Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:41

Мамлекеттин тамырын бекемдейли


Улуу урматтуу Кыргыз элим! Айкөл Манастын урпактары болгон кеменгер кыргыз калкым! Ала Тоонун ээси болгон элим-журтум. Эгемендүү элим сиздерди 31-август Кыргыз Республикасынын эгемен күнү менен кызуу куттуктайм! Эгемен өлкөбүз бүгүн 23 жашта.

Мына ушул мезгилдин ичинде кыргыз эли кандай гана күндөрдү башынан өткөрүшкөн жок, аларга өткөн тарых барактары күбө. Элибиз ушул жаркын күнгө жетүү үчүн не деген гана эмгектерди, аракеттерди кылган жок. Мен кыргыз элинин мамлекет башчысы катары калың журттун алдына кайрылам.

Кыргызстан - биздин мекенибиз. Аны өнүктүрүү, албетте биздин милдет. Бүгүнкү эмгек, эртеңки келечек. Азыркы күндө жергебизде билимдүү, жаш муундар өсүп келе жатат. Ошого байланыштуу Мекендин, Ата Журттун бакубат гүлдөп өсүшү, бардык жактан күчүбүздү жумшап, бир кишидей болуп, "Ырыс алды-ынтымак" дегендей, Манас атабыздын осуятын аткарып "Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып" ынтымактуу, биргеликте иштөө менен гана коомду алдыга ынанымдуу жылдырууга болот. Кымбаттуу элим, мамлекет бүгүн бир бүтүн дарак. Ал дарактын бутактары сиздерсиздер. Ал эми түп-тамыры бекем болушу өтө зарыл. Андыктан мамлекет гүлдөгөн, түптүү дарак сыяктуу ар дайым түбөлүктүү өмүр сүрүшү керек.

Анын ар бир талы, жалбырагы ар бир адам сыяктуу сезилиши керек. Анын өсүп-өнүгүүсү үчүн тынымсыз эмгек кылуу керек. Мен ар бир адамды мына бул дарактын шактарына теңегим келет. Мамлекетке ак кызмат кылса гана ошол дарак соолубай, бүрдөп, башкача айтканда, мамлекетибиз өркүндөп өсүп гүлдөйт. Кымбаттуу менин мекендештерим! Өлкөбүздүн экономикасын көтөрүү үчүн көп аракеттерди жаңыдан жасагым келет. Бул үчүн талапка ылайык мамлекеттин структурасын кайрадан түзүүгө көңүл бурсам дейм. Коомдук менчиктерди өстүрүү, азыркы талапка ылайык болчудай болуп турат. Анткени, бардык тармактар жеке менчикке айланып кеткенин билесиздер. Бул үчүн жалпы кыргыз элин кайрадан коомду жаңыча реформалоо саясатын жүргүзүү зарыл. Базар баалары тынымсыз өсүп, ар жерлерде коррупция кучагын кенен жаюуда. Мындан башка өлкөбүздүн ички жана тышкы саясатын жаңы нукта жүргүзүү талабы керек. Элибиз эч качан кыйналбай жашоосу үчүн биринчиден, жогорку маяналуу жумуш орундары менен камсыз кылууну колго алсам дейм. Жергебизди өнүктүрүп, өстүрүп, гүлдөткүм келет. Келечекте эртеңки Кыргызстан күчтүү, даңазалуу мамлекеттердин катарына кошуу үчүн өз салымымды кошом. Бул үчүн чын ниетимден, ак дилимден, адилет, калыс, айкөл, чынчыл чыныгы кызматымды кылууга даярмын! Бардык жарандарды өзгөчө кызматчыларды мен белгилеген сапаттарды карманууга үндөйм! Кыргызстан кең мекен, анын келечеги алдыда! Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат ардактуу кыргыз элим!

Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин студенти Жылдыз Ашыралиева.

XS
SM
MD
LG