Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:06

Көмүр коррупциясы Монголияны козгоду


Сухэ-Батор аянтындагы нааразылык акциясы. 5-декабрь, 2022-жыл.
Сухэ-Батор аянтындагы нааразылык акциясы. 5-декабрь, 2022-жыл.

Дүйшөмбүдө Монголиянын баш калаасында миңдеген киши нааразылыгын билдирип, өкмөт үйүнө чабуул коюуга аракеттенди. Алар аткаминерлерди көмүр өнөр жайындагы коррупцияга айыптап жатат. Парламент түзүлгөн кырдаалды, бийликке коюлуп жаткан дооматтарды талкуулай турганын убада кылды. Көмүр тармагы өлкөнүн негизги киреше булагынын бири.

Улан-Батордогу толкундоолор өткөн аптада башталган. Ишембиде нааразылык билдирген топ, негизинен жаштар президенттин резиденциясын көздөй бет алганда полиция жолун торогон. Дүйшөмбүдөгү акция күч органдары менен кагылышууга алып келди.

20 градуска жеткен катуу суукка карабай, борбор шаардагы Сухэ-Батор аянтына бир нече миң киши чогулган. Айрым маалымат агенттиктери жазгандай, демонстранттар аянтка кирген жолдорду бууп салууга аракеттенип, саман балатыны өрттөп жиберишти. Алар өкмөт үйүнө чабуул койгондо, кээ бирлери имаратка кирүүгө үлгүрдү. Бирок полиция аларды тез эле кармап, кийин бошоткон.

Баш калаа бийлиги акцияны күч менен таратуу чечимин кабыл алган. Бирок ага жеткен жок. Орусиянын ТАСС агенттиги жазгандай, катышуучулар өздөрү тарап, атүгүл артынан таштандыларды жыйнап кетишти.

Демонстранттар коррупциялашкан аткаминерлерге каршы чара көрүүнү, парламентти таркатууну талап кылды. Айрымдары акцияга кошулуу үчүн аймактардан келгенин "Ассошиэйтед-пресс" агенттигинин кабарчысына айтып берген.

Нааразылыктын отуна тармактагы “Көмүр фракциясына кирген депутаттар миллиарддаган долларды кымырып алган" деген кабар май тамызганы айтылды.

Ноябрдын ортосунда Монголиянын жемкорлукка каршы күрөшкөн мекемеси 30дан ашык аткаминер, арасында көмүр казган Erdenes Tavan Tolgoi мамлекеттик компаниянын башкы директору "каражатты уурдаган" деген шек менен тергөөгө алынганын билдирген. Анда "жемкор бажычылар да бул схемага малынганын", "Кытай менен чек арадан өткөн көмүр ташыган оор автоунааны, кадимки транспорт" деп каттаганын айтышкан.

Компания көзөмөлдөгөн Erdenes Tavan Tolgoi кенинде 7,5 миллиард тонна көмүр бар. Болот өндүрүүдө колдонулган кара алтын өлкө бюджетинин негизги киреше булагын түзөт. Ишкана дооматтарга байланыштуу комментарий бере элек.

Монголиянын көмүр экспортунун 86 пайызы Кытайга жөнөтүлөт.

Демонстранттар Улан-Батордогу өкмөт үйүнө кирүүгө аракет кылышты. 5-декабрь, 2022-жыл.
Демонстранттар Улан-Батордогу өкмөт үйүнө кирүүгө аракет кылышты. 5-декабрь, 2022-жыл.

Деңизге түз чыкпаган, Орусия менен Кытай ортосунда калган Монголия демократияга жеткенден бери саясий стабилдүүлүк үчүн күрөшүп келет. Ондогон жылдарга созулган коммунисттик башкаруудан кийинки биринчи Конституциясы 1992-жылы кабыл алынган.

Монголиянын экономикасы төмөндөп кетти, Орусия Украинага согуш ачкандан бери инфляция 15,2 пайызга өскөн.

Бирок өлкөдө саясий жана экономикалык туруксуздук кыйладан бери уланып келүүдө. Азыркы президент Ухнаагийн Хурэлсух былтыр COVID-19га байланыштуу чуу чыкканда премьер-министр кызматынан кетүүгө аргасыз болгон. Бирок бир нече ай өтпөй, президенттик шайлоодо добуштардын 70 пайызын алып, мамлекет башына келди.

Бул шайлоо өлкөдө Баш мыйзам өзгөртүлгөндөн кийинки алгачкы добуш берүү болгон. Монголияда президент мындан ары бир гана жолу алты жылдык мөөнөткө шайлана алат. Ошондой эле мамлекет башчынын ыйгарым укуктары да чектелген. Мындан улам мурдагы президент Халтмаагийн Баттулга экинчи жолу өлкө лидерлигине талапкерлигин койгон жок деп айтылган эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG