Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:42

Жердин "бөлөсү" жана Айдагы парк


Кеплер–186ф планетасы.
Кеплер–186ф планетасы.

Кеплер–186ф планетасы адамзаттын Жерге окшош жайларды табуу үмүтүн арттырды. АКШнын Конгрессине Айда парк куруу боюнча талаштуу мыйзам долбоору келип түшкөнү маалым болду.

Учу-кыйырсыз аалам коюнунан 17-апрелде табылган Жерге окшош планета кызыгуу жаратты. Жерден 10 пайыздай чоң Кеплер–186ф планетасын Американын улуттук космос агенттигинин "Кеплер" телескобу тапты. Жаңы табылган планетада кадимки суу болушу ыктымал. Жерге окшош жана жашоо бар болушу мүмкүн деп болжолдонгон планеталар илимде "экзопланета" деп аталат.

Астрономдор жаңы планетада Жердегидей эле жашоо бар деген ойду айтышат. Себеби, Кеплер–186ф жашоо үчүн ыңгайлуу, өз жылдызынан анча алыс эмес аралыкта жайгашкан, орточо температурадагы планета. НАСАнын изилдөө борборунун улук илимий кызматкери Элиза Квинтана жаңы планетаны "Жердин бөлөсү" деп атаганды туура көрөт.

Жерге окшош планеталар мурда дагы табылган. Бирок алардын дээрлик бардыгы Жерден 40 пайыз чоң жана алардын эмнеден куралганы суроо жараткан. Жаңы табылган Кеплер–186ф планетасынын көлөмү белгилүү болсо дагы анын эмнеден турары, атмосфералык шарттары белгисиз. Жердей өлчөмдөгү планеталар негизи таштан турат. Чакан планеталар арасында газдан турган планеталар кезиге элек.
Жер жана Кеплер–186ф планеталары.
Жер жана Кеплер–186ф планеталары.
Жерден сырткары жана Күн системасына кирбеген планеталарда жашоо белгилерин издөө эми мындан ары дагы күчөйт. Кеплер–186ф планетасынын табылышы чоң бурулуш экенин НАСАнын Астрофизика бөлүмүнүн директору Пол Хертц белгиледи.

НАСАнын келечектеги миссиялары – Транзиттик экзопленталарды изилдөө спутниги менен "Жеймс Уэбб" космодүрбүсү – Жерге окшош жакынкы планеталарды, алардын курамын жана атмосферасын иликтеп, издөөнү улантат, – деп белгиледи Хертц.

Кеплер–186ф өз жылдызын 130 күндө бир айланат. Планетадагы жарыктын күчү Жерде күн батып жаткандагы шамдагыдай. Жаңы планетанын коңшулары Кеплер–186б өз жылдызын төрт күндө, Кеплер–186с – сегиз, Кеплер–186д – 13 жана Кеплер–186е өз жылдызын 22 күндө айланат. Демек, бул планеталар өтө ысык жана Жерден 1.5 эсе чоң.

Жаңы табылган Кеплер–186ф планетасы Жерден 500 жарык жыл алыс Ак куу топ жылдызында жайгашкан Кеплер системасынан орун алган. Кеплер системасынын жылдызы Күндөн жарым эсе кичине. Ал жылдызды беш планета айланат. Саманчынын жолу галактикасындагы жылдыздардын 70 пайызы Кеплер системасындагы жылдыздай.

"Кеплер" телескобу 2009-жылы орбитага чыгарылгандан бери астрономдор теориялык жактан 961 планетанын жана 150 миң жылдыздын бар экенин тастыктаган.
Толгон Ай, 19.10.2013.
Толгон Ай, 19.10.2013.
Айдагы Американын паркы

АКШнын Конгрессине Жердин табигый жандоочусу Айда улуттук паркты түптөө жөнүндө мыйзам долбоору келип түшкөнү маалым болду. Республикачылар Донна Эдуардс жана Эдди Бернис Жонсон былтыр иштеп чыккан долбоор "Аполло конууларынын мурасы" деп аталат. Интернетке жарыяланган акт көптөгөн талаш-тартыш жаратты.

Бир нече эл аралык келишимдерге ылайык, Жердин орбитасына, Айга жана космоско эч бир өлкө ээлик кыла албайт жана космос тынчтык максатында гана колдонулат.

Чуулгандуу мыйзам долбоорго ылайык, америкалык космонавттар конгон жайлар "азыркы жана келечек муундун пайдасы үчүн улуттук деңгээлдеги тарыхый парк" макамына тете жайга айлануусу зарыл. Андан сырткары, долбоордо "башка өлкөлөр жана коммерциялык ишканалар Айга конуу укугуна ээ болот" деп жазылган. Дүйнөнүн жана АКШнын бир нече космостук мыйзамдар боюнча таанымал адистери эч бир өлкөдө Айга ээлик кылуу укугу жок болгондуктан, америкалык эки мыйзамчынын долбоорун "акылга сыйбаган нерсе" деп баалашты.
АКШнын космонавты Эдвин Алдрин, Ай, 20.07.1969.
АКШнын космонавты Эдвин Алдрин, Ай, 20.07.1969.
​Тарыхта Айга адам баласы алты жолу учуп, Жерге ийгиликтүү кайткан. Учурда Айга туруктуу бекет орнотууга Орусия, Кытай, Индия, Жапония жана Америка аракет көрүүдө. Мисалы: Москва Айды жана анын орбитасын колонизациялоо, Айга 2030-жылдары лаборатория куруу, Айдагы минералдарды изилдөө, реголиттен суу жасоо планын ушул айдын башында жарыялаган.
Жердин "бөлөсү" жана Айдагы парк
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:55 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG