Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:13

Криптовалюта кризиси: Биткоин төрт эсе арзандады


 Криптовалюта. Биткоин
Криптовалюта. Биткоин

Эң белгилүү криптовалюта – биткоин соңку күндөрү кескин арзандап, 15-16 миң долларга чейин түштү. Бир жыл мурда анын наркы 70 миң долларга чукулдап, быйылкы жылга 40 миң доллардын тегерегинде кирген. Бирок айрым криптобиржалардын иштен чыгышы жана криптомайнерлердин банкрот болушу санариптик акчанын кунун кетирди.

Кээлер бул кризис биткоиндин жана башка криптовалюталардын ишеничтүү эмес экендигин көрсөттү десе, айрымдар ал кайрадан көтөрүлөрүн болжолдошот.

Канчага секирип, кайра канчага түштү?

Санариптик акча рыногундагы кырдаалды түшүнүп алуу үчүн валютанын узунураак тарыхынан баяндайлы.

Биткоин 2009-жылы алгач жүгүртүүгө чыккан учурда анын 109 даанасы 1 АКШ долларына сатылган. Бирок жыл айланбай бир биткоиндин наркы 50 центке барабар болуп калган.

Криптовалютанын бул түрү төрт жылдан кийин алгачкы секиригин жасады. 2013-жылы анын бир даанасы алгач 90 долларга чыгып, жыл соңуна чейин 1200 доллар менен жабылат. 2015-2016-жылдары кийинки туруксуздук орун алып, баа бирде ылдыйлап, бирде өйдөлөп олтурат. 2017-жылы нарк 7 миң долларга чейин чыгып, дагы олку-солку болгон.

2018-жылы бир биткоин 20 миң долларга чейин жогорулап, бирок эки жыл аралыгында 10 миң долларга түшкөн. Ортодо 3-4 миң доллардын тегерегинде кармалып турган. 2020-жылдын башында анын орточо наркы 7 миң доллардын тегерегинде болсо, 2021-жылдын башында ал 33-35 миң долларга чейин жеткен.

Биткоиндин 2015-жылдан 2022-жылдын ушул мезгилине чейинки баасы. Google Finance сервисинин динамикасы.
Биткоиндин 2015-жылдан 2022-жылдын ушул мезгилине чейинки баасы. Google Finance сервисинин динамикасы.

Ошентип, былтыркы жылы 50 миң долларга, кийин 65 миң, дээрлик 70 миң долларга чейин чыгып барып, кайра ылдыйлаган. Быйыл жыл башында биржаларда бир биткоин 45-47 миң доллар турса, жазга чукулдап дагы ылдыйлай баштаган. Июнь айларында баа 20 миң долларга чейин түшкөн.

Ноябрда бир биткоин 15 миң долларга чейин түшүп, учурда 16-17 миң доллардын тегерегинде бааланууда. Башкача айтканда ал, туура бир жыл мурункуга караганда төрт эсеге арзандады. Айрымдар анын наркы 10 миң долларга чейин, кырдаалга жараша андан да арзандап кетиши мүмкүндүгүн болжоп жатышат. Бирок криптовалютанын тарапкерлери бул убактылуу төмөндөө экенин айтып, ал кайрадан көтөрүлөрүнө ишенишет.

Санариптик акчанын популярдуу болушуна эмне себеп?

Криптовалюта бул – Интернетте гана жүгүртүлгөн санариптик акча. Ал жөн гана шифрленген коддордун жыйындысы. Же тиешелүү компьютердик программалар аркылуу эсептелип, иштелип чыккан сандардын топтому.

Биринчиден, криптовалютаны жүгүртүүдө борборлоштурулган башкаруу жок. Криптовалютанын ар бир түрү электрондук капчыктардын биринен экинчисине которууда көз карандысыз болуп саналат. Монеталар эч бир банктык системага жана мамлекеттик валюталарга байланган эмес. Ошол эле маалда алтын менен камсыздалган да эмес, анын курсу колдонуучулардын ишениминен гана көз каранды.

Экинчиден, улуттук валюталарды өлкөлөрдүн Борбордук банктары чыгарса, криптовалютаны мүмкүнчүлүгү бар ар бир тарап чыгара алат. Кадимки кендерди казып алуу сыяктуу эле криптовалюта өндүрүү да майнинг деп аталат. Аны жүргүзгөн ишкерлер “майнерлер”, ишканалар “майнинг-ферма” деген атка конгон. Майнерлерге компьютердик жабдуулар, үзгүлтүксүз электр энергиясы жана интернет гана керек. Алар дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун биткоинди деле, ага альтернатива болгон башка альткоиндерди деле өндүрө алат.

Криптовалютанын ар кайсы түрлөрүн чагылдырган логотиптер.
Криптовалютанын ар кайсы түрлөрүн чагылдырган логотиптер.

Үчүнчүдөн, криптовалютанын ички системасында транзакциялар толук анонимдүү болуп саналат. Бир колдонуучу экинчи колдонуучунун электрондук капчыгынын дарегинен башка эч нерсесин биле албайт. Мындан сырткары которулган валюта кайра артка кайтарылбайт. Электрондук акчанын бул касиеттери ага катардагы эле адамдарды эмес, шылуундарды да кызыктырат. Ошол себептүү акча которууда даректерди так билүү кажет.

Төртүнчүдөн, криптовалютада азыр тандоо көбөйүп калган. Алгачкы жылдары биткоин гана негизги орунда болсо, учурда рынокто санариптик акчанын бир жарым миңдей түрү бар. Каалоочулар анын айрымдарын төлөм каражаты катары пайдаланса, кээлеринен киреше табуу үчүн инвестиция салышат.​

Бешинчиден, криптовалютаны которуу кадимки акчага караганда оңой, ыңгайлуу жана комиссиясы төмөн. Колдонуучу кайсы өлкөдө болбосун электрондук капчыгы аркылуу санариптик тыйындарын тоскоолдуксуз башкаларга которо алат. Биржалар анүчүн аз гана акы алат.

Так мына ушул нерселер кезинде криптовалютанын популярдуулугуна себеп болгон. Мындан сырткары ондогон өлкөлөрдө аны жүгүртүүгө уруксат берилгени, атайын биржалардын ачылышы, ири компаниялардын бул тармакка инвестиция салышы жана башка нерселер анын баасынын кымбатташына түрткү берген. Кайсы бир мамлекеттер ага тыюу салат деген кабарлардан болсо анын баасын кайра төмөндөп турган.

Соңку жылдары эмнеге көтөрүлдү?

Эгер соңку жылдарды эле алсак, 2020-жылы биткоиндин баасы коронавирус пандемиясы башталган убакта кескин түшүп кеткен. Бул алгач чек аралардын жабылышы, бир катар экономикалык чектөөлөр жана башка нерселер менен байланыштырылган. Бирок уланып жаткан экономикалык кризиске карабай жыл ортологондо электрондук акча кайрадан бааланып, нарк көтөрүлгөн.

Жыл соңунда Британиялык Ruffer инвестициялык фонду биткоин сатып алганын жарыялаганда, баа дагы секирет. Компания кийин салган инвестициясынын бир бөлүгүн кайра чыгарып кетет. Америкалык PayPal ири төлөм системасы өз платформасында криптовалюта менен акы төлөөгө уруксат бергени да ушундай эле натыйжа берет.

2021-жылы баалардын олку-солку болушуна бир катар компаниялардын жана банктардын билдирүүлөрү таасир этти. Анын ичинде миллиардер Илон Маск ээлик кылган Tesla компаниясы 1,5 млрд. долларга биткоин сатып алганын жарыялаганда баа кескин көтөрүлгөн. Компания кайра мындан баш тартканын билдиргенде, криптовалюталардын наркы кайра төмөндөгөн.

Биткоиндин акыркы эки жылдагы баасы. Yahoo Finance сервисинин динамикасы.
Биткоиндин акыркы эки жылдагы баасы. Yahoo Finance сервисинин динамикасы.

Санариптик акчанын наркына былтыр мындан сырткары Кытайдын бийлигинин чектөөлөрү да таасир эткен. Бул өлкөнүн бийлиги алгач “криптовалюта өлкөнүн финансылык системасынын туруктуулугуна коркунуч жаратарын” маалымдап, банктарга жана төлөм системаларына криптовалюта менен кызмат көрсөтүүгө тыюу салган. Бээжин кийин майнингге тыюу салган. Натыйжада майнерлер Кытайдан башка жакка массалык түрдө чыгып кетип, биткоиндин баасы түшүп кеткен.

Борбордук Америкадагы Сальвадор мамлекети былтыр криптовалютаны мыйзамдуу төлөм каражаты катары расмий киргизгени да курска таасирин тийгизген. Биткоинди дүйнөдө биринчи жолу мамлекеттик деңгээлде колдогон бул окуядан кийин баа өсүп, бирок мыйзам кабыл алынгандан кийин ал кайра төмөндөгөн.

2021-жылы мындан сырткары АКШнын Баалуу кагаздар жана биржалар боюнча комиссиясы (SEC) биринчи жолу салттуу биржаларда да криптовалютаны чыгарууга уруксат берген. Бул да баалардын динамикасына себеп болгон.

Быйыл баа эмне үчүн түштү?

2022-жылдын башында баа биринчи жолу Казакстандагы каршылыктарга байланыштуу ылдый кулады. Анткени Кытайдан качкан майнерлер ушул өлкөгө көчүп чыгып, биткоин жана башка криптовалюталарды өндүрүүдө казак мамлекети дүйнөдө экинчи орунга чыгып калган болчу.

Адистер мындан сырткары быйыл биткоиндин төмөндөшүнө АКШнын Федералдык резервдик комиссиясынын отуруму таасир эткенин белгилешет. Америкалык финансылык регулятор үстөк пайыздарды жогорулатуу жана өлкөнүн улуттук балансын кыскартууну пландаган. Январь айынын аяктарында АКШ акча-монетардык саясатын катаалдатарын жарыяланган соң фондулук рынок бир топ өйдө-төмөн болуп, анын натыйжасында биткоин дагы арзандаган.

Орусиянын Борбордук банкы жыл башында криптовалютаны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө тыюу салууну демилгелеген. Кийин өлкөнүн Финансы министрлиги санариптик акчаны жөнгө салуу үчүн бир аз жеңилирээк концепция сунуштаган. Москва толук тыюу киргизген жок, бирок бул тууралуу жаңылыктардын өзү курска таасир этти.

Украинадагы Орусия баштаган согуш жана анын натыйжасындагы дүйнөлүк кризистер да баанын өйдө-төмөн болушунда роль ойноп жатты. Экономикалык кризистер, инфляция, эсептик чендердин көтөрүлүшү жана башка нерселер да себептердин бири болду.

Жай айларда криптовалюта менен иштеген америкалык Celsius Network компаниясы банкрот болуп калган. Ал биткоин жана башка бирдиктерге ээлик кылган инвесторлордун активин кармап, аны насыя катары берчү. Бул дүйнөдө криптовалюта тармагында иш алып барган ири компаниялардын бири болчу.

Мындан сырткары ушул жаатта иш алып барган Coinbase Global Inc, Gemini жана Blockfi аттуу компаниялардан да инвесторлор активин чыгарып, андагы миңдеген кызматкерлер иштен бошотулганы белгилүү болгон. Куду ушул окуялардын фонундагы дүрбөлөң биткоиндин баасын 20 миң доллардын тегерегине түшүрдү. BBC радиосунун орус кызматы бул окуяларды жайда эле “криптовалютанын толук кулашы” деп атаган.

Биткоиндин жыл башынан берки баасы. Жашыл сызык анын суммасын билдирет. Binance биржасынын динамикасы.
Биткоиндин жыл башынан берки баасы. Жашыл сызык анын суммасын билдирет. Binance биржасынын динамикасы.

Сентябрда кырдаал ушунун тегерегинде келатып, ноябрдын башында баа 16-17 миң долларга төмөндөп кетти. Буга кайрадан эле аталган рыноктогу негизги оюнчулардын бири – FTX биржасынын кризиске кабылганы себеп болду. Ал жана ага байланышкан 130 компания өздөрүн банкрот деп жарыялоо үчүн АКШнын тиешелүү органдарына арыз берди.

Reuters басылмасы жазгандай, FTX компаниясынын негиздөөчүсү Сэм Бэнкман-Фрид буга чейин криптовалюта дүйнөсүнүнүн жылдызы деп эсептелген. Forbes журналы анын байлыгын 15-17 миллиард доллар деп баалачу.

Бирок ноябрдын алгачкы апталарында Бэнкман-Фриддин FTX жана башка компанияларында каржылык көйгөйлөр башталганы тууралуу кабар тараган. The Wall Street Journal иликтөөлөрүндө келтиргендей, биржа кардарлар салган акчадан 10 миллиард долларды өзүнүн башка компанияларына чыгарып кеткен. Бул биржадагы жалпы сумманын теңин түзгөн.

Мунун фонунда аталган биржанын кардарлары өз эсебиндеги каражаттарын чыгарып кете башташкан. Натыйжада криптовалюталардын бардык түрлөрүнүн баалары төмөндөп кетти.

FTX криптовалюта тармагындагы Binance биржасынан кийинки эле экинчи орундагы соода аянтчасы болчу. Биринчи аталган компания кризиске кептелген соң экинчи компания аны сатып аларын билдирип, бирок кайра андан баш тартып койгон.

Сэм Бэнкман-Фрид учурда FTX компаниясынын жетекчилигинен кетип, бирок аны сатуу үчүн башка инвесторлорду издеп жатат. Бирок АКШнын тиешелүү органдары компаниянын өзүндө иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Кантсе да, иш жүзүндө биткоин бир жылда 60-70% күчүн жоготту. Бул окуяларды Forbes журналы “крипто рыноктогу жер силкинүү” деп атаса, Bloomberg басылмасы Bank of America мекемесинин изилдөөлөрүнө таянуу менен муну “финансылык тарыхтагы активдердин бешинчи ири кыйроосу” деп баалады.

Кандай тобокелдиктер бар?

Жогоруда айтылгандай, криптовалютаны өндүргөн компания да, аны алмаштыруу менен алектенген фирма да, саткан киши да, бул санарип акча үчүн кепилдик албайт. Арзандап кетсе, кымбаттап кетсе, же таптакыр эч нерсеге жарабай калса, аны алган киши өзүнө-өзү жоопкер. Анткени төлөм системасына эч ким кожоюндук кылбайт.

Мына ушундан улам дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда деле колго кармалбаган интернеттеги акчадан кооптонгондор көп. Ал тургай адистер арасында да криптовалютанын жүгүртүлүшүн сынга алгандар бар. Айрымдар аны “финансылык пирамидалар” менен салыштырып, кээси виртуалдык акчаны “экономикалык көбүк” (“экономический пузырь”) деп атаган. Алар криптовалютанын учурда кескин арзандап кетишин, “көбүк жарылды” деп сүрөттөп жатышат.

Бирок санариптик акчанын тарапкерлери мындай айыптоолорду четке кагып, бул келечектин валютасы экенин айтышат. Алар криптовалюталар иштелип чыккан коддорду эч ким буза албай турганын жана ал толук коопсуз экенин билдирип келишет.

Түркиядагы биткоин саткан биржалардын бири.
Түркиядагы биткоин саткан биржалардын бири.

Ошентсе да, бир нече тобокелдиктер бар. Алардын айрымдары криптовалютанын системасындагы алешемдиктерге байланыштуу болсо, кээлери колдонуучулардын өзүнүн сабатсыздыгына байланыштуу.

Биринчиден, криптовалюта Интернетте болгондон кийин анын өзүнүн коопсуздугу дайым опурталдуу болуп турат. Эгер биржаларга чабуул болсо, же кандайдыр бир катачылыктар кетсе, анда платформада жайгашкан санариптик акчалар күйүп кетиши ыктымал. Маселен, 2014-жылы биткоиндердин 80% соодаланган MT Gox онлайн аянтчасына хакерлер чабуул жасап, 477 миллион долларлык криптовалюта уурдалган. Биржа өзү банкрот болгон.

Экинчиден, биржанын ичиндеги электрондук капчыгыңызды бузуп, паролдорун уурдап кетишсе, анда да криптовалюталарыңыз менен кош айтышасыз. 2016-жылы Bitfinex аттуу криптовалюталык биржадагы жеке эсептерден 72 миллион долларлык биткоиндерди уурдап кетишкени буга мисал. Эгер капчыгыңыздын паролдорун унутуп калсаңыз да ушул сыяктуу болот. Миллиондогон долларлык биткоиндериңиз болсо да алар капчыкта жата берет.

Үчүнчүдөн, жогоруда айтылгандай, криптовалютаны кайсы бир мамлекет чыгарбайт. Ошол себептүү ал эч нерсе менен корголгон эмес. Маселен, кадимки улуттук валюталар алтын менен камсыздалса, криптовалюта жөн гана Интернетте жайгашкан код. Албетте, айрым мамлекеттер аны жүгүртүүгө байланыштуу мыйзам киргизип жатышат, бирок баары бир сиздин электрондук акчаңызга эч бир тарап кепилдик албайт.

Төртүнчүдөн, криптовалютаны жүгүртүүдө тынымсыз олку-солку абал болуп турат. Сөз жок, кайсы бир суммага биткоин сатып алсаңыз, ал кайсы бир мөөнөттө кескин кымбаттап, кирешелүү да болуп калышыңыз мүмкүн. Бирок ошол эле маалда анын баасы нөлгө түшүп, сатылбай калышы да ыктымал. Буга реалдуу нерселер да, болбосо спекуляциялык нерселер да себеп болот.

Бешинчиден, криптовалюта деп аталган нерселердин ичинде жасалмалары көп. Анын негизги түрлөрү компьютердик программалар, блокчейн системасынын ичинде, шифрленген, корголгон абалда чыгарылган. Бирок ортодогу шылуундар эч кандай корголбогон, же жөнөкөй эле бир программалар менен код жасап, аны криптовалюта деп атап, алдап сата бериши да ыктымал. Учурда Кыргызстанда айрымдар криптовалютага тиешеси жок нерсени криптовалюта деп сатып жатышканын бир нече программисттер айтып чыгышты. Маселен, ошол эле тивкоин, токкоин, гивкоин деп аталып, сатылып жаткандар криптовалюталардын эл аралык биржаларында жок.

Мына ушул себептүү криптовалютаны бардык тараптар тааный элек. Ал тургай аны өндүрүүдө алдыңкы орунга чыккан Кытай дагы санариптик акчанын бул түрүн өндүрүүгө жана жүгүртүүгө тыюу салган. Албетте, айрым өлкөлөрдө ага уруксат берилип, ал төлөм каражаты катары пайдаланылып жатат, бирок массалык түрдө эмес.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG