Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:21

Конституциянын сакталышын депутаттык комиссия иликтейт


Кыргыз Республикасынын Конституциясы.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы.

Жогорку Кеңеште Кыргызстанда Конституциянын, адам укуктарынын сакталышын иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Быйыл оппозициялык саясатчылар жапырт камалып, Кыргызстандан журналист биринчи жолу күч менен чет өлкөгө чыгарылды.

Акыйкатчы институту cөз болуп жаткан мыйзамга да, эл аралык стандарттарга да каршы келерин билдирүүдө. Бийлик болсо сөз эркиндиги бар экенин, камакта жаткандар башаламандык уюштурууга аракет көргөнүн кайталап жатат.

Комиссия түзүүгө түрткөн окуялар

29-декабрда парламентте Конституциянын, конституциялык мыйзамдардын жана адам укуктарынын сакталышын иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, ага жети депутат кирди. Өткөн аптада “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Кыргызстанда мыйзамдар иштебей жатканын айтып, депутаттык комиссия түзүү сунушун берген.

“Мыйзамдуулукту, Конституцияны тебелеп-тепсеп, өз билгенибиздей жашап аткан бейбаш үй-бүлөгө айландык. Ата-энеси таштап бир жакка кетип калган эле үй-бүлөбүз. Мыйзам да, Конституция да иштебейт. Эмне деген өлкө болдук? Түшүнүк, коркунуч менен жашап калдык”.

Адахан Мадумаров парламентте депутаттар басымга кабылып жатканын, Кемпир-Абад иши боюнча 30га жакын киши негизсиз кармалганын билдирип, бул резонанс жараткан окуяларга Жогорку Кеңеш реакция кылбай жатканын сындаган.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова бийлик быйыл оппозицияга, альтернативдүү ой айткандарга каршы камоо, куугунтуктоо ыкмаларын өтө көп колдонгонун белгилеп, буга бир нече мисал келтирди:

"Тынч чогулуштарга болгон укук тепселди. Эч кандай негизи жок жапырт камоолор болуп, укук коргоо органдары мыйзамга, эл аралык стандарттарга шайкеш иштей албай турганын көсөттү. Аялын, жаш-карысын, мыйзам бузганын деле, бузбаганын деле камап, эски ыкманы колдонуу менен адам укуктарын бузушту. Кош стандарттуулук да болууда. Журналисттер, балдар, активисттер, акчасы жоктор абакта отурат. Олигархтардын, кылмыштуу топторго, саясатчыларга байланышы барлар жоопкерчиликтен кутулуп кетүүдө".

Быйылкы жыл Кыргызстанда сөз эркиндигин сынаган жыл болду. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттыктын" сайтын бөгөттөдү, иликтөөчү журналист Болот Темиров “Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алган” деген айып менен өлкөдөн күч менен чыгарылды. Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын арасында эркин журналисттер Айданбек Акматов, Эрлан Бекчоро уулу бар.

Президент Садыр Жапаров 29-декабрда мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу иш-чарасында Кемпир-Абад боюнча буларга токтолду:

“Кечээ жакында кошуна Өзбекстан менен чек ара маселесине толук чекит койдук. Ошол маселеде Кемпир-Абад тилкесин шылтоо кылып, жеке кызыкчылыктарын ишке ашырууга аракет кылган топтор пайда болду. Бирок алардын түпкү максаты ишке ашкан жок, себеби эл маселе кандай чечилгенин толук түшүнүп турду”.

Бийлик Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин кайталап, адам укуктарынын, мыйзамдардын сакталышы боюнча сын-дооматты четке кагып келатат.

Комиссиялардын иши эмнеге аксап жатат?

Эми Жогорку Кеңеште түзүлгөн комиссиянын ишинен жыйынтык чыгабы деген суроо турат. Бул маселе парламенттин өткөн VI чакырылышында түзүлүп, бирок ишин аяктабай калган эки комиссияны жоюу маселеси каралганда айтылды.

Жыйында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге тиешеси бар делген жер тилкеси боюнча Жогорку Кеңеште түзүлгөн комиссиянын чогулткан материалдарынын баары 2020-жылдагы Октябрь окуясында жоголуп болуп кеткени белгилүү болду. Эки жыл мурдагы башаламандыкта парламенттин имараты талкаланган.

Азыр иштеп жаткан чакырылышта беш депутаттык комиссия түзүлүп, анын ичинен Бишкектеги таштанды полигонуна алынган насыяны иликтеген комиссия гана отчёт берди. "Кумтөр Голд" ишканасы боюнча комиссия ушул күнгө чейин төрагасын шайлай албай атат.

“Жогорку Кеңеш саясий импотент болбошу керек. Кандай гана комиссия түзүлбөсүн курамы жакшы болуп, логикалык жыйынтык чыгарганга дарамети жетиши зарыл. Мыйзам, регламент боюнча комиссия белгилүү бир мөөнөткө түзүлөт. Ал ишинин жыйынтыгын чыгарат же комиссия өзү тарайт”, - деди депутат Медер Алиев.

Парламентте көп учурда коомдо шек жараткан, коррупциялык иштер боюнча комиссия түзүлүп келет. Алар укуктук болбосо да саясий баа берип, укук коргоо органдары кылмыш ишин козгоого негиз болгон окуялар бар. Бирок айрым учурларда депутаттар өздөрү комиссиянын чечим чыгарышына кызыкдар болбогону сынга кабылды.

“Депутаттык комиссиялардын иштегендери иштеп эле атат. Айрымдары мүмкүн иштебей жаткандыр. Бирок, алтын боюнча комиссия барып алтынды көрүп коюш керек. Кээ бир фракциялар сессияга жалпы фракция менен келбей койгонду токтотсоңор”, - деди депутат Шайлообек Атазов.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышында Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ), Улуттук тарых музейин оңдоого алынган насыялар боюнча депутаттык комиссиялар иштеп, бир катар чиновниктер жоопко тартылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG