Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:09

Вашингтон-Пхеньян тирешин дипломатия жеңеби?


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жана АКШнын президенти Доналд Трамп.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жана АКШнын президенти Доналд Трамп.

Кошмо Штаттардын жогорку даражадагы аскерий жетекчилери Вашингтон менен Пхеньяндын ортосунда соңку жумаларда күч алган кризисти чечүү мүмкүн экенин белгилешкени менен, согуш чыгып кетүү коркунчу бардыгын да четке кагышкан жок.

АКШ президенти Дональд Трамптын коопсуздук боюнча кеңешчиси, генерал Герберт МакМастер ABC телеканалына курган маегинде кризисти жайгаруу үчүн Вашингтон "максаттуу дипломатиялык аракеттерин улантып жатканын" баса белгиледи.

"Биз бир жума мурункуга караганда согуштан алыстадык, бирок 10 жылга салыштырмалуу жакындадык" - деген МакМастер согуш коркунучу жаралып жатканын жашырган жок.

Трамптын коопсуздук боюнча кеңешчиси Герберт МакМастер.
Трамптын коопсуздук боюнча кеңешчиси Герберт МакМастер.

АКШ президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын ортосундагы тирешүү Пхеньян Улуттар Уюмунун резолюциясын аткарабай, континенттер аралык баллистикалык ракеталарын сыноону уланткан соң күчөдү. Ал эми өткөн аптада Пхеньян баллистикалык ракеталарга орнотула турган өтө кичинекей өзөктүк дүрмөт чыгарганы тууралуу Washington Post басылмасында жарык көргөн макала Трамптын ачуусун келтирип, ал Түндүк Кореяга катуу эскертүү жасап, "көргүлүктү көрсөтөрүн" айткан.

Трамптын бул сөздөрүнө жооп кылып, Пхеньян Америкага караштуу Гуам аралына ракеталык сокку уруу планын караштырып жатканын билдирген. Тынч океандын батыш жээгинде жайгашкан бул аралда америкалык аскерий базалар бар.

11-августта Трамп өзүнүн Твиттердеги баракчасына “АКШнын аскерлери даярдыкта экенин” жазган.

Ошол эле күнү Нью-Жерсидеги өзүнүн гольф талаасындагы журналисттер менен болгон жолугушуусунда эскертүүсүн дагы бир ирет кайталады:

- Эгер Түндүк Кореянын лидери Гуамга, же Американын аймагына, же Американын союздаштарынын аймагына коркунуч жарата турган болсо, ал өтө өкүнүп калышы мүмкүн.

Кошмо Штаттардын Борбордук Чалгын кызматынын башчысы Майк Помпео Трамптын бул сөздөрүн колдоп, Түндүк Корея АКШнын "сабыры түгөнгөнүн" түшүнүшү керектигин айтты.

- Кошмо Штаттар Түндүк Кореянын Ким Чен Ындай шылуун лидеринин колунда Америкага чейин жете алган жана дүйнөгө коркунуч жарата турган өзөктүк дүрмөтү бар ракетанын бар болушун кабыл албайт. Муну Американын президенти Дональд Трамп так жана анык айтты жана ал мындай болушуна жол бербейт.

Борбордук чалгын кызматынын башчысы Майк Помпео.
Борбордук чалгын кызматынын башчысы Майк Помпео.

​АКШнын коргоо министри Жейм Мэттис болсо өткөн аптада жасаган билдирүүсүндө Түндүк Корея режимдин түбүнө жетчү кадамдардан жана өзөктүк куралдан баш тартышы керектигин айтып, Вашингтон эки мамлекет ортосунда жаралган кризисти дипломатиялык жол аркылуу чечүү үчүн аракеттерин көрүп жатышканын кошумчалады. Ал эми Пхеньяндын коңшусу жана АКШнын союздашы Түштүк Кореянын лидери Мун Чже Ин 14-августта жасаган билдирүүсүндө курчуп бараткан жаңжал тынчтык жолу менен чечилишти керектигин билдирди.

- Корей жарым аралында мындан ары согуш болбошу керек. Кандай гана оош-кыйыштар болбосун Түндүк Кореянын өзөктүк куралы боюнча маселе тынчтык жол менен чечилиши зарыл. Кошмо Штаттар бул кырдаалга кызуу кандуулукка алдырбай, жоопкерчиликтүү карайт деген ишеничтемин.

Мурдараак АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Түндүк Корея тараптан эч кандай коркунуч көрбөгөнүн, анын ичинде Гуамдын аймагына да коркунуч туулбастыгын жана америкалыктардын арасында соңку күндөрдөгү эки мамлекет ортосундагы пикир келишпестик боюнча кооптонуу болбошу керектигин белгилеген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG