Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:02

Коронавирус бир айда 70тен ашуун өмүрдү алды


Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, 1-2-3-октябрда COVID-19 инфекциясынан көз жумган учур катталган жок. 4-октябрда Чүй облусунда бир бейтап каза болгон.

Сентябрда Кыргызстан боюнча коронавирустан күнүнө беш же төрт киши көз жумган учурлар катталды. 3-4-сентябрда күнүнө беш киши каза болгон. Баш-аягы 70тен ашуун адам каза таап, 2700дөн ашык кишиден илдет табылып, 3400дөн көп бейтап айыкты.

4-октябрга карата Кыргызстанда коронавируска каршы эмделген адамдардын жалпы саны 1 млн. 468 миң 652 адамды түздү. Анын ичинен 836 541 адам вакцинанын 1-дозасын, ал эми 632 111 киши эки дозасын тең алды.

2019-жылдын аягында пайда болгон коронавирус дүйнө жүзүндө 5 миллионго чукул адамдын өмүрүн алды. Окумуштуулар COVID-19 вирусунан көз жумгандардын чыныгы саны алда канча көп экенин айтышууда.

COVID-19 инфекциясы жуккандардын аймактардагы статистикасы

Сентябрь айында жалпы республика боюнча вирус 2700дөн ашык кишиге жугуп, 3429 бейтап сакайган, 79 киши каза болгон.

Бишкек шаарында коронавирус жуккандар (1371 киши) жана андан каза болгондор (41 киши) көп катталды.

Ош шаарында сентябрда коронавирустан бир дагы бейтап каза болгон эмес, оору 20 кишиден табылган.

Чүй облусунда бир айда 21 киши өмүрү менен кош айтышкан. Каза болгондордун саны боюнча Бишкек шаарынан кийин экинчи орунда.

Жалал-Абадда сентябрь айында коронавирус эки кишинин өмүрүн алды. 128 кишинде вирус табылган.

Нарында үч бейтап каза болуп, 85 кишиге оору жуккан.

Ош облусунда сентябрда бейтаптардын өлүмү катталган эмес. Бир айда 40 кишиге оору жуккан.

Таласта 73 кишиге оору жугуп, 122 киши сакайган. Илдет 2 адамдын өмүрүн алган.

Коронавирустан каза болгондор, жугузгандар гана айыккандар боюнча Ысык-Көл облусу жалпы республика боюнча үчүнчү орунда.

Баткенде бир айда 3 киши каза болуп, 85 кишиге коронавирус жукканы ырасталган. Ошол эле учурда 167 бейтап сакайып чыккан.

Сентябрда COVID-19га байланыштуу дүйнөдө жана Кыргызстанда болгон окуялар

  • 6-7-сентябрь: Казакстан COVID-19га каршы эмдөөдөн өтпөгөн жарандар жумушка киргизилбейт деген эреже кабыл алды. 7-сентябрда Чымкент менен Актөбөдө балдарды коронавирустан тегиз эмдөөгө каршы болгондор акцияга чыгышты.
  • 7-сентябрь: Кубада дүйнөдө биринчи болуп, балдарды эки жаштан тарта эмдөө башталды. Бул үчүн жергиликтүү өңдүрүштөн чыккан Abdala жана Soberana препараттары колдонулат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эки вакцинаны тең расмий каттай элек.
  • 8-сентябрь: Дүйнөлүк cаламаттык сактоо уюму экономикасы өнүккөн өлкөлөрдү өз жарандарын коронавируска каршы үчүнчү жолу эмдөөнү убактылуу токтотуп, жарды өлкөлөргө вакцинадан көмөктөшүүгө чакырды.
  • 9-сентябрь: Түркиядан Кыргызстанга 150 миң доза Sinovac вакцинасы гуманитардык жардам катары келди. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Sinovac менен 18 жаштан жогорку курактагы бардык жарандар эмделсе болорун маалымдады.
  • 13-сентябрь: Кытайдын Шинжаң-уйгур автоном району Кыргызстанга коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн коргонуу каражаттарынан турган гуманитардык жардамын жөнөттү.
  • 15-сентябрдан тарта өлкөдөгү бардык окуу жайлар, мектептер кадимки тартипте иштей баштады. Билим берүү тармагында иштеген мугалим жана башка кызматкерлердин 70% эмделгени кабарланууда.
  • Бул күндөрү Францияда медицина кызматкерлерин коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө милдеттендирген мыйзам күчүнө кирди. Ал эми Италия мамлекеттик жана жеке мекемелердин кызматкерлерге жумушка келгенде коронавируска байланыштуу ден соолугунун абалы жөнүндө документти милдеттүү түрдө көрсөтүүнү милдеттендирди.
  • 21-сентябрь: Индия октябрдан тарта коронавирука каршы вакцинанын экспортун жандантат. Апрелде өлкөнүн өзүндө COVID-19 илдетинин учурлары көбөйгөндө бул жараян токтоп калган эле.
  • Бул күнү БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн АКШ президенти Жо Байден анын өлкөсү башка мамлекетке колдонулган 160 миллион доза вакцинаны каржылоого 15 миллиард доллар жумшаганын билдирген.
  • 22-сентябрь: Түркмөнстандын жарандык коому Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна кайрылып, бийликти өлкөдө COVID-19 эпидемиясы бар деп моюнга алдырууну өтүндү. Алар COVID-19 тууралуу маалымат таратууга тыюу салынгандыктан, калың эл вирустун коркунучунан кабарсыз калганын баса белгилешти.
  • 23-сентябрь: АКШнын Азык-түлүк жана дары-дармек агенттиги айрым адамдарга COVID-19 илдетине каршы Pfizer-BioNTech вакцинасынын үчүнчү дозасын (бустер) колдонууга уруксат берди. Препарат 65 жаштан улуу адамдарга, саламаттыгы начар жаштарга, жумушуна байланыштуу коронавируска чалдыгуу коркунучу жогору болгон кызматкерлерге (дарыгерлер, мугалимдер) сайылмакчы.
  • 25-сентябрда Батыш Казакстан облусунда 27 мектеп карантинге жабылды.
  • 28-сентябрь: АКШнын президенти Жо Байден COVID-19 вирусуна каршы вакцинанын үчүнчү дозасын алды. Ал америкалыктарды эмдөөгө активдүү катышууга үндөдү. 78 жаштагы АКШ лидери коронавируска каршы 2020-жылдын 21-декабрында биринчи доза менен эмделип, быйыл 11-январда экинчи дозасын алган.
  • 28-сентябрда Бишкектин бир нече районундагы айрым мектептердеги класстар COVID-19 вирусунан улам карантинге жабылды. Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы жалпы он мектепте жыйырмага чукул класс карантинге жабылганын маалымдады.
  • 28-cентябрда YouTube орусиялык RT (Russia Today) медиа мекемесине таандык немис тилдүү эки каналды өчүргөнү белгилүү болду. Компаниянын расмий маалыматында эки канал COVID-19 жана вакциналар тууралуу туура эмес маалымат таратып келгени белгиленген. RT каналынын башкы редактору Маргарита Симонян YouTube платформасынын мындай чечимин сынга алган.
  • 30-сентябрь: Өзбекстанда өспүрүмдөргө 12 жаштан тарта өз эрки менен Pfizer вакцинасын сайдырууга уруксат берилди. 13-сентябрда Өзбекстанга 1 миллион 200 миң доза Pfizer/BioNTech компаниясынын вакцинасы келип түшкөн. Бул күнү Google компаниясына караштуу YouTube видеохостинги вакцина тууралуу негизсиз маалымат тараткандарга чектөөнү күчөтөрүн жарыялады. Дүйнөдөгү эң чоң видеохостингдеринин бири мындай чечимин бир топ мамлекеттерде коронавирустун вакцинасы тууралуу жалган кабарлар тарап, эмдөө жараянын жайлатып жаткан учурда кабыл алды.

XS
SM
MD
LG