбекова.
Соңку күндөрү Орусияда мигранттарга карата текшерүүлөр күч алганы кабарланды. Өткөн айдын соңунда такси айдаган мигранттардын жапырт кармалышы боюнча видеолор социалдык тармактарга тарап, коомчулукта кызуу талкууланган.
Мындай текшерүүлөр дайым болуп келгени менен, соңку учурда күч алганын Орусиядагы кыргыз мигранттары да белгилешти. Бул окуяларга байланыштуу Кыргызстандын элчилигине да сын күчөп, түшүндүрүү, маалымат берүү иштери толук жүрбөй жатканын айтып айыптагандар бар.
Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов төмөнкүлөргө токтолду:
“Элчилик мигранттар менен тыгыз иштешип жатат. Украинадагы согуш башталгандан кийин юристтерди, кызматкерлерди көбөйттү. Биз да айтып, кошумча күркөлөрдү ачып бердик. Көйгөйүн чече албаган кыргыз жарандары элчиликке кайрылышы керек. Ал жактан жооп болбосо же жардам берүүдөн баш тартса, биз да аралашып, чечкенге аракет кылабыз”, - деди Осмонов.
Москва Украинага кол салгандан кийин Орусияда эмгектенген кыргызстандык айрым мигранттар паспорт алуу үчүн келишимдик негизде согушка кеткени белгилүү болгон. "Азаттык" абакта жаткан бир канча кыргыз жарандары "Вагнер" аскердик тобу менен келишим түзүп, согушка кеткенин, алардын 10дон ашууну каза болгонун аныктаган.
Урушта каза тапкандардын жакындары маркумдардын чоочун жерге өзү барганына ишенбей, мажбурлоо болушу мүмкүн деп шек санашууда.
Расмий маалыматтарга караганда учурда Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттардын саны 1 миллиондон ашуун. Алардын тең жарымына жакыны орус жарандыгын алган.